КОЙ (21.03-20.04)
Абалга, окуяга баа берүүдө түз эле бетке айтпай, сабырдуу болуңуз. Болбосо “көп нерсеге укугум бар, каалаганымды жасайм” деген оюңузду далилдейм деп керексиз күрөшкө түшүп аласыз. Балким, максаттарыңызга жетүүңүзгө тоскоол болгон өтө катаал жагдайларга туш болосуз. Иш күндөрү тоскоолдуктарды жеңүүгө мүмкүнчүлүк аз, бирок дем алыш күндөрү жакшы жылыштар болот. Апта романтикалык мамилелерди өнүктүрүүгө абдан ылайыктуу.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Тышкы жагдайлар тоскоолдуктарды жаратып, каржылык абалыңызга жана ден соолукка терс таасирин тийгизет. Мисалы, эски ооруңуз козголушу мүмкүн. Пландаштырылган хирургиялык операциялар үчүн ыңгайлуу учур эмес. Күнүмдүк жашоодо, тиричилик буюмдары, химиялык кошулмалары бар каражаттар менен иштөөдө этият болуңуз. Эгер жубайыңыз менен таарынышып жүрсөңүз, апта ортосунда сөзсүз жарашасыз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Достор менен иш-чараларга, достук кечелерине, клубга баруудан алыс болуңуз. Кызыктуу оюн сиз үчүн капыстан чыр-чатактар менен бүтүп, ал тургай жакындарыңыз менен мамилеңизди үзүшүңүз мүмкүн. Эгер үй-бүлөлүү болсоңуз, досторуңузду жеке көйгөйлөрүңүзгө аралаштырбаңыз. Мисалы, аларга никеңиздеги көйгөйлөр жөнүндө айтпаганыңыз туура. Апта соңунда күнүмдүк иштерди чечүү жана ден соолукту чыңдоо менен алектенесиз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Үй-бүлөдө кызганычтан жана ишенбөөчүлүктөн жубайлар ортосунда келишпестик орун алышы күтүлөт. Түгөйүңүз көз карандысыз болуп сизден көп нерсени жашыргандай туюлат, бирок бул нерселер андан шектенүүгө себеп эмес. Апта ортосунда көптөгөн үй жумуштары моюнуңузга жүктөлөт, аларды сиздин каалооңузга карабастан чечүүгө туура келет. Жеке өнүгүүңүзгө көбүрөөк убакыт бөлүүнү, горизонтуңузду кеңейтүүнү унутпаңыз.
Сүйүү мамилесин куруп жаткан арстан айымдар назиктиктин, көңүл буруунун жоктугун сезе башташы мүмкүн. Каалаган нерсеңизге жетүү үчүн сүйүктүүңүз менен көп убакыт болуңуз, ал сөзсүз түрдө ошого жараша жооп берет. Документ иштерине байланыштуу юридикалык маселелерди оңой чечип алсаңыз болот. Бойдоктор сүйүктүүсүнүн материалдык көйгөйүн чечүүгө аракет кылышат, бирок бул жардамдашуунун аягында өзүңүз сокур тыйыны жок калышыңыз мүмкүн.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ата-энеси менен чогуу жашаган бийкечтерге аптада кыйынчылык жаралат. Үй-бүлө мүчөлөрү менен болгон келишпестиктен улам бөлөк жакка көчүп кетүү ою да келиши мүмкүн. Сүйүктүүңүз менен өз ара түшүнүшүү орун алып мамилеңиздер жаңы баскычка көтөрүлөт. Каржы маселесинде көйгөй жаралбайт, тескерисинче, кайдан-жайдан акча түшүп турат. Соода менен алектенгендер насыяга же карызга товар сатуудан алыс болгону туура.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Үйүңүздү жакшыртууга жакшы мүмкүнчүлүк бар. Жаңы үй куруп же үйүндө оңдоп-түзөө иштерин жасап жаткандар ишти өз убактысында бүтүрүп алышат. Шаан-шөкөттөн алыс болуп, убактыңыздын көбүн үй-бүлөңүз менен же жалгыздыкта өткөрсөңүз туура болот. Жумушуңузда айлыгыңыз көтөрүлүп же бонус аласыз. Чет өлкөдө билим алгысы келген студенттерге кызыктуу, баш тартууга мүмкүн болбогон сунуш түшүшү ыктымал. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада жылдыздар чаяндарга өзүнө, сырткы келбетине жана имиджине кам көрүүгө кеңеш беришет. Сиз өзгөрткүңүз келген сырткы келбетиңизде кандайдыр бир өзгөрүүлөр абдан ийгиликтүү аяктайт. Башкаларга карата жумшак жана сылык болосуз, бул карама-каршы жыныстагы адамдардын симпатиясын арттырат. Ошол эле учурда кымбат баалуу белектерди сатып алуудан алыс болуңуз. Үнөмдөө режими азыр сиз үчүн эң артыкчылыктуу маселе.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада авантюралык иштерге даяр туруңуз, каржылык жоготууларга да кептелишиңиз мүмкүн. Кумар оюндарынан жана түнкү клубдардан качууга аракет кылыңыз. Бул аптада руханий жактан өсүүгө басым жасоо алда канча пайдалуу. Өзгөчө йога менен алектенип, медитация жасоо жакшы жыйынтык берет. Жумушта кесиптештер менен жакындашып, арасынан бир өмүр дос болчу адамдарды табасыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада текечерлер абдан чечкиндүү болуп, оңою менен компромисске барышпайт. Бирок үй-бүлө мүчөлөрү, тууган-туушкандардын пикири менен эсептешпей, баарын өзү каалагандай жасоо сөзсүз чыр-чатакка алып келиши мүмкүн. Ишкердик кылган текечерлердин иши жакшы нукта өнүгөт, туруктуу кардар таап сатыкта ийгиликке жетесиз. Сүйүү мамилесинде жолдуу болосуз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Өзүңүздү эркин жана көз карандысыз алып жүрүүгө муктаждык күчөйт. Бирок апта ортосунда иш-аракеттериңизди чектөөчү таасирлерге туш болушуңуз күтүлөт. Бейтааныш адамдар менен ачык сүйлөшпөгөнүңүз оң, алдамчыларга жолугуп калуу коркунучу бар. Өзүңүз же жакындарыңыз тууралуу жагымсыз ушак-айыңдарды угуп калышыңыз ыктымал, жүрөккө жакын кабыл албаңыз.
БАЛЫК (20.02-20.03
Сиз алам деп каражат чогултуп жүргөн буюмду алууга бул апта дагы жетиштүү акчаны чогултуп бүтө албайсыз. Ойлонуп көрүңүз, балким, сиз өтө эле бийик чекти кыялданып жаткан жоксузбу? Каалооңуз менен дараметиңиздин дал келгени жакшы эмеспи. Достор, кесиптештер жана жаңы таанышкан адамдар менен баарлашууда каржы маселелерин талкуулоодон качууга аракет кылыңыз.