Руслан Адилбек уулу, алпаруучу: “ЖАКЫНДА ЫРДАП ЧЫГАМ”

“КТРК Музыка” телеканалынын алып баруучусу Руслан Адилбек уулун тааныштырабыз. Бишкекке ырчы болууну максат кылып келген жигит кантип алпаруучу болуп калды? Мындан аркы пландары кандай?

Туулган жери: Ош облусу, Өзгөн району, Куршаб айылы

Туулган жылы: 18-апрель, жылын жашырат, бул анын фишкасы

Билими: Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуган

Бою: 178 сантиметр

Салмагы: 60 килограмм

Хоббиси: бильярд ойноо

Учурда: алпаруучу, тамада

– Руслан, салам! Кайсы жердин кулуну болосуз?

– Саламатсыздарбы? Мен Өзгөндүн Куршаб айылында төрөлгөм. Атам Адилбек Жусупов, апам Дамира Эргешова, экөө тең ишкер. Үйдө төрт бир туугандын улуусумун. Айзада, Нурзада деген карындаштарым, Арслан деген иним бар. Мен 4-класска чейин Казакстандын Караганда шаарында окугам. Анткени ата-энем соода кылып ошол жакта жашап калдык. 5-класстан 9-класска чейин Куршабда, андан кийин Бишкек шаарындагы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окудум, аккордеончумун. “Канат Култаевдин шоу-бинес мектеби” 3 айлык курсунда да окудум. Актёрдук чеберчилик боюнча Асел Турдалиевадан, вокалдан Гүлжигит Калыковдон, бийден Максат Токтоналиевден, шоу-бизнес түшүнүгү боюнча Канат Култаевден сабак алдык. 3 айлык курстан кийин бир кечени алып баргам, ошондо ал жердегилер “сенден жакшы алпаруучу чыгат экен” деп кастингге катышып көрүүмдү сунушташты. Катышып, өтүп кеттим. Ага чейин эле тамадалык кылчумун да. Ошондуктан кастингдеги тапшырмалар оор деле болгон жок. Ошентип теледе иштеп жатканыма 5 жыл болуп калды.

– Алгачкы эфирди эстесеңиз...

– Азыр эфирге чыгасыңар дегенде улам-улам тынчтандыруучу дары ичип жаттым. Жүрөгүм аябай дүкүлдөп, толкундангам. Эфирди ата-энем, туугандарым көрүп жатышат деген ой абдан толкундантат экен. Канат байкеден, жетекчилерден сүрдөгөм. Жакында архивден көрсөм, ошол видеодон колумдун титирегени билинет экен. Арууке экөөбүз чыкканбыз да, ал дагы жаңы алпаруучу. Бир суроону баш аламан берип койгонбуз, жетекчилердин бири кулагыбыздагы микрофонго “азыр ошондо эмнени сурадыңар?” десе Арууке экөөбүз бири-бирибизди карап отуруп калганбыз. Азыр деле ар бир эфирдин, ар бир иш-чаранын алдында толкунданам. Толкунданбасаң элге эмоция тартуулай албайсың деп ойлойм.

– Шоу-бизнеске, ырчылыкка бараткан жол эмне болду ошондо?

– Эмне кылсам деп ойлонуп жатам. Тойлордо ырдаганымды социалдык тармактарга жүктөсөм “жакшы экен” деп колдогондор бар. “Ырчы болбогон сен эле калдың эле” деп жазгандар да көп. Жүрөгүм каалап жатса эмнеге ырдабашым керек? Ырчы болуш үчүн башка жумуштарымдын баарын токтотуп, катуу даярдык менен чыгышым керек. Азыр иштеп жаткан, пландап алган долбоорлорду жыйынтыктап алып бул ишке толук кандуу киришем. Алдыда ырдап чыгам, бул азыр деле менин кыялым. Ырчылык, алпаруучулуктун артында кандай чоң түйшүк бар экенин сырттагы адам билбейт. Айылда жүргөндө мен деле телевизордон алпаруучу, ырчыларды көрүп “оңой эле да” дечүмүн. Түйшүгүн жон терим менен сездим. Штаттан тышкаркы кабарчы болуп 1 жыл иштегем, айлык жок. Ачка калган күндөр болду. Досторума чалып “КТРКга бир нан менен майонез алып келип берип коёсуңбу” деген учурлар болду. Канат байке “оюңардын баары эфир болсун” деп тойлорго чыкканга да тыюу салган. Ага өкүнбөйм, Канат байке туура кылыптыр. Тойго чыгып кетсем “акча” деп жүрө бермекмин. Акча жагынан ата-энем жардам берчү, атам башында “акча таппагандан кийин ал жерде иштеп эмне кыласың?” деп жүрдү. “Бир жыл чыдап койгула, кийин көрөсүңөр” дегем. Кийин бул кесип менен өзүмдү эле эмес, ата-энемди да камсыздай аларыма көздөрү жетти, колдоп калышты.

– Ырчылыкка мурдатан эле кызыгуу барбы же кийин бирөө түрткү болдубу?

– Ырга кичинемден шыктуумун, той-топурда туугандар “Руслан ырдайт, биздин ырчыбыз бар да” дей беришчү. Мектепке бара электе эле чоң энеме концерт коюп берчү экенмин. Аны отургузуп коюп, өзүм тазиктин үстүнө чыгып алып “концертиме кош келипсиз” деп айтып, ырдап калганымды апам айтып калат. Баланын көңүлүн оорутпайын деп энем көрүүчү болсун деп курбуларын ээрчитип келчү экен. Апам аябай жакшы ырдайт. Азыр атама “сиз кызганчаак болбогондо апам, балким, азыр Эл артисти болмок” деп тамашалап калам.

Мектепте болсо, азыркы тил менен айтканда, краш болчубуз. Иш-чараларды уюштуруп, алпарчумун, ырдачумун. Бир жолу Нурлан Насиптин “Эркелетсемби” ырын жаздырып, бир концертке көк костюм кийип чыккам. Ошондон кийин баары мага көк костюм деп ат коюп алышты. “Эртең бир иш-чара бар, көк костюмуңду кийип кел, ээ?” дешчү. Атама “эмнеге көк костюм деп жатышат?” десем, “бул жакта сенден башка эч ким көк костюм кийбейт да” деп күлгөн.

– Түз эфирде ар кандай окуялар болот, сиздин тажрыйбаңызда кандай кызыктар бар?

– Ооба, эфирде көп окуялар болот. Бир ыңгайсыз учур эсиме келди. Менин ысыктан суукка же сууктан ысыкка чыкканда аллергиям бар. Бир жолу эфир башталарда аллергиям башталды. Тамагым буулуп, бетим кызарып чыкты. Эфирди үзгүлтүккө учуратпаш керек, болбосо 1-2 ай эфирден алынып каласың. Чыдаш керек болду. Коногубуз ырчы Алмаз Шаадаев болчу. Ал “кызарып баратасың го, эмне болду?” деп эфирден тийише берди. Мен тамашалап жооп узатып коём. Эптеп абалдан чыгып эфирди бүтүргөм.

– Күйөрман кыздар көп кат жазып, белек берип жатышабы?

– Көп жазышат. Түнкү саат 3-4төрдө чалгандар бар. 2 күн мурда эле 3тө бирөө чалды, алсам, сүйлөбөйт. Блоктоп койсом башка номерлер менен чалып жатты. Таңкы саат 7ге чейин чалды, 8 номер блоктодум. Белектер көп берилет, блокноттон тарта кийимге чейин беришет. Бирок мен аларды колдонбойм, себеби белек алганды жактыра бербейм.

– Көчөдөн тааныгандар көппү?

– Мен эфирге чыгып баштаган 3 айда эле таанып калышты. Дүкөнгө кирсем “баягы алпаруучу баласыңбы?” деп сурашчу. 4 айдан кийин досум Арслан Садыбакасовго “жүрү, эл көп жүргөн жерлерге барып көрбөйлүбү? Таанышат бекен, сүрөткө түшүшөт бекен көрөлү. Сени көп тааныйбы же мениби” дедим. Ал ырдап, клиптери чыгып калган болчу да. Ал макул болду. Экөөбүз ары-бери басып жүрөбүз. “Бирөө-жарым карап жатабы?” деп эки жагыма көз салып коём. Таанып, сүрөткө түшө башташты. 8 саат ошентип жүрө бергенбиз (күлүп).

– Сүйлөшкөн кызыңыз барбы?

– Бар болчу. Бирок азырынча мага бул нерсенин кереги жок экенин түшүндүм.

– Кыздарга карата табитиңиз кандай?

– Ыймандуу, жөнөкөй, назик, жашоонун ысык-суугун көрүп калган, түшүнүктүү кыздар жагат. Бою 170 сантиметрден жогору болушу керек. Менин боюм 178 сантиметр да. Менден узун болсо деле боло берет. Чачы узун болушу шарт.

– Андай кыз жолуктура элексизби?

– Азыр сүйлөшө турган кыздардын көпчүлүгү шоу-бизнес үчүн сүйлөшөт. Мен тандаган кыз шоу-бизнеске тиешеси жок болушу керек, эл алдындагы адам болбошу зарыл. Шоу-бизнести бир аз билип калдым да, ошондуктан ал жакка аралашуусун каалабайм. Түшүнүктүү үй-бүлөдөн болсо болду.

– Жакшы. Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан