ТӨРӨТТӨН КИЙИН КУРСАКТЫ КАНТИП КИРГИЗҮҮ КЕРЕК?

Бала – бакыт! Бул бакытка жетүү үчүн аялзаты баарына даяр. Кош бойлуулук процесси аял үчүн моралдык да, физикалык да сыноо болот. Өзгөчө төрөттөн кийин келбетинин өзгөрүшү айрымдар үчүн стресс болушу ыктымал. Макалабызда үй шартында төрөттөн кийин чыгып калган курсакты киргизүүнүн жөнөкөй ыкмаларын сунуштайбыз.

ТӨРӨТКӨ ЧЕЙИН ЭСКЕ АЛЫНЧУ ФАКТОРЛОР

Албетте, төрөттөн кийин келбет бат калыбына келиш үчүн кош бойлуулук мезгилинде эле айрым факторлорду эске ала жүрүү кажет.

Алгач акушер-гинеколог менен эмне жесе болот-болбой турганын кеңешип алуу зарыл.

Таттуу, ачуу, туздуу, кычкыл, ундан жасалган азыктарды ченеми менен жеш керек.

Фаст-фуд, газдалган суусундуктардан баш тартуу.

Эгер ден соолугуңуз чың болуп, врач эч кандай чектөө койбосо, анда көп кыймылдаңыз. Оор жумуштарды жасап эмес, басуу, күнүгө таза абада сейилдөө, жеңил физикалык жумуштарды кыла берсеңиз болот. Диванда жата берсеңиз төрөт да оор болот.

Кош бойлуулукка чейин эле спорт менен машыгып, булчуңдарыңыз мыкты абалда болсо, төрөттөн кийин келбетти калыпка келтирүү жеңил болот.

ТӨРӨТТӨН КИЙИН...

Төрөттөн кийин алгач эле моралдык жактан даярдык керек. Аял моралдык жактан күчтүү болушу үчүн негизгиси жолдошунун, жакындарынын колдоосу, сүйүүсү жана жардамы керек. Жардам дегенде бала багууга жардам берүү, аялга бир саат болсо да өзүнө кам көрүүгө, же болбосо тынчтыкта эс алууга убакыт берүү, тоскоол болбоо, үй жумуштарына кол кабыш кылуу жана башкалар. Төрөттөн кийин аялдын организми 6-8 жумада калыбына келет. Ага чейин ал жакшы тыңышы керек: колун сууга салбоо, оор көтөрбөө, витаминдүү тамак-аш менен азыктануу. Андан кийин курсакты киргизүү үчүн чыдамкайлык, күчтүү эрк жана убакыт талап кылынат.

ЭХ, КУРСАК, КУРСАК!

Төрөттөн кийин курсактын чыгып калышы табигый эле процесс. Себептери:

1. Жатын кадимки көлөмүнөн элүү эсе чоңоёт;

2. Курсакта баланын коопсуздукта чоңоюшу үчүн “май жаздыкчасы” топтолот;

3. Кош бойлуулуктун акыркы айларында курсак булчуңдары, байламталар, тарамыштар жана тери ого бетер чоюлат;

4. Кош бойлуулук мезгилинде омурткага кандай күч келсе, бала төрөлгөндөн кийин аны көбүнчө энеси карагандыктан кайра эле омурткага ошондой эле күч келет. Натыйжада аял бүкүрөйүп, баланы ыңгайлуу кармаш үчүн курсагын алдыга чыгарып жаздыкчага айлантып алат.

5. Дагы бир себеп – аялда диастаздын өөрчүп кетиши болушу мүмкүн. Диастаз – бул курсактагы түз булчуңдардын ажырап кетиши. Ичтеги булчуңдар бири-бирине так борбордон тарамыш аркылуу биригип турат. Дал ошол тарамыш курсакка күч келгенде ажырап, булчуңдардын ортосу ачылып кетет. Бул өз алдынча айыгып же калыбына келе турган нерсе эмес. Аны алгач аныктоо керек, баштапкы стадияларында тийиштүү көнүгүүлөрдүн жардамы менен жөнгө салса болот. Ал эми өтө чоң болуп ажырап кеткен болсо хирургдун кийлигишүүсү талап кылынат.

КӨНҮГҮҮЛӨР

Эскертүү! Көнүгүүлөр төрөттөн кийин 6-8 жума өткөндөн кийин гана жасалуусу шарт. Кесарево жолу менен төрөгөн айымдар 4-5 айдан кийин гана баштаса болот. Төмөндөгү жөнөкөй жана опоңой көнүгүүлөр курсакты киргизүүгө эле жардам бербестен, денени түз алып жүрүүгө, бут, жамбаш булчуңдарын чыңдоого да көмөкчү болот.

1. Басуу. Бөлмөнүн ичин тегеренип, ары-бери басыңыз. Анан согончок менен басып бөлмөнү айланыңыз. Кийинки айлампада буттун учуна туруп басыңыз. Тамандын ички-сырткы капталдары менен да айлампа жасаңыз. Бул көнүгүү бут булчуңдарын, жамбаш сөөктөрдү бекемдөөгө жардам берет. Көнүгүүнү 10 мүнөттөн баштап, акырындап убактысын көбөйтө бересиз.

2. Туруу. Бүкүрөйбөй ийинди түз кармайсыз, бутуңузду 10 сантиметр аралыгында коёсуз, колуңузду канат сымал эки тарапка жайып түз кармайсыз. Андан кийин демди ичке алып буттун учуна туруу керек. Дем чыгарганда таманыңыз жерге толугу менен тийгендей абалга келесиз. Бул көнүгүүнү да 10 мүнөттөн баштап, организмге күч келбей калганын сезгениңизде көбөйтүп аласыз.

3. Бул көнүгүүдө ийиниңиз башынан аягына чейин түз абалда болушу шарт. Колуңуз менен столду таянып алып алгач оң бутуңузду алдыга-артка, капталга көтөрөсүз, анан сол бутуңуз менен да дал ушул эле кыймылдарды жасайсыз. Тизе бүгүлбөшү шарт. Убактысын 10 мүнөттөн баштай бериңиз.

4. Эми көмкөрөңүздөн жатыңыз, колдорду жерге таяп, дененин жогорку бөлүгүн көтөрөбүз, баш чалкалаган абалда болот. Эгер жасай алсаңыз, дененин жогорку бөлүгү көтөрүлгөндөн кийин сууда сүзгөндөй колуңузду ары-бери кыймылдатыңыз. Анан кайрадан мурунку абалыңызга келесиз. Бул көнүгүүнү 3-4 жолу кайталасаңыз болот.

Эскертүү! “Чарчабай эле турам, эч жерим оорубай эле” деп оор көнүгүүлөрдү жасап, организмге күч келтирип албаңыз. Төрөгөн аялдын организмин калыбына келтирүүдө “кыбыраган кыр ашат” деген кеп туура келет. Негизгиси, эринип таштап салбай, күнүгө жарым саатты келбетиңизге бөлүп коюңуз.

МЕНЮ

Албетте, майлардан арылуу үчүн тамак-аш рационго да көңүл буруу абзел. Бала эмизген аялдар өзгөчө кылдат болушу шарт. Эмне жесе болот?

  • Алгач врачтан кеңеш алыңыз.
  • Фаст-фуд, жарым фабрикат азыктар, газдалган, алкоголдук ичимдиктер болбойт.
  • Зайтун же башка өсүмдүк майы кошулган салаттар болот. Майонез, даяр соустар жарабайт.
  • Орточо майлуу быштак жеңиз.
  • Дан өсүмдүктөрүнөн жасалган тамак-аштар болот.
  • Жаңгак түрлөрүн аз-аздан жесеңиз пайдалуу.
  • Бууга же сууга бышкан эттин түрлөрүн, балык жей бериңиз.

Балаңыздан ашкан тамакты жегенди токтотуңуз. Көбүнчө аялдар баласынан ашкан тамактарды жей берип канча жегенин билбей семирип кетишет. Андан көрө балаңыз канча өлчөмдө тамак жей турганын байкаңыз да, ошончо өлчөмдө эле бериңиз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1041, 18-24-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан