Аман Ибраев, тамада: «2 КҮН ТОЙ АЛПАРБАЙ КАЛСАМ БАШЫМ ООРУЙТ»

Той-салтана-тыңыздын кандай өтүшү, ага келген конокторуңуздун маанайы адатта ушул адамдардан көз каранды. Байкадыңыз, алпаруучу, тамада тууралуу сөз болуп жатат. Ордолуу Ошту дүңгүрөтүп жаткан тажрыйбалуу тамадалардын бири – Аман Ибраев. Аман мырза менен тойлор, тамадалык кесиптин ысык-суугу, үй-бүлөсү тууралуу кеп курдук.

– Аман мырза, саламатсызбы? Маекти кесибиңиз боюнча баштайлы. Ар бир тойго атайын даярданасызбы же бир сценарий менен бир нече коёнду атууга болобу?

– Саламатсыздарбы? Биз күндө изденебиз. Бир той экинчисине окшошпошу керек, ошого аракет кылабыз. Бардык тамаданын 10 чакты сценарийи болот. Азыр маалымат жеткиликтүү. Интернетке кирсең баарын айтып берет. Кайсы жердин урпагынын тою болуп жатса, ошол жердин тарыхын айтып, ал жерден чыккан чыгаан таланттарды, улуу инсандарды даңазалап айтуу – тамаданын милдети. Санжыраны көп окуйм. Азыр да бүгүнкү тойго даярданып маалымат окуп жатам.

– Канча шакиртиңиз бар?

– Тамадалардын арасынан шакирт өстүрүү боюнча биринчи орунда Жеңишбек Айтиев турат. Ал менин да устатым. Андан кийин эле мен турсам керек. Эсеби жок, 25тен ашык го.

– Ставкаңыз канча?

– Ставка боюнча бирөөнү капа кылган бала эмесмин. Бекерден баштап 500-600 долларга чейин. Каражатым жок десе, тоюн бекер деле алпарып берем.

– Анан “бул алпара берет” деп бекерге чакыра беришпейби?

– Толтура. “Милиция кызматкерлерине бекер, чемпиондорго бекер” деп коём да, чакырса алпарып берем. Мен алпарган тойлордун саны 3500дөн ашты. Анын 500-600үн бекер алпаргам. Андайда музыканттарга да өзүм акча төлөйм. Акча үчүн өлгөн эмесмин, өлбөйм дагы. Биз Ошто ставканы көтөрүп элди кыйнабайбыз. Бишкектеги кээ бир тамадалардын 600-700 доллар деп чоң ставка коюп алганын көрүп таң калам. Мынча сумманы айтардан мурун ошого ылайык алып бара аламбы деп өзүнө суроо бериш керек да. Элди кыйнаган болбойт.

– Тамадаларга мамиле мурда кандай эле, азыр кандай?

– Бизде тамадалыктын деңгээлин көтөргөндөрдүн бири Аман деп калышат. Мурда “бул тамада эле да” деп кайдыгер мамиле кылса, азыр “бул деген тамада” деп сый мамиле кылып калышты. Тамада – эрке бала да. Көп убакыт күтүп, даярданып өткөргөн жакшылыгыңдын жакшы өтүшү тамададан көз каранды. Ал үчүн биздин кийимибизден тарта үнүбүзгө чейин жакшы болушу керек.

– Бул кесиптен тажаган дебейин, чарчаган учур болобу?

– Андай болбойт. Чарчадым дегендерге таң калам. Мен 2 күн той алпарбай калсам башым ооруйт. Жумушумду сүйөм.

– Акыңызды бербей кеткендер көппү?

– Аны санасам, миңден ашат го. “Эртең берем” деп бербей койгондор бар. Бербесе, эч нерсе дебейм. Бергиси келбесе, эмнеге аны кыйнамак элем?

– Сиз бул чөйрөгө кантип келип калгансыз?

– 2010-жылы Жеңишбек Айтиев аркылуу келгем. Буйрук экен да, Кудай ырыскымды тил менен табууну насип кылыптыр. Ошто университетте окуп жүргөндө иш-чараларды алпарчумун. Бир ирет эжекем “той бергени жатабыз, сен алпарасың” деп калды. Алпара албайм десем болбойт. Анан Жеңишбек Айтиевди таап, “1 айдан кийин той болот, даярдай аласызбы?” дедим. Даярдап тойго алып чыгып, андан кийин жанында мени бир жыл алып жүрдү.

– Тойлордо белден ылдый тамашаларды айтып, кыргызга жат оюндарды ойноткондор бар...

– Ошондойго каршымын. Бир тууган акем аалым Марс Ибраев да. “Элге жат көрүнүштөрдү көрсөтпө” деп мага көп айтат.

– Ошто номер биринчи тамада ким?

– Жалпы 65 тамада бар. Баары мыкты. Номер бир деп өзүмдүн агайым Жеңишбек Айтиевди айтам.

– Өзүңүздү баарынан мыктымын дей албайсызбы?

– Өзүн мактагандан өлөрчө кач дейт го. Бирок өзүмдү үлгүлүү тамадамын дей алам. Инилериме улууну урматтоону, кичүүгө ызат көрсөтүүнү үйрөтүп турам. Той ээси чиновник болобу, дыйкан болобу, баарына бирдей мамиле кылам.

– Жакында той бердиңиз, үйүңүз кут болсун!

– Рахмат, 5-ноябрда той өткөрдүм. 5 балалуу болуп той берип көрбөптүрмүн. Канча адамдын жакшылыгында болдум, баарын бириктирип үйлүү болгондон кийин 2 уулума, кыздарыма бата алып, үй той бердим. Баары жакшы өттү.

– Тойго Райымбек Матраимовдун келген видеосун баракчаңызга жүктөп талкууга жем таштаптырсыз...

– Адамдын кичи пейилдигин, адамгерчилигин ушул жерден билсең болот. Райым Матраимов меценат, күчтүү менеджер, кыргыз эли бул инсандын көп жакшылыгын көргөн. Бир журналист жамандап койсо айрымдар “жаман экен” деп калды. Азыр ал адамдын кандай жол менен өлкөгө жардам бергени билинип жатпайбы. Ал маданиятты, спортту сыйлаган, маданият өкүлдөрүн, спортчуларды баалаган инсан. Менин акем болот. Бир тууган акем эмес, бирок мени баалап, жакшылыктарымда кызмат кылып жүрөт деп үйүмө келип батасын берип кетти. Айткылачы, кайсы атактуу инсан тоюма келип батасын берип кетти? Райым Матраимов ушундай жөнөкөй инсан. Артынан сүйлөгөндөр сүйлөй беришсин. Мен ал кишини, үй-бүлөсүн, бир туугандарын сыйлайм. Келип кеткенине аябай кубанып калдым. Бул инсанды өмүр бою аке кылып жүрөм.

– Жубайыңыз менен баш кошконуңузга 15 жыл болуптур. Өмүрлүк жарыңызга болгон мамилеңиз тууралуу сурагым келип жатат...

– Ооба, быйыл 15-ноябрда туура 15 жыл болду. Жубайыма гүл алып берип, сюрприздерди уюштуруп романтик болгум келет, бирок убакыт тар болуп калат. 15 жыл болуптур, өзүмө сөз бердим, Кудай буюрса, эми романтик болом.

– Ниетиңиз орундалсын! Маегиңизге рахмат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
erkeleim
2022-11-25 13:07:00
Айжамал менен ажырашып кеткенби?
+1
XATSAN125
2022-11-27 16:16:00
Тамадалар да азыр ит урук болуп кетти уят суят калбады оюна келгенди кыдып оощуна келгенди оттоп
0
№ 1041, 18-24-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан