(Башталышы)
– Мен сени биринчи жолу мындай абалда көрүп турам, Айдай.
– Кандай?
– Сени күчтүү деп эсептечүмүн, биринчи жолу канаттарың сынып калган куштай...
– Хм, жакшы салыштыруу. Бекеринен алгачкы кесибиң журналист эмес да...
– Эч кимге айта албаган сырыңды мага айтат деп ойлочумун, көрсө, менден да жашырган сырларың бар экен да.
– Кыйнабачы мени, убагы келгенде муну да сага айтармын, бирок азыр эмес. Кел, андан көрө азыркы үнүн уккан жигит тууралуу кандай оюң бар?
– Сен продюсер, ал ырчы, мындайлардын миңи сага келбеди беле. Эмнеге бул жигитке таасирлендиң?
– Билбейм...- аял башын чайкап туруп калды. Бирок азыр көз алдында көзүн чала жумуп, эргип ырдап жаткан жигиттин элеси келе калганда аза бою дүркүрөп бир башкача сезимге туш болду. Жүрөгү дүкүлдөп чыкты. Бир нерсе бар болчу бул балада... Бирок эмне? Айдай Иманова! Бул белгилүү ысымды азыр ким билбейт. Продюсер, ырчы, шоу дүйнөсүнүн кити, акуласы. Муну кырктын кырында деп эч ким айтпайт, эмнегедир өз жашынан өтө эле жаш көрүнөт эле. Ал эми маңдайында отурган жашамал 50 жаштарга таяп калган адам анын психологу, сырдашы, жардамчысы, санаалашы, досу, айтор, бардык ролдорду аткарган кишинин аты Илим. Бул эки адамдын жолдору кошулганы бир топ болду, экөөнүн тең өтмүшү, икаясы элдикинен башкача.
Телефон чырылдады. Аял карап туруп кабагы жыйрыла түштү. Илим телефондогу жазууну карап мыйыгынан күлүп алды.
– Оо, министр өзү телефон чалып жатабы, адатта, жардамчылары эле чалчу эле сага.
– Айламды кетирди.
– Эмне дейт?
– Эми булардыкы белгилүү да, алгач чай-пай ичели дейт. Кийин дагы бирдеме дейт, үчүнчү жолкусунда коюнуңа киргиси келет.
– Бирок сага жардамы да болот, аны да эсиңе алып кой.
– Азыр кереги жок эч кимдин жардамы, сен барсың, жетет мага.
– Мен бармын, мен бармынбы өзү?
– Илим, алтыным, сен дайым барсың.
– Койчу ай, ушинтип сөзгө семиртип коюп эле келе жатасың,- деди эркек үшкүрө.
– Сен мен үчүн бүтүндөй бир ааламсың.
– Аалам болсом да мага жылдыздар эч көңүл бурбайт,- деди тамашалаган Илим.
– Кел, Айдай, олуттуу бололу, чын эле мен сага кымбат адам болсом, турмуш куралы десем баш чайкап келе жатасың?..
– Балдарың бар, ажыраштыргым келбейт.
– Балдар чоңойду, өз жашоолору бар, мага муктаждыктары жок.
– Канчага чыксак да ата-энеге муктаждыгыбыз бар, сен муну жакшы билесиң...
– Эми бир жакка кетип калып жатыптырмынбы? Биринин үй-бүлөсү бар, экинчиси студент.
– Кемпириңчи?
– Ой, ал мени качан өлүп калат деп күтүп жүрөт. Кыскасы, сен билгендей менин бир бактылуу уям жок. Калган өмүрдү сени...
Аял басып келип алакандары менен эркектин оозун басып туруп калды. Башын чайкады. Дайым ушундай. Табышмактуу, жандырмагын чечтим деген убакта да чече албай келет. Миң кырдуу, жүз сырдуу аял. Ошонусу менен акылыңды алып, жаныңды сууруп алгандай кумарлантат. Илим акылдуу адам, баары бир бул жолу да дубалга такаларын билип үн катпай калды.
– Жүрө бер элдин баарынын көзүн кычыштырып...- деп бурк этип алды да, күрмөсүн ала эшикке чыкмай болду. Коштошпой кетип калды. Аял жамгырда узап бара жаткан адамдын караанын узата тиктеп турду. Келерин билет. Тиги терезени кылчайып карады, аял аны тиктеп турганын билди да, аргасыз колун булгалады. Ансыз кете албайт эмеспи, аял жылмайып алды. Ал эч бир жан билбеген сырдуу күндөлүгүн алды да “Бүгүн сен 17 жашка чыкмаксың!” деп жазды.
ххх
Кечээги ырдайм деген жигит эртеси дагы келди. Кирип келип эле Айдайга бир жылмайып койду, бул жылмаюуну кайсы бир жерден көргөндөй. Алкымы буулуп кетти.
– Салам!- деди балакай. Эркин көрүнөт. Көздөрү бир жерге турбай тынчсыз. Бул тынчсыз каректер да анын эсинде.
– Эмне болду сизге?
– Эмне болуптур?
– Өңүңүз башкача болуп кетти...
– Жок, баары эле жакшы...
– Атымды унутуп калдыңыз окшойт да, Эмирмин мен!
Аял жылмайып алды. Кантип унутат бул балакайды?
– Эмир, сени унуткан жокмун. Вокалдан кимден сабак алдым дедиң?
– Жок, сиз дагы мени алмаштырып алдыңыз, мен вокалдан сабак алган жокмун. Биринчи жолу эле келип отурам. Мурун мындай нерсеге барчу деле эмесмин, апакем сиздин ырдаганыңызды жакшы көрөт. Ошо-о...
Сөздөрүм кызыктуу эле болуп жатабы дегенсип токтоп калды да, Айдайды карады.
– Апакем дечи...
– Ооба, күндө мээме куюп “барып келчи” дей берди.
– Мен сени бирөөдөн окуган окшойт дептирмин, үнүң сонун экен.
– Мени мектепте Димаш дешет да,- деп мактана кетти. Ашыкча кеткенин байкап сөзүн оңдоп калды. – Эми-и, Димаш Кудайбергенди өзүм да жакшы көрөм, анын ырларын аткарып калганда айтып калышат.
– Кана анда, Эмир, кайра баштайлычы...
ххх
Илим эртең менен туруп адатынча чуркап келди. Аялы адатынча быжы-быжы. Дегеле ушунун наалыганы бүтпөйт, “күн суук, эшик жамгыр” деп деле эки саат наалый берет.
– Ой, байболгур, өзүң бир сыртка чыгып көрсөң боло, аба укмуш таптаза. Жашагың келет. Сен сыртка чыкпай эле ушинтип наалый бересиң.
– Сен мендей болуп оорусаң көрөт элем.
– Сеники жалкоолук деген оору. Тилекке каршы, дарысы жок,- деди тамашалаган Илим.
– Сен кыйын болбочу мага. Качан дачага кетесиң?
– Ушунча чоң үйдө соксоюп калдык, дагы деле батырбайсың.
– Кетчи, сени көрсөм эл ооруларым козголуп баштайт. Нерв кыласың адамды.
Илим башын чайкап алды. Ушундай бир ит жашоо өтүп жатканына кейиди. Эгерде тагдырды кайра жазып алуу мүмкүн болгондо, Кудай акы, кайра жазып чыкмак. Каталарын кайра баштан өчүрүп жазып ала алса кана адам?! Аялы дагы бир жаман сөздөрдү айтып көңүлүн кирдеткиче кетип калганга шашты. Аркы эшик ачылып студент уулу келип калды.
– Ата, кандайсыз?
– Оо, баатыр, кандай, жакшыбы?
– Ата, кетип жатасызбы?
– Ооба, ноутбугум бузулуп калып ошого келгем. Дачадамын.
– Ата, акча керек эле...
– Кечээги жума канча бердим эле сага?
– Эми, ата...
– Болуптур, бирок ойлонуп колдон, атаңдын акча басып чыгара турган станогу сынып калышы мүмкүн. Аны да ойлоп кой, баатыр...
– Бер балага, ансыз да Айдай деген шуркуяң...
Аялы уу сөздөрү менен уулай баштады эле, кулагын жапырып ата-уул чыга качышты. Машинесине отуруп жаткан Илим кыжалат боло берди. Биринчи жолу ага Айдай “Кутман таң!” деп жазганды унутту.
Телефон чалып көрмөк болду. Өчүк. Бир жакка кетсе дайым Илимге айтчу. Бул канча жылдан берки адаты эле. Эмне болсо да, кандай жагдай болсо да экөө бирин-бири кабарсыз таштачу эмес. Кызык, буга эмне болду? Иштен мурун Айдайдын студиясына айдатты машинени. Бул учурда ал ошол жакта болушу керек эле. Бирок ал жакта жок экен. Жардамчы кызы Айдай жок экенин, кечээтен бери телефону өчүк экенин, аны толтура адам издеп жатканын айтты. Илим эңги-деңги болуп туруп калды. Айдай кайда?..
(Уландысы кийинки санда)