Каныкей: «АР БИР ЫРЫМДА ӨЗҮМ ЖАШАЙМ»

Келбети да, сахнадагы стили да, үнү да өзгөчө ырчы Каныкей менен маектештик. “Жашоомо ыраазымын, 35 жашымда толук кандуу аялдык бакытты сезип, өмүрдүн түркүн түстүү боёкторун көрүп, жашоого позитив менен кароону үйрөндүм” дейт ал.

«КӨЗ АЧЫП-ЖУМГУЧА 35 ЖАШКА ЧЫГЫП КАЛЫПТЫРМЫН»

– Амансыңбы, окурман жана менин ырларымды сүйүп уккан угарманым? Ырчынын бул жашоодогу миссиясы – адамдардын жан дүйнөсүнө азык болчу ырларды жаратуу. Мен миссиямды азын-оолак болсо да аткардым деп ойлойм. Ырларым менен сиздерди тарбияладым. “Носонтэ”, “Сарала”, “Кара чаң”, “Коё бергин мени, кайгы”, “Жүрөк сыздайт”, “Садагам” жана башка ырларымдан өз тагдырын көрүп, ал ырлардан сабак алган угуучуларым болду. Жүрөктөн чыккан ырлар жүрөккө жетет эмеспи, мен ырларымда жашайм. Баарында болбосо да, ар бир ырымдын 1-2 сабында мен бармын, анткени өзүмдүн жашоомду ырдагам. Эгер сиз менин ырларымды угуп эргүү, ырахат алып, андан өзүңүздү тапсаңыз, демек, мен максатыма жеттим. Өзүмө келсем, көз ачып-жумгуча 35 жашка чыгып калыптырмын. Мезгилдин зымырап учуп баратканын кара, кечээ эле түрдүү эксперимент жасагандан коркпогон обу жок кыз элем, бүгүн минтип “элди мындан ары кандай олуттуу ырлар менен тарбияласам?..” деген ойду бышырып отурам. Ооба, ар бир баскан жолум тарых, мурунку сиз билген хит ырлар Каныкейдин курч, тайманбаган, атак-даңкка чаңкаган мезгилинде жаралган. Азыр болсо ошондой эле талпынуу менен, бирок олуттуу чыгармаларды жаратууга илхам, эргүү издеп жүрөм. Учурда мен бышып жетилип, кулпурган курактамын. Өткөргөн өмүрүмдү бардык ракурстан караганда баары өзүмө жагып турган убак. Жашоонун чыныгы даамын эми сезип баштадым десем болот. Анткени жашоонун анча-мынча сыноолорун түшүнүү, кээде сүйүнүү менен кабыл алып калдым. Акылмандык адамга турмуштук тажрыйба менен келет тура.

«ЖУКА ЭРИНИМ, КИЧИНЕКЕЙ КӨЗҮМ, БААРЫ ӨЗҮМӨ ЖАГАТ»

– Чыгармачылыкта агымга каршы сүзсөм да, сулуулук боюнча дүйнөлүк стандартка төп келем деп табияттын мыйзамын бузган жокмун. Бетиме, оозума ийне сайдырып же пластикалык операция жасаткандан алыс болдум. Себеби табигый нерсенин баары сулуу. Жараткан берген келбетиме ыраазымын. Жука эриндерим, кичинекей көзүм, мурдум, айтор, өзүмө бардык мүчөм жагат. Сулуу болуш үчүн табият берген мүчөнү оңдоп-түзөп же бир мүчөңдү кестирип, тилдирип, бычак тийгизүү – жаралганыңа нааразы болуу деп түшүнөм. Мага италиялыктардын модага, сулуулукка болгон көз карашы жагат. Алар табигый картайганды билишет.

«АЛ КАРАҢГЫ КҮНДӨРДҮН АЯГЫ ЖОКТОЙ СЕЗИЛЧҮ»

– Кыргызда бекеринен “биринчи байлык – ден соолук” дебейт экен. Өзүмдүн, жакындарымдын ден соолугу үчүн оору менен күрөштүк. Ден соолук менен алышкандан кийин башка көйгөйлөр көзгө көрүнбөй калды. Ойлоп көрсөм, мурун мен болбогон маселелерди көйгөй катары көрүп капа болуп жүрө берчү экенмин. Жолдошум ооруганда стресс, депрессияга түшүп, ал караңгы күндөр эч качан бүтпөчүдөй сезилген. Өзүмдү колго алдым да, “жашоо бар, жашаш керек” дедим. Мындай учурда биринчи кезекте ойду тазартуу зарыл экен. Жакшы нерселерди гана ойлоп, күндө позитив издеп калат экенсиң. Биз, адамдар, такыр эле тиричиликтен башыбыз чыкпай баратыптыр. Күндүн чыкканын, батканын, табияттын жамгыры, кары, туманы, бардык нерседен ырахат алып жашаганды үйрөндүм.

«ЖУБАЙЛАРДЫН ЭҢ ЧОҢ СҮЙҮҮСҮ – СЫЙ»

– Бойдок кезимде атактуу болом, каржылык жактан толук көз карандысыз болом деп максат койгон элем. Атактуулукка жеттим. 25 жашымда борбордун так ортосунан батир алып, жеке унаалуу болгонго жетишип кайсы бир материалдык муктаждыктарымды чечтим. Көрсө, толук бакытты сезиш үчүн атактуулук, акча жетишсиз экен. Акылдуу адамдардын кеңеши менен жеке жашоомо, үй-бүлө курууга көңүл бөлдүм. Чыныгы бакыттын даамын үй-бүлө курганда сездим. Азыр мага мурда мен баалуулук деп эсептеген нерселердин кереги жок. Чыныгы бакыт менин кашымда, алар менин жанымда тегеренип чурулдап ойноп жүрүшөт. Жолдошум экөөбүз чогуу жашаган 8 жылда көп сыноолорду баштан өткөрдүк. Бири-бирибизди колдоп, жөлөп-таядык. Үй-бүлөлүк мамиледе эң чоң сүйүү – бул сый. Сүйүү келет, кетет, ортодо сыйдан башка эч нерсе калбайт. Жакында жолдошум экөөбүз үй сатып алдык, үйдү документтештирип өткөрүү иштери менин туулган күнүмө туш келип калды.

«БАЛАГА ЭРКИНДИК КЕРЕК, БИРОК ЧЕГИ МЕНЕН»

– Биздин үйдө балага кескин тыюу жок. Эркиндик беребиз, бирок чеги менен. Учурда көп убактым балдарым менен өтүп жаткандыктан, негизги чыгармачылыгым – балдарым. Көп нерсе эненин тарбиясынан көз каранды. Мисалы, мен балам кичинесинде “балам, айланаңда көзгө көрүнбөгөн камералар бар, алар сени байкап, көрүп турушат. Бизден жашырып момпосуй алып жесең да көрөт” дечүмүн. Бала да, кадимкидей жаман нерсе жасагандан коркор эле. Чоңойгондон кийин ага ишенбей калды, азыр “Кудай карап турат, туура эмес нерсе жасасаң таарынат” деп айтам. Бул эми Кудайды таанытуунун, анын бар экенин балага түшүндүрүүнүн бир жолу. Бир нерсеге уруксат сураса “аны атаңдан сураш керек” деп коём. Бала атасы үйдө башкы адам экенин билип чоңойгону жакшы. Атасынын пикири, ою маанилүү экенин түшүнүшү керек. Эгер менден “мурунку атак-даңкка кайтып баргың келеби?” деп сурашса, “жок” демекмин, бара албайм. Анткени азыр уйкум тынч, санаам жок, үстүмдө үйүм бар, балдарым кашымда, жолдошум жумушта, азыр эң бактылуу адаммын.


Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан