Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: «КЫЯЛЫМДАГЫ МЫРЗАГА ЖОЛУКТУМ»

8-ноябрда Бишкекте, 10-ноябрда Ошто тушоо кесүү концертин берип толкунданып турган ырчы Гүлназ Чыныбек кызы менен маектештик. Ал буга чейинки маегинде “концерттен кийин жеке жашоомо көңүл бурам” деген эле. “Сүйүктүүм бар, баш кошуу боюнча так чечим чыгара элекпиз. Кыялым – тойду жаратылыш коюнунда өткөрүү” дейт шоу-бизнестин эрке кызы.

– Гүлназ айым, саламатсызбы? Көптөн күткөн концертиңиз мыкты деңгээлде өттү, толкундоолоруңуз тарай элек болсо керек...

– Ооба, өтө жакшы же өтө жаман окуя болгондо ишенип-ишене албай жүрө бересиң го. Мен азыр ошондой абалдамын. Чын эле “мен ушуну жасадымбы?” деп коём. Бошой калсам эле телефондогу видеолорду көрүп ушундай кооз сахнада, ушундай сонун концерт бердим деп сүйүнүп, толкунданып жүргөн убагым. Концерт бүтөрү менен тарс жыгылып, абдан уктасам керек дедим эле. Кайдан, энергиям ашып-ташып, уктай албай койдум. Ал эми концертимдин кандай өткөнүн эл баалайт. Мага бат эле бүтүп калгандай сезилди. Концерт берүүнүн түйшүгү кандай экенин буга чейин кесиптештеримден угуп жүргөн болсом, бул жолу жон терим менен сездим. Өтө чоң түйшүк экен. Азыр “аябай сонун концерт болду. Акыркы убактарда мындай концерт боло элек эле” деген сөздөрдү угуп жатам. Көңүлүмдү көтөрүш үчүн айтып жатышабы же чын эле жакшы өттүбү, билбейм. Жарымына чейин коркуп, калтырап, сүрдөп ырахатын сезе албадым. Жарымдап калганда коё берди ал толкундоолор. Ошондон кийин ырахаттанып, зал толо элди көрүп сүйүнүп, бир ыйлагым келип, бир кубанып өзгөчө сезимдерге бөлөндүм.

– Формаларыңыз да өзгөчө болду, кийимге канча каражат кетирдиңиз? Эң кымбаты азем таштар чегерилген 20 килограммдык көйнөк болду окшойт...

– Чыгармачылыкка киришкенден баштап көйнөктөрүмдү Арзубек Вонама тигип берет. Өзүм кандай көйнөктөрдү кийгим келгенин айттым, ал өзүнүн фантазиясын кошуп ушундай оригиналдуу көйнөктөрдү тигип берди. 20 килограммдык көйнөгүм “хит” болуп кетти окшойт. Ал жалаң таштар менен тигилди, этегинде салбаңдап турганы алыстан жип көрүнүшү мүмкүн. Бирок ал да темирге чапталган майда таштар. Эң оор, эң кымбат, эң жалтырак көйнөгүм ошол болду. Баасы 50 миң сомдой болду окшойт. Жалпы формаларыма канча акча кеткенин эсептей элекмин. Менимче, 150 миң сомдон ашык каражат кетти.

– Концертиңиздин чыгымы өзүн жаптыбы?

– Башында эле “өзүн жаппай калса” деген версияга даяр болчумун. “Зал толо эл келсе дагы, чыгымы өзүн жаппайт. Сахнанын жасалгасына көп акча коротпосоң гана өзүн жаап, пайда түшүшү мүмкүн” дешкен кесиптештерим. Өзүн жапкан жок. Бирок билеттер жакшы сатылып, эл зал толо келип берди. Концертке 20 миң долларга жакын акча сарптадым. Ал эми моралдык жагынан алганда, короткон каражатым, энергиям, аракетимди жапмак турсун ашып түштү. Биринчи концертимди өзүм каалагандай деңгээлде бергениме сүйүнүп, сыймыктанып, ыраазы болуп жатам. Жараткандын ушундай күндү насип кылганына шүгүр.

– Концерттен кийин эс алууга убакыт бөлдүңүзбү?

– Концерттен кийин жок дегенде 3 күн эс алыш керек экен. Азыр той мезгили эмеспи, эртеси күнү эле тойлор башталган. Ошол бойдон өзүмө келе элекмин. Жаңы жылдык иш-чараларды бүтүрүп алсак, анан январда жакшы эс алам деп ойлоп жатам.

– Алдыга кандай пландарды койдуңуз?

– Концерт жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат экен. Даярданып жатканда жакшы идеялар келди. 2023-жылы чыгармачылыктын башка тармагында өзүмдү сынап көрсөмбү деп ойлонуп жатам. Оюм ишке ашса биринчи силерге сүйүнчүлөйм. Мындан тышкары жазында Кыргызстандагы биз концерт коё элек жерлерди кыдырабыз деген ниетибиз бар.

– “Концерттен кийин жеке жашоомо көңүл бурам, жеке жашоомдо өзгөрүү болот” деген элеңиз...

– Аял киши үчүн үй-бүлө куруу маанилүү. Бизди үй-бүлөнүн куту болсун, көп балдардын апасы болсун деген миссия менен жаратат тура. Чыгармачылыкка аралашкандан кийин жеке жашоону кийинки планга жылдырганга туура келет экен. Жоопкерчиликтүү ишти бүтүрүп алдым, буюрса. "Кыздын чырагы кырк жерден жанат" дегендей, Кудайым чыгармачылыгымды колдогон мырзага жолуктурса экен деген тилегим орундалайын деп калды окшойт. Бир нерсе ишке ашмайынча алдын ала айтканды жактыра бербейм. Ошондуктан ачык айтпай турайын. Бирок, Кудай буюрса, мага сөз айтып, сунуш кылып жаткан мырзага жакшы көңүл бөлөм. Быйыл турмушка чыкпайм. Балким, кийинки жылкыга пландаштырабыз.

– Ал мырзанын шоу-бизнеске тиешеси барбы?

– Шоу-бизнеске эч кандай тиешеси жок, жеке ишкер. Көптөн бери таанып-билип жүргөн мырза. Жашы менден бир аз улуу. Ырчылыгыма көз карашы түз. Азыр аркы-беркини талкуулап, кеңешип жаткан учурубуз. Баш кошуп калсак, чоң той кылбайбыз. Чакан, романтикалык маанайда, аз эле адам катышкан той өткөрөбүз. Кыялым – тойду жайында жаратылыш коюнунда аз эле адамдын катышуусунда өткөрүү. Мен тандаган мырза деле буга каршы болбойт болуш керек.

– Жакшы. Бактылуу болуңуз!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kun-nuru
2022-11-24 10:26:00
Кенже Дүйшеевага окшоп калыптырго.
0
№ 1041, 18-24-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан