ОКУУЧУ КЫЗДАРДЫ ЭМДӨӨ БАШТАЛДЫ. Ата-энелерди чочулаткан эмне?

Өлкөдө 14-ноябрда 11-14 жаштагы мектеп окуучуларын папиллома вирусуна каршы эмдөө башталды. Айрым ата-энелер кыздарын эмдетүүгө каршы чыгышты. Себеби эмнеде?

Айчүрөк Макилова, Республикалык эмдөө борборунун врач-эпидемиологу: «ЭМДӨӨ ЭРТЕ ЖАСАЛСА ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ ЖОГОРУ БОЛОТ»

– Учурда эл арасында маалымат жетишсиз, ошондуктан окуучу кыздарды эмдөө тууралуу ар кандай кептер айтылып жатат. Аталган вирустун 200гө жакын түрү бар. Бул вирустар аялда да, эркекте да бирдей жашай алат жана жатында рак клеткаларын козгойт. 2020-жылы Кыргызстанда 600 айым жатын рагына кабылып, анын 300ү көз жумган. Оорунун бул түрү өлкөдө ракка чалдыккан аялдардын арасында 2-орунда турат жана 15 жаштан 44 жашка чейинки аялдарда рактын эң көп тараган түрү болуп саналат. Бул оору көп учурда 3-4-стадияга жеткенде билинет, ага чейин байкалбай жүрө бере турган көрүнүшкө ээ. 3-4-стадияда айыктыруу дээрлик мүмкүн эмес. Бул эмдөөнү баштагыча гинеколог, акушер, иммунолог, эпидемиолог жана башкалар менен талкуулап, кеңештик. Эмне үчүн вакцина эрте куракта сайылат? Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вакцина эрте куракта сайылса эффективдүүлүгү жогору болорун изилдеп аныктаган. Мындай эмдөө Европада 2006-жылдан бери жүргүзүлүп келет, жатын рагы менен ооругандар 70 пайызга азайганы тастыкталган. Ал эми кошуна Казакстан, Өзбекстан эчак эле бул эмдөөнү киргизишкен. Аталган вакцина кымбат болгондуктан биз колдоно элек болчубуз, анткени эмдөө үчүн мамлекеттик колдоо керек да. Жакында вакцина Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан гуманитардык жардам катары келгендиктен сайып баштадык. Аталган уюм 9-14 жашка чейинкилерге сайса болот деген көрсөтмө берген. Биз улуттук эмдөө календарына ылайык, 11-14 жашты белгилеп алдык. Эмдөөгө эч ким мажбурланбайт. Ата-энеси кааласа баш тартсын, кааласа өзү кызын ээрчитип барып сайдырсын. Вакцина “Гардасил” деп аталат, курамында эч кандай зыяндуу кошулмалар жок экени аныкталган. Дарылар атайын медициналык жайларда сакталат. Айта кетсем, вакцина сайылгандан кийин адамдын дене табы көтөрүлүшү мүмкүн, бул нормалдуу эле көрүнүш. Ийне сайылган жер шишип оорушу да мүмкүн, 3 күн ичинде ал жерге суу тийгизбей, суукка чыкпай турган жакшы. Медайымдар кыздын ден соолугуна да карашат, эгер тумоолоп же этек кири келип жатса, вакцина сайылбайт.

Бегайым Бекназарова, Бишкек шаарынын тургуну: «КЫЗЫМ ҮЙГӨ ЫЙЛАП КЕЛДИ»

– Кечээ жакында 11 жаштагы кызым сабактан үйгө “апа, мен төрөбөйм” деп ыйлап келди. Көрсө, дарыгерлер, мектептин администрациясы 11 жаштагы окуучу кыздарга жыныстык жашоо, бала кантип төрөлөт, жатындын рагы боюнча лекция окушуптур. Ага катышкан кызым катуу коркуп калыптыр. “Жыныстык жашоо, бала кантип жаралат, жатын рагы деген темаларды түшүндүрүүгө эрте менин кызыма, эмнеге менин уруксатым жок лекция өтөсүңөр?” деп ызы-чуу салдым. Андай талуу маселелер психологдун катышуусу менен түшүндүрүлүшү керек да. Кызым азыр куурчак ойнойт, андай темаларды кийин 15-16 жашка чыкканда өзүм деле түшүндүрүп алам. Класс жетекчиси “анда эмдөөдөн баш тартабыз деп жазуу түрүндө кайрылышыңар керек” деди. Мектебине бардым, барсам 1-2 кызга вакцина сайып коюшуптур, алардын апалары келип “эмнеге биздин уруксатыбыз жок саясыңар?” деп жаңжал салышты. Дарыгерлер бул вакцина жатын рагынын алдын алат деп жатышат. Саламаттыкты сактоо министрлиги алгач түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек, окуучуларга эмес, ата-энелерге. Мектеп жетекчилерине, мугалимдерге дооматым жок. Бул вакцинаны адам жыныстык жашоодо жашаганга чейин сайыш керек экен, 11 жашар кыздарга саюуга эрте. Вакцинанын сакталышы, анын курамы боюнча эч кандай маалыматыбыз жок. Изилдеп көрсөм, бул вакцина сайылгандан кийин пайдасы тийдиби-жокпу, 30 жылдан кийин билинет экен. Биз кыздарыбызды жөн эле бир дарынын таасирин текшериш үчүн “подопытный кролик” кылып жаткан жокпузбу деген шектенүү бар. Кызым 18 жашка чыккыча сайдырбайм, 18ге толгондон кийин сайдырабы жокпу, өзү чечсин.

Бермет Барктабасова, далилдүү медицина боюнча эксперт: «ЭМДӨӨ АЛУУНУ ЖЕ АЛБООНУ КЫЗ ӨЗҮ ЧЕЧСИН»

– Мен папиллома вирусуна каршы эмдөөгө эмне үчүн каршымын? Анткени өлкөбүздө жатын рагына кабылгандар жана өлүмдөр боюнча кырдаалды талдоо, божомолдоо жетишсиз. Бизге бир гана статистика берилет, жылына 300 өлүм катталды деген. Абдан жалпыланган мисал. Ар бир адам медициналык кызмат алууга жана андан баш тартууга укуктуу. Кыздар эмдөө алууну же албоону өздөрү чечсин. Дарыгерлер баарын толук, түшүнүктүү тилде ашыкча медициналык терминологиясыз, мугалимдерге, ата-энелерге жана кыздарга түшүндүрүшү шарт.

Султанали Гапуров, муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы: «КУРАМЫНДА АРАМ НЕРСЕ ЖОК БОЛСО ЭМДӨӨГӨ ШАРИЯТ ЖОЛ БЕРЕТ»

– Эмдөө иштери боюнча 2019-жылы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын аалымдар кеңешинин чечими чыккан. Ага ылайык, сайылып жаткан дарынын курамында арам нерсе болбошу шарт. Ошондой эле эмдөө алуучунун бир органына жардам берсе, экинчисине зыян тийгизбеши керек деген талаптар бар. Саламаттыкты сактоо адистери тарабынан "кишинин ден соолугуна жалаң пайдалуу, зыяны жок" деген тастыктамасы болсо шарият ага эч кандай чек жана тоскоолдук койбойт. Эмдөөнү алуу биздин жарандар үчүн ыктыярдуу нерсе, кааласа алат, каалабаса албайт.

ЖАТЫН РАГЫНЫН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН ОКУУЧУ КЫЗДАРДЫ ЭМДӨӨГӨ МАКУЛСУЗБУ?

Асел Сулайманова, 37 жашта:

– Эгер аталган дарыны текшерүү үчүн сайылып жатса каршымын. Айрым ата-энелер бул эмдөөнүн аягы тукумсуздукка алып келиши мүмкүн деп да айтып жатышат. Кимисине ишенерибизди билбейбиз. Кенен түшүндүрүү иштери жүрсө жакшы болот эле.

Жеңишгүл Осмонова, 38 жашта:

– Мектеп мугалимдери эмдөө боюнча бизге маалымат беришти. Азырынча ойлонуп жатабыз. Айрымдар бул дарыны чет өлкөдөн кымбат баага алдырып сайдырышчу экен. Биздин өлкөгө бекер берилиптир. Эгер кыздардын ден соолугуна пайдасы болсо каршы эмесмин.

Мээрим Маматова, 33 жашта:

– Менин 11 жаштагы кызым бар. Эгер дары мыкты лабораториялар тарабынан изилденип, пайдалуулугу аныкталса сайдырганга эмне үчүн болбосун? Бирок азыр баары эле кооптонуп жатышат. Ошого биз да азырынча сайдырбай турабыз. 14 жашка чейин сайдырганга жетишебиз.

Назира Жунусова, 34 жашта:

– Рактын алдын алуу үчүн жасалчу эмдөө болсо каршы эмесмин. Бирок дары медицина адистери тарабынан толук кандуу изилденгенби? Курамы эмнеден турат? Сайгандан кийин кандай терс таасирлер болот? Ушул суроолорго азырынча жооп ала элекмин.

Айнура Камилова, 51 жашта:

– Өзүм акушермин, азыр жатын рагына чалдыккандар аябай көп. Менин эле 3 таанышым жатын рагы менен ооруйт. Андыктан рактын алдын алуу үчүн аракет болуп жатса кыздарыма сайдыртам жана башкаларга да сунуштайм. Бул дары 100дөн ашык өлкөдө сайылат экен.

Динара Чокоева, 37 жашта:

– Менин кызымды эмдетүүгө каршымын. Азыр дүйнөдө калктын саны көбөйүп ар нерселерди ойлоп таап жатышат. Дүйнөлүк фармкомпаниялар дарыларын текшерүү үчүн биздей кедей өлкөлөргө эксперимент катары жиберишет.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Egizderim-baktim
2022-11-22 04:45:00
Озум Россиядамын. Эгиз кыздарым 11 жашта тайэнеси менен, суперден бир ай мурда эле окуп апама албагыла деп сурангам, хотя апам акушер-гиноколог, мен андай вакцина албай эле жакшы журом шугур, кыздарыма да андайды сайдыра албаймын.!!!
-1
№ 1041, 18-24-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан