Үмүт Уметалиева, ырчы: «АКЧАНЫ МАГНИТТЕЙ ТАРТЫП ТУРАМ»

Ырчы, бизнесвумен Үмүт Уметалиева бул аптада гезитибиздин башкы бетин көркүнө чыгарды. Ийгиликтүү ишкер, шоу-бизнесте өз ордун тапкан ырчы, мээримдүү эне, сүйүктүү жар... Айтор, кыргыздын кыйын кыздарынын бири кызыктуу маек куруп берди.

– Үмүт айым, саламатсызбы? Жакында элге дүңгүрөтө той бердиңиз. Окурмандарга ушул жакшылыгыңыз менен бөлүшө кетпейсизби?

– Саламатсыздарбы? Кичүү уулум 1 жашка чыкканда тушоо той берели дегенбиз. Бирок үй той менен кошо берели деп токтотуп койгон элек. Айылга жаңы үй салдык. Курулуш иштерин быйыл апрель айында баштап, сентябрда бүтүрдүк. Элден, жакындарыбыздан бата алалы деп бир күн айылда аламан улактын коштоосунда, эртеси ресторанда той бердик. Эки күн той берсек деле чакырылбай калып таарынгандар өтө көп болду.

– Ырчылыктан тышкары бизнесте ийгилик жараткан адамсыз. Үй-бүлө, бизнес, башка да жагдайлар бар, баарына кантип жетишесиз?

– Аял киши баарына жетишсе болот экен. Мен бала кезимден эле ишкер айым болсом дечүмүн. Жетекчи болсом, үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болуп, өзүм кичинекей болуп алып чоң машиналарды айдасам, саякаттасам деп кыялданчумун. Кудайга шүгүр, кыялдарым орундалып келе жатат.

– Бизнеске кантип аралашып, кандай сыноолорду жеңип өттүңүз?

– Апам соода тармагында иштегендиктен 4-классымдан бери бизнеске абдан кызыгам. Бала кезден эле мага акча өзүнөн-өзү жармаша берет, магнит сыяктуу элемин. “Чоңойгондо баары бир бизнес ачам” дечүмүн. Ошентип жүрүп 9-классымдан тарта соодага аралаша баштадым. Үйдөгүлөргө айтпай акча чогултуп, Тико сатып алганымда баары таң калышкан. Сабактан кийин кичинекей дүкөн иштетчүмүн. Дагы эмне кылсам деп ойлонуп, мүшөктөп семичке алып, аны чоң казанга салып кууруп, кичинекей баштыкчаларга салып, анан Тикого жүктөп алып дүкөндөргө тарата баштадым. Семичкени баштыкчаларга салганы инимдин достору жардамдашчу, акысына дюшес алып берип койчумун. Жаштайымдан акча таап көнүп калгам да, кийин турмушка чыкканда үйдө отуруп калып абдан бук болдум. Анан жолдошума “мен үйдө отура албайм, кел, 5 жыл өмүрүбүздү бир гана ишке арнайбыз, андан кийин акча өзү келе турган болот. Ошондо биз дагы чет өлкөлөрдө эс алабыз” дедим. Ал мага ишене албай турганда “мен бир нерсени ойлодумбу, сөзсүз ишке ашырам, акча сураңыз” дедим. Кайнагамдан 17 миң сом алып келди, анын 14 миңине сатканга кийим-кече алып, 3 миңин запаска деп сактап койдук (күлүп). Базар-Коргонго барып базардан бир кичинекей бош орунду сурап алдык. Бара-бара аны чоңойттук, кийин Жалал-Абад шаарынан ижарага контейнер алып иштете баштадык. Анан дүкөн ачтык, аны чоң соода түйүнүнө айланттык. Кийинчерээк Ош шаарына соода борборлорун ачтык. Кыйынчылыкка чыдап, мээнет кылсаң Кудай өзү эле ийгиликке жол ачып берет экен. “Силерге жыргал, бирөөлөрдү иштетип коюп өзүңөр үстүнөн карап турасыңар” дешет. Анын артында канча эмгек жатат? Дүкөндү мен сахна менен салыштырам. Келген кардар, сырттагы киши көшөгөнүн артында эмне болуп жатканын көрбөйт да. Күлүп-жайнап тосуп алып, кайра узатып коёсуң.

– Апамдын жанында жүрүп соодага кызыктым деп калдыңыз, апаңыз тууралуу сүйлөшпөйлүбү?

– Апам абдан энергиялуу, бекем аял. Өтө жоопкерчиликтүү, бир ишти баштаса бүтүргүчө шашат. Апам “өлүмдөн башкасынын эрте болгону жакшы” деген сөздү көп айтат. Мен дагы бул сөздү ар дайым карманам. Өмүр бою тытынып иштеп жүрө бербей, иштеп-иштеп баарына эрте жетип, анан анын ырахатын көрүп жашап калалы дейм. Апам бизди темирдей тартип менен тарбиялады. Кыркка чыгайын деп калган агам баш болуп, азыркыга чейин баарыбыз апамдан сестенип турабыз.

– Акыркы учурда чыгармачылыктан алыстай түштүңүз окшойт...

– Үй-бүлөлүү аял үчүн шоу-бизнесте жүрүү оңой эмес. Ага көп убактыңды арнашың керек, антпесең ишиң жүрбөйт. Ошол эле учурда үй-бүлөңө, жеке иштериңе да убакыт талап кылынат. Айтор, жетишпей калдым. Баламды чоңойтуп алайын деп чыгармачылыктан алыстай түштүм. Кичүү балам азыр экиге чыгып калды. Үйдү бүтүрдүк, бизнес өз жолунда. Эми чыгармачылыкты өнүктүрүшүм керек. Буюрса, бар күчүмдү чыгармачылыгыма жумшайм. 2023-жылды үй-бүлөм менен кеңешип, Үмүт Уметалиева жылы деп жарыялайлы деп жатабыз. Чет өлкөдөн клиптерди тарттыргым келип жатат. Айтор, чыныгы чыгармачылыктын жылы кылайын деп турам. Азыр эргүү келип, ырлар, клиптер, формалар, локациялар тууралуу ойлонуп ишке бел байлап турган чагым. Даяр ырларым бар, жакында алардын бирине клип тарттырам.

– Репертуарыңызды кандай ырлар менен толуктасам деп жатасыз?

– Мен негизи жай ырларга жакынмын. Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаевдин ырлары жагат. Аларды ырдагандан ушунчалык ырахат алам. Бирок шаңдуу ырларга дагы басым жасайын деп турам. Сүйүү, үй-бүлө, бир тууган, кызым, уулум, ата-эне тууралуу, айтор, бардык темадагы ырларды репертуарыма кошкум келип жатат.

– Жолдошуңуз чыгармачылыгыңызга кандай карайт? Ал киши тууралуу сүйлөшпөсөк болбойт го...

– Ар дайым колдоп турат. Чыгармачылыкка аралашкандан тартып эле менин жүгүмдү кошо тартышып келет. Концерттерде ырдап калганда сахнанын артында кичинекей кызымды карап турчу. Кийимдеримди көтөрүп, кийгизип, айтор, дайыма жанымда. Бойдок кезде мурчуңдап, бир нерсени оңою менен жактырбаган, бой көтөргөн кыз элем. Турмуш тарбиялап бир калыпка салып койду. Жөнөкөйлүктү, көп нерсени жолдошум Бектурдан үйрөндүм. Туугандарым да “турмушка чыккандан кийин жакшы жакка өзгөрдүң” деп калышат. Жолдошум үй-бүлөсү менен оор басырыктуу кишилер. Жаңы келин болуп барганда баары эле көп сүйлөбөй жүрсө мени жактырбай жатышат окшойт деп өзүмдү жаман сезгем. Баары токтоо адамдар экенин кийин түшүндүм.

– Сиз үчүн аялдык бакыт деген эмне?

– Аялдык бакыт деген колдоп турган жолдошуң, мотурайган балдарың жана ата-эне, бир туугандарың, жакындарыңдын тынчтыгы. Булар болсо калганын иштеп, аракет кылып тапса болот. Акча, байлык – булар убактылуу нерселер. Балалуу болуп үй-бүлөң толуп турса, балдарыңа той берип элден бата алуу дагы сонун сезим экен. Тойдо жолдошум, балдарым менен ээрчишип кирип келе жатканда ушунчалык өзүмдүн жашоомо өзүм суктанып кеттим.

– Маегиңизге рахмат! Чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1041, 18-24-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан