Чыңгыз Айдарбеков, Жогорку Кеңештин депутаты: «ТАРАЗАДА ЭЛДИН ТАГДЫРЫ ТУРГАНДА ОРТОЗААР ПОЗИЦИЯ ЖАРАБАЙТ»

Айтылуу Иманалы Айдарбековдун урпагы, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков менен өлкө тарыхый чечим кабыл алуунун алдында турганда баарлаштык. “Мен үчүн репутация маанилүү. Кандай иш кылбайын ата-бабамдын атын булгабоого аракет кылам” дейт эл өкүлү.

– Саламатсызбы, Чыңгыз мырза? Кемпир-Абад маселеси саясий тагдырыңыздагы чоң окуя болуп калды окшойт. Бул саясий позициябы же, айрымдар айткандай, популисттик кадамбы?

– Саламатчылык, мен эч качан популисттик кадамдарга барган эмесмин. Буга чейин айтканымдай эле, бизге Кемпир-Абад боюнча документтерди толук беришкен жок. Кайсы мамлекеттик органда иштебейин, бардык жерде расмий документтерге гана таянам, ошондон тыянак чыгарып, тең салмактуу чечим чыгарганга аракет кылам. Кемпир-Абад маселесинде да бүт тарыхый документтерди карап чыктым, анын негизинде азыркы позицияма токтолдум. Чынында, ал биздин жер, биздин аталар эч качан аны башка жерге алмаштырган эмес. Суу сактагыч өзбек тараптын суранычы менен СССРдин бюджетинен акча бөлүнүп курулган. Компенсация менен жер алмашуунун айырмасы чоң, биз аларга суу сактагыч куруу үчүн жер бергенде алар компенсация катары башка жерлерден бизге жер тилкелерин беришкен, бул жер алмашуу дегенди билдирбейт. Менин саясий позициямда эч кандай популизм жок. Каршы болбой ортозаар, тынч позицияны деле кармансам болмок, бирок бул жерде менин жеке маселем эмес, элибиздин тагдырына таасир этүүчү окуя болуп жатат. Кээ бир маселеде ушундай, ыңгайлуу эмес позицияны карманууга туура келет.

– Депутат катары сизде эл билбеген кандай маалыматтар бар? Ачык жарыяланбаган документтер да бар дешүүдө?

– Биздин ошол кездеги аталарыбыз документтердин негизинде гана иш алып барышкан. Бардык тарыхый документтерди карап чыкса болот. Интернетте да бар, Турдакун Усубалиевдин китебинде бар. Кемпир-Абад биздики экендиги бул сыр же купуя эмес.

– Айдарбековдун бир катачылыгы – комитеттин жыйынын өткөргөнү деп жатышат. Эмне үчүн жыйынды өткөрүүдөн башында баш тарткан жоксуз?

– Антүүгө таптакыр болбойт болчу. Дүйшөмбү күнү дайыма комитет жыйыны өтөт. Мага дем алыш күнү төрага чалып “эртең өкмөт айрым жер участокторду делимитациялоо боюнча маалымат берейин деп жатат, угуу жана талкуулоо өткөрөлү” деди. Бул жерде эч кандай мыйзам бузулган жок. Талкуулоого жана угууга биздин укугубуз бар. Актуалдуу, орчундуу маселени талкуулоодон эмне үчүн биз баш тартышыбыз керек?

– Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык рангынан ажырадыңыз. Бул чечим сиздин жашооңузда эмнени өзгөртөт?

– Мен өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп келе жатам. Бул жөн эле берилген ранг эмес болчу, артында менин көп эмгегим жатат. Күнү-түнү иштегенбиз, чоң ийгиликтерди жаратканбыз. Албетте, акыйкат чечим болбой калды. Бул күндөр да өтөт, ак ийилет, бирок сынбайт. Эмне үчүн мындай кадамга барышканы жогоруда берген сурооңузга байланыштуу экенин баары билет.

– Сиздердин фракция азыркы бийликке оппозициябы?

– Расмий түрдө эч ким оппозициябыз деп жарыялай элек. Биз иштеп жатабыз, конструктивдүү сын-пикирлерди айтабыз, сунуштарды да беребиз. Бул жерде радикалдуу оппозициянын таптакыр кереги жок, баарыбыз мамлекет үчүн иштеп жатабыз.

– Мурдагы бийликтердин тушундагы саясий куугунтуктар боюнча чын эле убагында эмнеге үн каткан эмессиз?

– Ар бир кызматта отурганда ошол кызматыңдын чегинде гана кадамдарды жасашың керек. Атамбаевдин убагында мен Жогорку Кеңеште Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси элем. Бул кызмат ордунун функциясы бөлөк, бирдеме айтсам деле эч ким этибарга алмак эмес. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси болуп дайындалдым. Япондор менен тыгыз иштешип, тарыхта биринчи жолу JICA уюмунун жетекчиси Кыргызстанга келген. Иштеп жүргөндө өлкөгө инвестиция тартуу багытында көп алгылыктуу иштерди жасагам, 74 миллион доллар жеке инвестицияларды, гранттарды тарттык, мындай жетишкендиктер буга чейин тарыхта болгон эмес. Кыска убакыт ичинде жакшы жыйынтыктарды көрсөткөнүбүз үчүн ошол кездеги өкмөт жана өлкө жетекчиси мени тышкы иштер министри кызматына чакырган.

– Мамлекетти түптөгөндөрдүн бири Иманалы Айдарбековдун урпагысыз. Эмнеге чоң атаңыздын эмес, чоң апаңыздын фамилиясын алып калгансыз?

– Иманалы Айдарбеков менин чоң таятам. Ал 1939-жылы кан жыттанган кара келтекке түшүп, 53 жашында камакка алынган. Аны Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Абдыкадыр Орозбеков өңдүү инсандарга каршы көрсөтмө бер, аларды саткындар деп жазып бересиң деп кыйноого алышкан. Айдарбеков 1 жыл бою түрмөдө сабалып келген. Алардын талабына макул болбогону үчүн 22 жаштагы кызын окуудан чыгып келе жатканда өлтүрүп кетишкен. Менин чоң энем Рафа Айдарбекова экинчи кызы болгон, ал боорукер адамдардын жардамы менен аман калып Москвада медициналык окуу жайга тапшырып, экинчи дүйнөлүк согушта биринчилерден болуп фронтко кеткен кыргыз дарыгери болгон. Ошондо чоң атам Зыфар Эгембердиевди жолуктуруп турмушка чыккан. Чоң атам Кыргыздын биринчи саламаттыкты сактоо министри, азыркы биздин Улуттук госпиталды негиздеген адам. Айдарбеков фамилиясын мен 21 жашыма чейин алып жүрдүм. Кийин Эгембердиев кылып өзгөрткөм. Рафа чоң апам каза болордо “Айдарбековдун фамилиясын алып жүрчү урпагы жок, анын ысымын бийик көтөр, унутта калтырба” деп керээзин айтып кетти. Кийин атам каза болду. Ошентип чоң апам Рафанын, атамдын керээзи менен Айдарбеков деген фамилиямды кайра алдым. Мен эки залкар инсандын урпагы экениме сыймыктанам жана алардын фамилиясын чогуу алып жүргөнгө аракет кылып жатам. Кайсы бир күнү бул кыялым орундалат деп ишенем.

– Бизнесиңиз барбы? Үй-бүлөнүн негизги киреше булагы эмне?

– Бизнесим бар, бул сыр эмес. Бир туугандарым менен мал чарбачылыкка байланыштуу ишкерлик кылабыз. Мыйзамды сыйлайм, баш ийем, 2009-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жыл сайын кирешем тууралуу отчёт берип турам. Анын баары декларацияда бар. Өмүрүмдө бир жолу батир алайын десем ал көп кабаттуу үйдүн да курулушу узакка созулуп, дагы деле бүтө элек. Учурда үй-бүлөм апам менен чогуу турабыз. 4 баланын атасымын.

– Спорттун кайсы түрүнө кызыгасыз?

– Тоого чыкканды жакшы көрөм. Бирок азыр саясаттан кол бошобой көптөн бери чыга элекмин. Мектепте волейбол ойноп жүргөм. Стол теннисинде ойноого, сууда сүзүүгө, футболго кызыгам. Дем алыш күндөрүн үй-бүлөм менен чогуу өткөргөн жагат.

– Маегиңизге рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1041, 18-24-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан