КАЙСЫ АЗЫКТАР МААНАЙДЫ КӨТӨРӨТ?

Бакытты ар ким ар кандай түшүнөт. Ошентсе да чыныгы бактылуу адам мыкты маанайда болот жана өзүнөн оң энергия менен позитивди таратып турат. Туура тамактануу менен да сонун эмоцияларды чакырса болорун баары эле биле бербесе керек.

Бактылуу болууга жооптуу гормон серотонин деп аталат. Организмде анын иштелип чыгышы үчүн атайын аминокислоталар, витаминдер, углеводдор, микроэлементтер (айрыкча магний жана цинк) талап кылынат. Эгер тамак-аш рационуңузда булардын баары камтылбаса, серотонин синтезделбейт, демек, бактылуулук сезими пайда болушу күмөн. Пайдалуу заттардын идеалдуу булагы – жашылча-жемиштер.

Ачык түстүү жашылчалар, мөмө-жемиштер серотониндин синтезделишине көмөктөшүүчү заттардын көп санын камтыйт. Алар өзгөчө витаминдерге бай. Андыктан рационуңузга кызылча, цитрус жемиштерин, ашкабак, шабдалы, өрүк, калемпир, сабиз кошуңуз. Алардагы витаминдер, аминокислоталар жана микроэлементтер бакыт гормонунун иштелип чыгышына жардам берет.

Жаңгактар – бул азык бакыт гормонунун синтезделишин эле шарттабастан, нервдик чыңалууларды да азайтат. Жаңгакта моно каныкпаган май кислоталары жана Е витамини бар, ал организмге тынчтандыруучу таасир берет.

Балык, өзгөчө майлуу балык серотонин синтезин жакшыртуу жагынан эң пайдалуу азыктардын бири. Анын курамында D жана B6 витаминдери, организмге керектүү кислоталар бар.

Сапаттуу сырда витаминдер жана май кислоталары көп. Аларды табигый антидепрессанттар деп да аташат. Мындан тышкары бул сүт азыгынын курамында триптофан көп, ал стресстен арылуу жана нервдик чыңалууларды басаңдатуучу касиетке ээ. Эс алууга бир нече саат калганда кечки тамакка сыр жесеңиз, толук кандуу бекем уйкуга өбөлгө түзөт, а толук уйку ден соолуктун жана жакшы маанайдын ачкычы.

Төө буурчакта магний көп. Бул микроэлемент булчуң ткандарына эс алдыруучу таасир берет. Дене эс алып, зат алмашуу жакшырганда маанайыбыз автоматтык түрдө жакшырат.

Какао жана шоколад – эң сонун антидепрессант катары белгилүү. Булардагы триптофан жана кофеиндин таасири зор. Биринчиси чыңалууну жана стрессти кетирсе, экинчиси энергия берет.

Жумуртка – A, B, E, D витаминдеринин, организм үчүн пайдалуу май кислоталарынын булагы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан