ШОУ-БИЗНЕСТИН «КРАСАВЧИКТЕРИНЕ» КАНДАЙ КЫЗДАР ЖАГАТ?

Келбет десең келбет, үн десең үн, харизма десең анысы да бар. Башкысы, жакшы жар болчу түрлөрү бар, анан да баары үйлөнүүгө дапдаяр жигиттер. Шоу-бизнестин “красавчиктерин” тааныштырабыз. Кыздар, чапкыла!

ЖАН САБЫРОВ УЙКУЧУ КЫЗДАРДЫ АЙЛАНЫП ӨТӨТ

Туулган жери: Ысык-Көл облусу, Каракол шаары

Туулган жылы: Сыр тутат

Үй-бүлөдө: 3 бир туугандын улуусу

Мүнөзү: Көңүлүн калтырган адам менен сүйлөшпөй коёт, талапчыл

Бою: 187 сантиметр

Салмагы: 85 килограмм

Материалдык байлыгы: Үйү, Лексус 470 унаасы, жеке бизнеси бар. Бул эле эмес, Жандын 3 диплому бар.

Шыңга бойлуу, иштин көзүн билген өзүнчө эле “красавчик” жигит Жан Сабыров көптөгөн кыздардын көзүн күйдүрөрү талашсыз. Жандын келбети гана эмес, дипломдору да көңүлүңүздү бурдубу? Анда алдыда сизге Жандын жүрөгүн багындыруу боюнча “мастер-класс”. Ырчы үйлөнүүгө дапдаяр. Анда эмесе, кыздар, чамдагыла. Алгач Жандын кыздарга болгон талаптарын айта кетели. Жан бою 170 сантиметрден узун кыздарды тандайт. “Самсышкаларды” жакшы көрөт болду бекен деп ойлоп жүрсөңүз жаңылышасыз. Толук эмес, ошол эле учурда өтө арык эмес кыздарды жактырат. Ммм... дагы бир кызыктуу факт – ырчы үчүн жашыңыз такыр маанилүү эмес. Андан көп жаш улуу болсоңуз эч нерсе болбойт. Эгер сиз шоу-чөйрөдөгү адам болсоңуз, анда ал маселе. Ырчы “бир үй-бүлөгө бир артист жетет” дегендердин катарында. Бул жигиттин жубайы болуп калсаңыз сизге айды алып берүүгө да даяр. “Мени менен бейиште жашагандай болосуз” дейт ал. Сизден тамак жасоону билүү, ырчынын кийимдерин таза кармоо жана аз уктоо гана талап кылынат. Жаңылышам, бул жетиштүү болбошу мүмкүн. Анткени бул мырза талапчыл. Жандын көңүлүн калтырып алуудан өтө абайлаш керек. Таарына бербейт, бирок бир көңүлү калса сиз канчалык жакын адам болгонуңузга карабай сүйлөшпөй коюшу мүмкүн. Ырчы көпчүлүк убактысын консерваторияда, кечкисин тойлордо өткөрөт. Ал эми бош убактысын тоодо же эс алуучу жайларда жалгыз эс алып өткөргөндү жактырат. Баса, Жанды жактырып калсаңыз, социалдык тармактардан кат жазып көрсөңүз болот.

КАЛЫС ЖАКЫПОВ АШКАНАДА СИЗГЕ ТАМАК ЖАСАШАТ

Туулган жери: Нарын облусу, Ат-Башы району Туулган жылы: 1999-жыл, 16-февраль

Үй-бүлөдө: 4 бир туугандын кичүүсү

Мүнөзү: Ар кимдин өзүнө жараша мамиле кылат, баарын бетке айтат

Бою: 173 сантиметр

Салмагы: 70 килограмм

Материалдык байлыгы: Жетиштүү

Шоу-бизнестин дагы бир суктанарлык жигити Калыс Жакыповго кандай кыздар жагары кызык болсо, көңүл буруңуз. Жылдыздуу, таза, тыкан, тыкылдаган тың, ыймандуу, сүйлөгөнү орундуу, ой жүгүртүүсү терең, дүйнө таанымы кенен кыздарды жактырат ырчы. Кандай тема болбосун сүйлөшө алган, ал кыз менен сүйлөшүп отурганда күндүн батканын, таңдын атканын байкабай калсак дейт Калыс. Калыстын дагы бир кыялы бар. Ал кыялды ишке ашыруу үчүн жубайы жакшы тамак жасай билиши керек. Өзү өзгөчө тамактарды жасаганга кызыккандыктан жубайы менен чогуу элде жок, өзгөчө тамактарды жасап турууну кыялданат. Байкашыбызча, Калыстын жубайы күндө кечинде эмне тамак жасайм деп баш оорутуп отурбайт сыягы. Анткени ырчы өзү деле жасап коё алат. Биринчи орунга үй-бүлөсүн койгон ырчы мырза жубайым да үй-бүлөнү баарынан бийик көрсө деп тиленет. Сыртынан карап Калысты романтик деп ойлоп жатышыңыз мүмкүн. Бирок андай эмес. Буга чейин ал кыздарга романтикалык сюрприздерди тартуулап көргөн эмес. Бирок Калыстын жүрөгүнө жагып, аны менен өмүрүңүздү чогуу өткөрүүгө макул болсоңуз, романтика тартуулаганга, көңүлүңүздү көтөрүп гүл берип турганга даяр. Ойлогонун бетке айткан, калп айтпаган жигит жакын адамынан да ошону талап кылат. “Үйлөнүшүм керек” дейт Калыс. Андыктан, ырчы мырзага ашык болуп жүргөн болсоңуз, аракет кылсаңыз болот дейин десем, сүйүүдө алгачкы кадамды кыздардын жасаганын жактырбайт экен. Инстаграмдан дагы кыздар менен сүйлөшпөйт. Андыктан калганын сиздин фантазияңызга табыштайлы.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aizirek...
2022-11-14 15:36:00
Жан башына эле чаба бере турган күйөө болгудай. Андай талапты койуп алып аял издесең точно аял чыкпайт сага.
0
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан