ДАСТОРКОНДО ШОРПОЛОР ПАРАДЫ

Кыргыздын кадимки шорпосун жасаганды билесиз. Эт, жашылчалар, татымалдар... Ошентсе да тамак-аш рационун кеңейтип алганыңыз ашыкча болбойт. Алдыңыздарда дүйнө элдеринин шорполору.

АЙНТОПФ – НЕМИС ШОРПОСУ

Керектелүүчү азыктар:

Нокот – 200 грамм

Помидор – 300 грамм

Сарымсак – 1 тишче

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Сабиз – 1 даана

Пияз – 1 баш

Болгар калемпири – 1 даана

Көп чөптөр, лавр жалбырагы – каалоого жараша

Туз – татымына жараша

ЭТ ШАРИКТЕРИНЕ:

Туурамжы – 500 грамм

Пияз – 1 баш

Жумуртка – 1 даана

Нан күкүмү – 1-2 аш кашык

Сарымсак – 3 тишче

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Кызыл калемпир – жарым чай кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Помидор, болгар калемпири, көк чөптөрдү, пияз, сабиз жана сарымсакты жууп-тазалап аласыз. Консерваланган нокоттун суусун төгүп салыңыз. Сабизди тиши чоңураак сүргүчтөн өткөрүп же ичке узун, пияз менен болгар калемпирин жарым тегерек кылып туурайсыз.

2. Казанга майды ысытып, ага тууралган жашылчаларды салып, тынымсыз аралаштырып 5 мүнөттөй кууруп алабыз. Казанга томат, бир чымчым шекер кошуп жакшылап аралаштырып, отту азайтып, бир-эки мүнөт дымдайбыз.

3. Бул убакта эттен шарик жасоо үчүн туурамжы даярдайбыз. Эт туурамжысына кошула турган азыктарды кошуп, бирдей түзүлүшкө келгиче жакшылап аралаштырасыз, тоголокчо кылууга ыңгайлуу болушу керек. Туурамжыдан майда шариктерди жасап, табага май куюп, шариктерди тегиз кууруп аласыз.

4. Казандагы куурулуп жаткан азыктардын үстүнө чоң-чоң тууралган помидорду, нокотту жана эт шариктерин салып, кайнак суу куясыз (же даяр шорпо куйсаңыз болот). Татымына жараша туз салып, бийик отто кайнатып, анан кайра отту эң төмөнгө түшүрүп, жай отто 10-15 мүнөт капкагын жаап бышыруу керек.

5. Отту кайрадан бийиктетип, майда тууралган сарымсакты, көк чөптөрдү жана лавр жалбырагын саласыз. Кайнагандан кийин оттон чыгарып, капкагын жаап 15 мүнөттөн ашык тыныктырып коюңуз. Сметана кошуп дасторконго сунсаңыз болот.

МИНЕСТРОНЕ – ИТАЛЯН ШОРПОСУ

Керектелүүчү азыктар:

Пияз – 1 баш

Сабиз – 2 даана

Сельдерей – 2 даана

Розмарин – 50 грамм

Помидор – 2 даана

Картошка – 2 даана

Макарон – 1-1,5 стакан

Савой капустасы – 200 грамм

Консерваланган төө буурчак – 400 грамм

Сарымсак – 3 тишче

Жандоо – 200 грамм

Зайтун майы, сыр – каалоого жараша

Туз, кара мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Пиязды, сабизди жана сельдерейдин тамырын аарчыйбыз да, майда төрт чарчы кылып туурайбыз.

2. Казанга зайтун майын куюп, жай отто ысыган майга тууралган жашылчаларды салып кууруйбуз. 5 мүнөттөн кийин туз, кара мурч, розмаринди салып кызарта кууруйбуз.

3. Картошканы, помидорду сиз каалагандай, капустаны майда туурайбыз. Баарын куурулуп жаткан казанга салабыз. Консерваланган төө буурчакты да кошуп суу куюп, орточо отто кайнатабыз.

4. Кайнаганда макаронду, жандоону салабыз. Шорпону өчүрүүгө 7 мүнөт калганда райкан кошулган майдаланган сарымсакты, туз жана мурч кошобуз. Бардык азыктарды жакшылап аралаштырып, шорпону жай отто толук бышканга чейин кайнатабыз.

5. Дасторконго берүү үчүн бир кесим пармезан сырын сүзгүчтөн өткөрүп, муздаткычка салып коёбуз. Бардык жашылчалар толук бышканда отту өчүрүп, казандын капкагын жаап, 10 мүнөттөй тыныктырып коёбуз. Ар бир идишке сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды салып, дасторконго суна бериңиз.

ЧИХИРТМА – ГРУЗИН ШОРПОСУ

Керектелүүчү азыктар:

Тоок эти – 1,2 килограмм

Жумуртканын сарысы – 3 даана

Каймак май – 2 аш кашык

Лимон ширеси – 2 аш кашык

Пияз – 2 баш

Жүгөрү уну – 2 аш кашык

Кинза – 1 тутам

Шафран – 1 аш кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Шафранды 50 миллилитр кайнак сууга салып, капкагын жаап коё турабыз.

2. Тоок этин казанга салып, 2 литр муздак суу куясыз. Орточо отко коюп, чий көбүгүн алып 1 сааттай кайнатасыз. Бышкан этти тарелкага салып, шорпосун калтырыңыз.

3. Табага каймак майды салып эритип, ага төрт бурчтук тууралган пиязды салып 5-6 мүнөт кууруңуз.

4. Кайнап жаткан шорпого куурулган пиязды салып 5-7 мүнөт кайнатасыз. Чуңкур идишке шорпонун жарымын куюп, жүгөрү унун себелеп бөлтөк болуп калбагыдай жакшылап чаласыз да, аны казанга куюп, кайнагыча бат-баттан аралаштырып туруңуз. Муздаган тоок этин туурап шорпого салып, татымына жараша туз, мурч, тууралган кинзаны кошуңуз.

5. Шафрандын суусун майда чыпкадан өткөрүп, жумуртканын сарысына лимон ширесин куюп өзүнчө жакшылап чалып, буларды шорпонун үстүнө куясыз. 2 мүнөттөн кийин казанды оттон чыгарып, шорпону дасторконго суна берсеңиз болот.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1041, 18-24-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан