РУБИКТИН КУБИГИ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

Бул оюнчукту билбеген адам аз болуш керек. Сиз деле анын бардык бетин толтуруп чыгууга аракет кылган чыгарсыз. Анда Рубиктин кубиги тууралуу кызыктарга көз чаптыралы.

Рубиктин кубиги оюнчугун 1974-жылы венгриялык скульптор жана архитектура профессору Эрнё Рубик ойлоп тапкан. Анын баштапкы өлчөмү 3х3х3 болгон. Кызыгы, бул оюнчук катары эмес, геометрия боюнча окуу куралы катары жасалып, "Сыйкырдуу куб" деп аталган, кийинчерээк аны ойлоп тапкан адамдын атынан аталат.

Учурда кубиктин ойлоп табуучусу негизинен видео оюндарды иштеп чыгуу менен алектенет, архитектура боюнча макалаларды жазат жана “Рубиктин студиясын” жетектейт.

Рубиктин кубиги – дүйнө жүзү боюнча эң көп сатылган оюнчук: бүгүнкү күнгө чейин 350 миллион Рубиктин кубиги сатылган.

Эрнё Рубик кубикти ойлоп тапканы менен, аны чечүү жолун билген эмес, ал биринчи жолу кубикти туура чечүүгө бир ай кетирген.

Стандарттык 3x3х3 Рубиктин кубигин 43 252 003 274 489 856 000 жолу алмаштыруу мүмкүн. Бул факт математикалык жактан далилденген. Адамдын ой жүгүртүүсүнүн алкагында бул иш жүзүндө чексиздик болуп саналат.

Оюнчук 1980 жана 1981-жылдары "Жылдын оюнчугу" наамына ээ болгон.

Кубик боюнча биринчи дүйнөлүк чемпиондук 1982-жылы Венгрияда өткөн. Ага дүйнөнүн төрт бурчунан 19 адам катышып, Лос-Анжелестин 16 жаштагы окуучусу дүйнөлүк рекорд койгон (22,95 секунд). Адистер муну 24-28 жүрүш менен чече алышат.

Рубиктин кубигин эң аз кыймылдар менен чечкен алгоритм "Кудайдын алгоритми" деп аталат. Математик Томас Рокицки компьютерде чоң масштабдагы эсептөөлөр аркылуу кубикти чечүү үчүн 22 кыймыл жетиштүү экенин далилдеген.

Кубикти чогултуу боюнча акыркы жылдардагы рекордчулар – Феликс Земдегс (4,73 секунд), Лукас Эттер (4,90 секунд), Колин Бернс (5,25 секунд). Алардын баары Фридрих ыкмасын колдонушкан.

Эң чоң Рубиктин кубиги АКШнын Теннесси штатындагы Ноксвилл шаарында жайгашкан. Анын көлөмү 3 метр, салмагы 500 килограмм.

Эң кымбат кубик 1995-жылы Diamond Cutters International тарабынан жасалган "Шедевр кубиги" болгон. Ал 22,5 карат аметист, 34 карат рубин, 34 карат изумруд жана 18 карат алтындан жасалып, 1,5 миллион долларга бааланган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1041, 18-24-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан