КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ: Жогорку Кеңеш келишимди ратификациялады

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Кыргыз-Өзбек чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын тең орток башкаруу жөнүндө келишимдерди ратификациялады. Жыйынга президент Садыр Жапаров баштан-аяк катышып, айрым суроолорго жооп берди.

“Тарыхый учурда башымды катып албайын деп парламентке келдим. Далилдүү документтер колуңарда турат, таанышып чыгып, жоопкерчиликтүү мамиле кылгыла. Биз туура жолдобуз, баарына тарых баа берет. Кемпир-Абад соолуп калса, астындагы жер бизге калсын деп кыйкырып жатасыздар. Суу соолубайт, дагы кылымдарга агат. Кокус соолуп калса, анда астындагы жерди башка жерге алмаштырып алсак болот” деди президент.

Маселени Жогорку Кеңеште кароо УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин баяндамасы менен башталды. Ал 1956-жылдан 1975-жылга чейинки документтер, анын негизинде Кыргыз-Өзбек чек арасы кантип өзгөргөнү, Кемпир-Абаддын тегерегиндеги кырдаал боюнча кеңири маалымат берди. Төмөндө Ташиевдин сөзүнүн урунттуу жерлерин сунуштайбыз.

“БЕРИЛИП КЕТКЕН ЖЕРЛЕРДИ КАЙРА АЛДЫК”

– Кыргыз бийлиги Өзбекстан менен сүйлөшүүдө мүмкүн болушунча жакшы натыйжага жетишүүгө аракет кылды. Мындан жакшы келишим болбойт. Талаштуу жерлер боюнча Өзбекстанга 1 сотых да жер берген жокпуз, суунун астында жаткан 4485 гектар жерден башка. Ушуну эске алгыла. Суунун астындагы жер биздики деп сууну карап отура бергенден пайда жок. 2 жылга созулган оор сүйлөшүүлөр жүрдү. Өзбекстан убагында курбай койгон каналы үчүн акчалай компенсация да сунуштады. Бирок биз макул болгон жокпуз, 1956-жылы биздин ата-бабалар берип жиберген жерди: 13 миң гектар Гавасайды алдык.

“ОРТО-ТОКОЙ БЕРИЛГЕН ЖОК”

– Орто-Токой суу сактагычы толугу менен биздики. Мындай чечим 2017-жылкы келишимде бекитилген. Бирок биз Орто-Токойдун суу астында жаткан жери үчүн компенсация сурадык. Анткени суунун 95 пайызын алар пайдаланышат. Башында “бербейбиз” дешти. Анда мен “андай болсо биз сууну агызабыз да, бошогон жерге Көк-Серек, Баястан айылдарынын элин көчүрүп келебиз. Силерге суу керек эмес болсо, бизге жер керек” десем, ойлонуп көрүшүп компенсация төлөөгө макул болушту.

“ЧЕЧМЕ БУЛАГЫНЫН СТАТУСУ АНЫКТАЛА ЭЛЕК”

– Кадамжай районундагы Чечме булагынын статусу аныктала элек. Миңдеген чакырым тилкелерди чечип, Чечмеге келгенде сүйлөшө албай калдык. Ал жерди буга чейин кандай пайдаланып келсек, мындан ары да ушундай эле пайдалана беребиз. Демаркация иштери учурунда да айрым жерлерди такташып алабыз.

ӨЗБЕКСТАН КЕЛИШИМДИ БУЗБАЙБЫ?

– Өзбекстан Кемпир-Абаддын тегерегине чек ара казыктарын орнотпойт, аскер алып келбейт деген кепилдик барбы деп жатышат. Кепилдик – ушул мыйзам. Мыйзамда так жазылып турат. Эгер бузса, анда эл аралык нормалар иштейт. Анда бузган тарап жооп берүүгө туура келет.

КЕМПИР-АБАД: ГОРИЗОНТТУ 900дөн ЫЛДЫЙ ТҮШҮРСӨ БОЛОТ БЕЛЕ?

– Кемпир-Абадда суунун горизонтун 900дөн ылдый түшүрө алган жокпуз. Булар "905тен ылдый түшпөйбүз, суу азайып кетет экен" деп туруп алышты. Акыры 900гө түшүрдүк, ошондо деле 900 горизонтко жеткенде суунун деңгээли Өзгөндүн айрым айылдарына жакындап барат. Эгер мурдагыдай 908 горизонтто калтырсак, анда көп үйлөр суунун астында калары анык болчу. Өзгөндүктөр суу тартылганда бошогон жерге дыйканчылык кылып келишкен, мындан ары деле кыла беришет.

“АЗЫР ЭМНЕ, КЕМПИР-АБАДДАН КЕМЕ МЕНЕН ӨТҮП ЖАТАСЫҢАРБЫ?”

– Кемпир-Абаддын суусунун астындагы жерди берсек, айланып өтүп калабыз деп жатасыңар. Кичине ойлонуп сүйлөгүлө да. Азыр эмне, суу сактагычтын үстүнөн кеме менен өтүп жатасыңарбы? Буга чейин деле айланып өтүп келгенбиз, мындан кийин деле айланып өтөбүз.

“ДҮРБӨЛӨҢ САЛСАК ДЕГЕН КҮЧТӨР КӨП”

– Өлкөгө дүрбөлөң салгысы келген күчтөр бар. Аларды түрткүлөп дем берип жаткандар тымпыйып ушул залда отурушат. Биз аларды билебиз. Алардын сөздөрүнө көңүл буруунун кереги жок. Көңүл бурсаң жинди болуп кетесиң. Эчен жылдан бери чечилбей келе жаткан Кыргыз-Өзбек чек арасына чекит коюу иши менин тагдырыма жазылганына сыймыктанам.

АЙТА КЕТСЕК...

Жыйында депутат Адахан Мадумаров сөз сүйлөөгө 10 мүнөт убакыт сурап, депутаттар макулдук беришкен жок. “Менде тарыхый документтер бар. Ал документтер бүгүн баяндамачылар айткан протоколдорду жокко чыгарат. Ошону айтып алайын, андан кийин кандай чечим чыгарсаңар да макул” деди Мадумаров. Мыйзамга ылайык, чек ара маселеси боюнча мыйзам долбоорлору аралыгы 10 күндүк тыныгуу менен 3 окууда каралышы керектигин, 1 күндө 3 окуудан өткөрүү мыйзамсыз экенин айтты.

Жогоркудагы келишимдер көпчүлүк депутаттардын добушу менен ратификацияланды. “Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө” мыйзамдын долбооруна каттоодон өткөн 83 депутаттын ичинен 64 депутат “макул”, 19 депутат “каршы” добуш берди. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун 65 депутат колдосо, 18 депутат каршы чыкты.

Аягында президент Садыр Жапаров депутаттарга ыраазычылык билдирип, “Кыргыз-Өзбек чек арасына чекитти койдук” деди. Жыл аягына чейин Тажикстан менен да чек ара талашына чекит коюу пландалып жатканын белгилеп өттү.

Ошентип, талкуу чордонунда келе жаткан маселеге чекит коюлду. Келишимди Өзбек парламенти өткөн аптада ратификациялаган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1041, 18-24-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан