(Башы өткөн сандарда)
– Ошол.
– Кулагы эсимде калыптыр... Жанаша бассаң, кулагы кадимкидей бетиңди желпийт экен.
– Ошону айтсаңыз... Кеп менин аны жактырган-жактырбаганымда эмес. Өңү-түсү болгондо кете бермекмин.
– Өңүн башыңа урасыңбы? Мээсичи?
– Мээси деле жок. Ошон үчүн мен «түсү ийгиден түңүлбө» деген сөзгө катуу ишенем да.
– Мен «түсү ийгини» көргөм. Аз келгенсип түңүлгөм. Ошондон кийин акылына, адамдыгына маани берип калгам.
– Жаз келди, эже. Жаздын келгенине эртең менен ишендим...
ххх
– Мен Москвага жөнөөрдө үйдө бир жума жаңжал болгон. Жайкы каникулга Тилек келет, көрсөм сагынычым бөксөрөт деп жүргөм. Тилек болсо «жайкы каникулга барбай калдым, шартым жок, биротоло кийинки жылы барам» деп кат жазыптыр. Сагынганын, окууну бүтсө, өзү акча таба баштаса, бизге эч ким тоскоол боло албасын айтыптыр. Сөзсүз баш кошорубузду айтыптыр. Дагы көп нерселерди жазып, мага дагы көп убадаларды бериптир. Каттагы убадалар мен угуп эле жүргөн убадалар эле. Ишенип жүрүп жаман атыккандан кийин ишенгим деле келбей калган. Ошондон улам болсо керек, убадаларына маани деле берген жокмун. Биздин үйдөгү шартты, Тилектин апасы каалагандай болуп тез арада байып кетпешибизди жакшы эле билчүмүн. Бирок жеңилип бергим келбей, анткен менен жеңүүнүн да жолун таппай жүргөм. Болбосо ал экөөбүздүн үй-бүлөбүздүн ортосундагы айырмачылык асман менен жердей, баары көрүп турат, өзүм деле көрүп турам. Болгону, моюндагым келбейт. Көзүмө ушунча сүйүү, ушунча сагыныч баарын жеңип кетчүдөй көрүнөт. Ошондон уламбы, Тилектин узун катынан менин көзүмө «быйыл барбайм» менен «сени сагындым» деген сөздөрү көрүндү. Калган сөздөрү мээме кирген жок. Ичимден «келбесе, өзүм барам» деп чечтим. Буюмдарымды жыйнадым, поюзга билет алдым. Анан апам менен атама: «Мен Москвага кетем»,- деп айттым. Кетериме бир жума калганда айттым. Апам дароо эле: «Өлүгүңдү көрөйүн ары жок, жигитиңдин артынан баратасың да!» – деп кыйкырды. Андан ары үйдө айкырык-кыйкырык күчөдү. Мен: «Элге окшоп иштеп келем, акча табам, үйдү оңдойм, өзүм үчүн баратам, мен да өзүмө элдей сеп жасайм», – деп ынабайм. «Сеп» деген сөзгө улам басым жасайм. Апам болсо: «Биз кедей эмеспиз, биз орто жашаган адамдарбыз, өзүңө ылайык жерден жигит тап, өзүңө ылайык жигит менен сүйлөш!» – деп ынабайт. «Сени, сенин ата-энеңди тоготпой койгон үй-бүлөгө анча эмне жармаштың?! Мен баары бир сени ал үй-бүлөгө бербейм!» – дейт апам. Ошентип жатса деле апамды тиктетип туруп, Тилектин артынан баратканымды такыр моюндабай койдум. Акылымдын бир бурчунда «анын артынан барып, жолум болбой кайтып келсем, андан бешбетер шерменде болбоюн» деген ой турду. Шектенип эле жаттым. Өзүмдөн, Тилектен, кайда баратканымдан, жасап жаткан жоругумдан шектенип эле жаттым, бирок Тилекке эмес, өзүмдүн сезимиме, сүйүүгө ишенип жаттым окшойт. Иши кылып укмуш себептерди, шылтоолорду таптым. Шылтоом түгөнгөндө: «Мен чоң эле кызмын, өзүмдүн жашоомду өзүм чечем!» – деп көгөрдүм. Ортодо атам жүдөдү. Атам акыры менин тарабымды алды. «Баргысы келсе барат, жөн кой», – деди апама. Мен жеңдим. Апам жеңилди. Үйдөгү андан аркы уруш апам менен атамдын ортосунда уланды.
– Сенин арың жок, ошого кызыңдын да ары жок! – деп апам басылбай койду. Атам экөөбүз ары жокко чыгып калдык. Инилерим болсо:
– Сен кетесиңби? Эми биздин үйгө келбейсиңби? – деп жалдырайт. Айрыкча эки кичүү иниме менин үйдөн кетип жатканым катуу тийди. Байкуштарым бир ыйламсырашат, бир менин сөзүмө алданышат. Бир апамдын ачуусунан коркуп тымпыйып отуруп калышат. Улуусу өзүн жигит сезип калган. Бир барып апамды сооротот, бир мени сооротот. Инилериме: «Кө-өп акча иштеп келем, силерге белек алып келем, мен келгенче эстүү жигит болгула!» – деген сыяктуу сөздөрдү айтып жаттым. Ичимден болсо: «Бактылуу келсем экен, Кудай, бактылуу болуп кайтып келсем экен!» – деп тиленип жаттым. Апам урушуп, кыйкырып, ыйлап, каргашы мүмкүн, бирок бактысыздыгымды кечирет, а атам менин бактысыздыгыма түтмөк эмес. Апам эмне болсо деле биринчи мени күнөөлөйт, чындап күнөөлүү болсом, канымды ичет, теримди тескери сыйрыйт. Кичүүрөөк кезимде чыбык менен шыйракка чаап-чаап эле отургузуп койчу, бой жеткени анте албай калды, апамдын күчү тилине чыкканынын дагы бир себеби ушул. Бирок атам андай эмес, атам мени күнөөлөбөйт, биринчи өзүн күнөөлөйт. Атамдын мага жеңилип бергени, уруксат бергени да ошондон. «Кете берсин» деп кесе айтканы да ошондон. Мага куда келет деп келбей калгандан бери эле өзүн менин алдымда күнөөлүү сезип жүрөт. Мен болсо андан бешбетер мелтиреп, андан бешбетер бозоруп, атамдын айыбын күчөттүм да. Аяган жокмун. Өзүмдү да аяган жокмун. Атамды да аяган жокмун. Сүйүүмдү аядым...
Мен эртең кетем деген күнү атам мага көп нерсени айтты. «Кыйналсаң, кайтып келе бер. Өзүңө жакпаган нерсе болсо чыдап, тиштенип отура бербе», – деди. Бул жашоо меники гана экенин, мага гана таандык экенин, ага эч ким ээлик кыла албасын айтты. Батасын берди. Апам болсо: «Сени шашпа, шерменде, мурдуңдан желиң чыгат бир күнү! Өкүнүп ыйлап алдыма бир келерсиң, ошондо сага көрсөтөм!» – деди. Ызасына чыдабай ыйлады. Тагдырын, жашоосун, каатчылыкты, заманды, заманга кошуп өзүн, мени каргады. Апама: «Ыйлаба, баары жакшы болот, сен жакшысың, мен жаманмын, сен жакшы апасың, мен жаман кыз болдум», – дей албадым. Эч болбосо кечирим сурап койсом болмок, аны да жасай албадым. Кечирим сурасам эле ыйламакмын. Ыйласам эле жолго чыга албай, кете албай калмакмын. Кете албай калсам, сүйүүмдүн эмне менен бүтөрүн, бактылуу болор-болбосун көрбөй, билбей калмакмын. Айтор, айланкөчөктүн эле ичинде калдым. Бир билгеним – мен ошончо сагыныч, жүрөгүмдөгү ошончо күрөш менен эч жакка батпайт болчумун. Башка бирөөгө турумушка чыгып, бактылуу болуп деле жыргатмак эмесмин. Ошондон корктум. Анын үстүнө: «Баланчанын кызы жаман, эр албай койду, куда келбей койду», – деген сөздү жокко чыгарышым керек болчу. Өзүмдүн жакшы экенимди далилдейин дедим, бирок ошол учурда жакшы экенимди кимге далилдегим келип жатканына акылым жеткен жок. Талдап, түшүнгөнгө деле аракет кылбадым.
Жолго чыгарда апамды да, атамды да аядым. Экөө тең күйүп, арданып жатканын, мени аяп жатканын түшүнүп эле турдум. Түшүнмөксөн болуп жаттым да. Уяттан кечкен адамга билмексен болуудан өткөн чоң жардам жок. Моюнга алышым керек, уят экени чын. Кыз башым менен эркектин артынан баратканымдын өзү эле чоң уят болчу. Ошол кездеги мен үчүн уят болчу... Элдин балдарындай болуп «иштейм, акча табам, үй салам, окуйм» деп кетсем эмне эле? Саксаңдап сүйүүнүн, эркектин артынан жөнөп бербедимби...
(Уландысы кийинки санда)