КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Сыртымдан эл менен кармашып, ичимден «Күчтүү бол, ыйлаба, тың бол!» деп өзүм менен кармашып жаттым. «Ай, биздин бала айтканыңдан чыкпайт, айдаган жагыңа басат, сени окутат-чокутат, эми келген жериң укмуш кишилер, бир колуң каймакта, бир колуң балда» деп ар ким ар нерсени айтып алдап жатат. Бир убакта жеңем келип: «Кел, отурчу, отуруп сүйлөшөлү», – дейт. Жеңе болгусу келди окшойт мага. «Мени алдап алып келдиңер, силер күнөөлүүсүңөр, чакыр күйөөңдү, экөөңдү тең сотко берем!» – деп көшөгөдөн кууп чыктым. Көзү алайган жеңем кайра чыгып кетти. Жалбарган аялдардын, жалдыраган кичинекей кыздардын жанында жалгыз калдым. Мен да далай жолу көшөгөнүн ичинде жер сабап бакырып ыйлап, отурбай, башына салган жоолукту улам ыргытып ызы-чуу түшкөн келиндерди карап кө-өп жолу таң калгам. Алардын неге антип кармашкандарын анда түшүнчү эмесмин. Ал убакта келген келин ыйлап басылса, эшикте музыка чыкса, кемпирлер улам көшөгөгө кирип чачыла чачса, жаңы келген келин ордунан туруп жүгүнсө, биз конфеттерди талашып терип алсак, дүйнө түгөл эле. Менин ошол түгөл дүйнөм чачылып кетти, сөзүмдү бирине да жеткире албай: «Сиздин деле кызыңыз бар чыгар», – деп улам бирине жалдырап жаттым. Беш-алты курдай жулкулдашып сыртка чыгып, жулкулдашып ичкери кирдик. Бир батинкем бутумда, бири колумда… Колумдагысын бекем кармап алгам, ал колумдан түшүп кетсе эле ошол үйдө өзүмдү калып калчудай сездим. Ишенгеним – батинкем, колумда андан башка куралым жок... Улам жакындаганына батинкем менен тап берип коём. Алым деле калган жок, сөзүм деле калган жок. Кемпирлер да чарчады, акыры кемпирлердин бири: «Болбойт эми, бала менен сүйлөштүрүп көрөлү», – деди. «Ооба, ошентели, экөө сүйлөшсүн, жаштар чечсин», – деди башкалары аны коштоп. Бул көрүнүш да мага тааныш болчу... Көшөгө тартылган бөлмөдөн баары чыгып кетишти... Анан бала кирди. Жанагы туулган күнү болуп жаткан бала.

Кафеде отурганда байкабаптырмын деле. Бою менден бир аз эле узун, өңү сары, үстүңкү эрди менен мурдунун ортосунда нышандан калган чоң тырыгы бар бала экен. «Ушул менин күйөөм болот, ушуга ала качып келишти, ушул менен бир үйдө жашайм» деген көз менен карадымбы, билбейм, чындап коркуп кеттим. «Чын эле ушуга тийип калсам эмне кылам, кантип жашайм?» деп коркуп кеттим. «Сүйлөштүрөлү» дегени курусун. Мени алчу киши кирип эле: «Эмне отурбай жатасың?!» – деп демитти.

– Неге отурам? Мен сени тааныбасам... Отурбайм! Менин жигитим бар! – дедим. Болбосо, жигитим деле жок. Ал: «Мен сени зордуктап болсо да алып калам, кете албайсың баары бир!» – деди. Мени коркутуп кирди, кадимкидей. Ушул жерден чыйрала түштүм. «Алып калсаң алып кала бер. Мен эртең деле кетип калам, эртең алып калсаң, бүрсүгүнү кетем», – дедим. Деп оозумду жаба электе болочок күйөө мени таң калтырды. Аябай таң калтырды. Тим эле кыйкырып: «Эй, сен нарындык эмес, ташкенттик болсоң деле төркүнүңө бир жылда бир алып барып турам!» – дебедиби. Оозум аңырайып ачылып калды. 19 жаштагы акылым менен ушул сөздүн коркунучтуу экенин аңдай алдым. Алдымда Нарын каерде, Ташкент каерде экенин билбеген, төркүнүнө бир жылда бир барган аял телегейи тегиз, бактылуу болот деп ойлогон неме турду. Ага чейин кете албай калсам, ушул үйдө калып калсам эмне болот деп жүрөгүм шуулдап жаткан. Ошол сөздү угуп, өлсөм да кетем деп чечтим. Жан талаштым. «Сендей адам менен өлсөм дагы жашабайм! Сотко берем! Сени кууратам! Жок кылам!» – дедим. Какшанып, басынтып, кемсинтип туруп алдым.

Өзүм да ушундай неме мени өзүнө тең көрүп ала качып келип алганына басындым, кемсиндим. «Мага тең эмессиң», – дейм улам. Ал ызырынып мени тиктеп туруп укту да, чыгып кетти. Жөн чыккан жок, каалганы бир муштап ачты. Каалга тарс эле дей түштү. Каалганын сыртында аялдар шыкаалап аңдып турган экен, жакаларын кармап, кокуйлап жиберди. Ал аялдарга: «Жеткирип койгула!» – деди. Башка эч нерсе деген жок...

Артынан эле мен чыктым, бир батинкем бутумда, бир батинкем колумда. Эч ким жолумду тоскон жок. Жеңем экөөбүздү бир машинеге отургузуп жатып жанагы аялдардын бири: «Айланайын, менде деле кыз бар, жакшы жетип ал», – деди бетимден өөп. Ошондо ыйлап жибердим. Ага чейин ыйлабай эле тургам. Же мени коё бергенине ыйлаганым белгисиз, же ошонун баарын жашап жатканыма ыйлаганым белгисиз. «Кой, ыйлаба, жаман айткан жокпуз, жамандык жасаган жокпуз, ыйлаба», – деди дагы бирөөсү. Көрсө, оюмда, жүрөгүмдө «бир үйдүн босогосун аттап чыгып кетип баратам, каргаса кантем?» деген коркунуч айланып жаткан экен. «Каргабаңыздар, сураныч, – дедим, – Мени каргабаңыздар...» Шолоктоп ыйладым.. «Каргабайбыз, айланайын, неге каргайлы?», – деди баары чурулдап. Бирок машинеде баратып деле тынчтана албай койдум. «Баары бир каргады болуш керек, каргады да» деп ойлоно бердим. Кийин деле ошентип ойлоп жүрдүм.

Азыр таякем менен да, жеңем менен да сүйлөшпөйм. Алар деле мага келип бир ооз: «Биз ката кылдык, кечир» дешкен жок. Менин турмушка чыгышым кечеңдеген сайын ошолор биринчи табалаганын угуп жүрөм. Анан күйөө, күйөөгө тийүү, бактысыздык тууралуу сөз болсо эле ошол окуяны эстей берем. Ошондо каргап койгон го деп ойлоп, бүт бактысыздыгымды, кемтигимди ошол окуяга байлайм.

– Биздин түшүнүк боюнча, сен деле бир эрден чыккан неме турбайсыңбы?

– Ооба, эже...

ххх

– Сиңдим курбусу экөө Зайнапка куран окутту. Батирде чогуу жашагандардан сырткары акча чогултканга жардам бергендер, анан жалпы тааныштар келишти. Баары мостоюп отурду, мостоюп Зайнапты эстешти. Мостоюп арбагына багыштап куран окушту. «Асылган оору алып тынды, жеңилип калдык», – деди отургандардын бири. «Кудайдан жеңилдик», – дедим мен ичимден. Чыны деле ошол, Зайнапты Кудайдын колунан сууруп алабыз деп аракет кылдык, анан Кудайдан жеңилдик. Менин алдымда Кудай менен күрөшкөн кишилер отурду. Тиктеп отуруп сыймыктандым. Ыйлагым келди. Баарын аядым... Анан атайын ден соолук тууралуу сөз баштадым. Мен отургандардан: «Өз ден соолугуңарга кам көргүлө, өзүңөрдү карагыла, кичине бир жериңер «кылт» этсе, дароо врачка баргыла», – деп сурандым. Угары күмөн, өзүм деле ден соолугумду кыйратып караган адам эмесмин, бирок ушул сөздү көптөн бери элге, өзүмө айткым келип жүргөн. Акыры айттым... Батага эң биринчи барып, эң акыркы болуп кайттым.

– Зайнаптын арты кайырлуу болсун, эже... Биз бара албай калдык... Көп кейий бербеңиз эми...

– Менде ушундай... Силерде эмне жаңылык?

– Бизде жаңылык деле жок. Акберметтин бир классташы жолугууга чакырат. «Барбайм» десем, Акбермет «барып кел» деп мени бузуп жатат. Мен болбой жатам...

– Жанагы «гүл бергич» жигит эмеспи?

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан