Таалайбек Кулмендеевдин "Үй сатылат" тасмасында башкы ролду ойногон актриса Калипа Таштанова Түркияда өткөн "Коркут ата" эл аралык түрк дүйнөсү кинофестивалында "Аялдын мыкты ролу" сыйлыгына татыды. Актриса менен ушул тасма, чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу маектештик.
– Калипа айым, саламатсызбы? Сыйлыгыңыз кут болсун! Алгач эмоцияңызды билгим келип жатат, бул сыйлыкты алганыңызды укканда кандай сезим болду?
– Рахмат. Толкундандым, ишене албай турдум. Түркияга барган жокмун да, биз былтыр барып келгенбиз. Быйыл башка делегация кеткен. Ушунча актрисанын арасынан суурулуп чыгарымды билген жокмун. Бул – команданын эмгегинин үзүрү.
– Тасма тууралуу кыскача айта кетсеңиз...
– Тасмада кыргыздын кыздары өзүнө көп түйшүк артып алышат деген маселе көтөрүлгөн. Буюрса, Кыргызстанда да көрсөтүлөт. Ар бир аялзаты бул тасмадан өзүн көрө алат болуш керек. Менин каарманым үй-бүлөсүнүн келечеги үчүн чоң курмандыкка барат, ал чет жакка барып иштеп келем деп курсагындагы баласын алдырат. Жолдошунун болсо чоң суммада карызы бар болчу. Аялынын курсагындагы баланы ошол карызы үчүн берүүгө убадалашып койгон. Окуя ушул өңүттө уланат.
– Айланаңыздан ушул сыяктуу курмандыктарга барган же күчтүү болууга мажбур болгон аялзатын көп учураттыңызбы?
– Жашоодо ар кандай учур болот экен. Атам менен апамды алсак, атам кокустуктан кырсыктап төшөккө жатып калганда апам бардык жүктү моюнуна алганга туура келген. Кайраттуу, күчтүү болчу экен, белин бекем бууп, алтообузду чачыратпай өзү бакты. “Күйөөсү жок болсо алты баласын кантип багат? Бир туугандар бөлүп алсакпы” деген да сөздөр болуптур. Башка аялзаты болсо, балким, бизди балдар үйүнө берип коймок деп да ойлоп кетем кээде. Анткени кичинекей болчубуз. Мен үйдө бешинчи баламын, ал кезде 4-класста окучумун, иним биринчи класска жаңы барган. Атам анда 40 жаштарда эле болчу, 1 жылдай ооруканалап жүрүштү. Азыр ошол окуялар кино сыяктуу элестелет.
– Башкы ролго кантип тандалып калдыңыз?
– Таалай байкелер актриса таппай жүрүшүптүр, бирок убакытты өткөрбөйлү деп тасманы тарта башташат. Келбетинде жасалма эч нерсе болбошу керек деген талап бар болчу. Мени чакырып байкап көрүштү. Кийин “сизди ушул ролго туура көрүп жатабыз” деп сунушташты.
– Бул тасмага тартылууда эмне оор болду?
– Ролго сүңгүп кирүү кыйын болуп жатты, каарманды жашаш керек да. Кээде образга кирип кетип “кантип ушинтип жашап жүрөм?” деп ойлоп кеткен да учурлар болду. Кайра эсиме келип, бул мен эмес, бул кинодогу каарман да деп коём.
– Сыйлык сизге мотивация берди болуш керек...
– Мотивациядан мурун чоң жоопкерчиликти моюнуңа байлайт экен. Канча көтөрүлгөн сайын ошол деңгээлге дал келип туруш керек. Биринчи кезекте адам бойдон калгым келет. Жумушубузду колубуздан келишинче аткара беребиз.
– Аткарсам деп көксөгөн ролуңуз барбы?
– Андай көксөөм жок. Өзүмө чек койбойм. Баарына ачыкмын, иштешкенге даярмын. Көп тараптан өнүккөн жакшы да. Бир чекти коюп алсаң, ага жеткенден кийин эмне болот? Жашоо токтоп калбайт да. Ошондуктан баарына ачык болуш керек деп ойлойм.
– Буга чейинки кайсы ролуңуз менен элге көбүрөөк таасир, сабак бере алдым деп ойлойсуз?
– Аны эл айтыш керек го дейм. Өзүм сабак алган роль – “Эки баатыр” тасмасындагы баатырдын жубайынын ролу болду. Илгери аялзаты ушинтип баатырларды таптачу турбайбы дедим. Азыр биз балдарыбызга, жолдошубузга, ага-инилерибизге “арстаным, келечек сенин колуңда” деп айтпайбыз. Эмне жок болсо ошого басым жасап, “мен сага төрөп бердим” деп милдет кылып алат экенбиз. Антпешибиз керек экен. Тасмада каарманымдын жолдошу экөөнүн баласы токтобойт, боюндагы баласынын төрөлөрүнө дагы көзү жетпей коркуп турат. Ошондо да аял жолдошуна “мүмкүн, сен өмүрүңдү элиңе арнасаң, Кудайым ыраазы болуп тукуму улансын деп бала берет. Тукум улангандан башка эмне артык? Мен аман-эсен Кудайдын колдоосу менен көз жарам. Сен барып элиңдин астындагы милдетиңди аткар. Кам санаба, уулуңду сенден кем эмес, артык уул кылып тарбиялайм” деп багыт берет. Ушундай болуш керек экен деп калгам. Өзүмө ачылыш жасадым. Аял билимдүү, акыл-эстүү болсо, ошого төп келишкен жолдошу, балдары, ага-инилери болот тура. Көп нерсе аялдан көз каранды. Биз көптү талап кыла беребиз, бирок өзүбүз көп нерсе кылбайбыз. Мен деле эне болуп үйдө отуруп көрдүм. Уруш-талаш эки тараптан тең чыгат. Жөнөкөй эле мисал, үйдө жарык өчүп калса, “оңдобойсуңбу” деп кыйкырабыз. Ошол тасмадан кийин жолдошума жакшы сөз менен кайрылайын деп калдым. “Алтыным, менин күчүм жетпейт да, караңгыда кантип тамак жасайм? Жарыкты оңдоп берип коёсуңбу? Сенден башка ким кылып берет мага?” десең, “менден башка чын эле ким кылып бермек эле?” деп жасап берет. Кыйкырсаң ал да кыжырданат. Мен жакшы эне болуп берсем, балам да ошондой келинчек издейт. Кызым да менден үлгү алат.
– Жолдошуңуздун колдоосун кайсы учурда көп сезесиз?
– Маргарет Тетчердин “мени Маргарет Тетчер кылган менин жолдошум” дегени бар. Анын сыңарындай мени ушул деңгээлге чыгарып жаткан, Калипа Таштанова кылып жаткан жолдошум. Жетишпей жатсам, үйдөгү жумуштарды да кылып коёт. Ооруп калсам дарымды алып келип каралашат. Айтор, анын колдоосу чоң. Байлык, бийлик эмес, бир эле сүйүү, күйүмдүүлүк болсо көп нерсени жеңсе болот экен.
– Сыйлык утканыңыз жакындарыңызды да абдан кубандырса керек?
– Жакындарым да чыйрала түшүштү. Балам “апа, мен эми нан алып келгени дүкөнгө жөн барбайт окшойм” деп күлөт. Апам да чалып, “мен мыкты актрисанын апасымын” деп кубанды. Мен элдин реакциясына кам санап жаттым. Фестивалдык тасмаларга тартылып жаткан менден кыйын актёр, актрисалар көп да. Алар албай, менин багыма туш келип калса, эл кандай кабыл алат деп ойлондум. Негедир 90 пайыз жакшы пикирлер айтылды, жеке кат аркылуу дагы “кубанычтабыз, татыктуусуз” деп жазып жатышты. Ушул нерсе мага чынында мотивация берди. Эмгегим элиме сиңип жатса, бул чоң жетишкендик. Сыйлыктан мурун элимдин колдоосу дем берди.
– Ийгиликтер коштой берсин! Маегиңизге рахмат.
Перизат Музуратбекова