ИЛИМДИ БАГЫНТКАН АТАКТУУ БОРИС КУБАЕВ

Борис Хамитович Кубаев – эл агартуу тармагында профессионалдык деңгээлде жарым кылымдан бери эмгектенип келет. Анын жогорку деңгээлдеги уюштуруучулук сапаты, илимде жараткан ийгиликтери Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да белгилүү. Жакында Борис Хамитовичке Оксфорд академиялык союзуна мүчөлүккө сунушталган атайын кат келди. Жогорку даражадагы илимпоздун жана мыкты инсандын өмүр баяны, жетишкендиктери тууралуу сөз кылалы дедик.

ОКСФОРД АКАДЕМИЯЛЫК СОЮЗУНА МҮЧӨЛҮККӨ СУНУШТАЛУУДА

2022-жылдын 8-ноябрында Борис Хамитовичке Оксфорд академия союзуна мүчө болууга сунушталган атайын билдирүү келди. Анда төмөнкүдөй жазылат:

– Кымбаттуу профессор Борис Кубаев! Сизге расмий түрдө Оксфорд академиялык союзуна (Улуу Британия) толук кандуу мүчө катары катталууңузду сунуштап кайрылып жатам. Бул сунуш сиздин социалдык жана бизнестеги профессионалдык ишмердүүлүгүңүзгө байланышкан. Интернацоналдуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан коомчулукта, биз Оксфорд академиялык союзунун жаңы мүчөлөрүн тааныштыруу жаатында салтанаттарды өткөрүп турабыз.

Мүчө болуу презентациясы 20-декабрда Сократ сыйлыгын тапшыруу учурунда Оксфорд ратуша (коомдук жай), Сент-Алдет көчөсү, OX1 1BX дарегинде өтөт.

Салтанат салттуу Оксфорд саммитинин “Лидерлер келечекти аныкташат, келечек лидерлерди аныктайт!” аттуу иш-чаранын кульминациясы болуп калат.

Саммиттин бир бөлүгүндө чыгып сүйлөө мүмкүнчүлүгү болот, анда өзүңүздүн жетишкендиктериңизди жана ноу-хау, ошондой эле сиздин компаниянын инновациялык мүмкүнчүлүгүн айтып билдире аласыз.

Саммиттин катышуучулары салтанатта ошондой эле 21-декабрга жаңы жылдык EBA виски-клубуна чакырык ала алышат, муну менен бейформал жагдайда аймактык бизнес-элита менен таанышып, потенциалдуу өнөктөштөр менен жолугуша алышат.

Оксфорд академиялык союзуна мүчө болуу төмөнкүлөрдү ичине камтыйт:

Жеке төш белги, мөөр жана сертификат

Союздун логотибин, статусун жеке жана ишкер маалымат алышууда, тексттерде, өмүр баянында, макалалар жана башка жарыялоолордо, анын ичинде ЖМКда, интернеттерде колдонууга болот

Академиялык союздун спикерлер бюросунун тизмесине кошууга сунуштама

“Илимдеги ат” сыйлыгын алууга арыз жазууда артыкчылык

Оксфорд академиялык союзунун Ардактуу профессору наамына ат салышууга мүмкүнчүлүк

Академиялык союздун эгидасынын алдында өз атынан стипендия дайындоо мүмкүнчүлүгү

Оксфорд дебаттарына (онлайн жана офлайн) үзгүлтүксүз катышууга мүмкүнчүлүк

Урматым менен Жулия Чемберс, Оксфорд академиялык союзунун долбоорунун координатору

ИЛИМПОЗДУН БЕЙНЕСИНЕ СҮРТҮМДӨР

• Кубаев Борис Хамитович – Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, академик, экономика илимдеринин доктору.

• Эмгек рыногу тармагында окумуштуу-экономист. 29 монография жана окуу колдонмо эмгектерин, 150дөн ашык илимий макаланы жарыкка чыгарган. Илимий конференцияларга катышып, АКШ, Франция, Япония, Италия, Испания, Чехия, Польша, Иран, Германия, Таиланддын жогорку окуу жайларында лекцияларды окуган.

• 2001-жылы рынок экономикасы жаатындагы илимий иштери үчүн “Нобель” сыйлыгынын ээси Василий Леонтьев атындагы алтын медалга ээ болгон. 1998-жылы Дүйнөлүк энциклопедиянын “Өзгөчө белгилүү жетекчилер” бөлүмүнө аты-жөнү киргизилген. Ушул эле жылы АКШда “Жыл адамы” деп жарыяланган. Анын барельефи Нью-Йорк шаарында оюлуп чегилген.

• Илимий иштерден тышкары публицистика менен да алектенет. Повесттери жана ырлары 18 китеп болуп жарык көргөн. Андан тышкары “Мусулмандарга ислам тууралуу” деген да китеби чыккан.

• Заманбап информациялык технологиялар институтунун жетекчиси. Өзүнүн студенттерине “Жакшылык жерде калбайт” сыяктуу эң сонун акыл-насааттарын айтып келет.

• Адамдарга жакшылык каалаган, колунан келген жардамын аябаган, эмгекти сүйгөн, шайыр-шатман жүргөн адам. Бирге иштешкендери аны ЖАРАТМАН деп аташкандары бекеринен эмес. АДАМ деген атка толук татыктуу инсан. 5 тил билет.

ЭНЕНИН ТИЛЕГИ ЖАНА ӨЖӨР БАЛА

– Мен 1943-жылы Кавказда, Карачай-Черкес Республикасында туулгам. Ошол жылдары Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу кавказ элине кошуп бизди да Орто Азияга жер котортушту. Адегенде Казакстанга түштүк. 6 айдан кийин Кыргызстанга, азыркы Сокулук аймагына көчүп келгенбиз.

Мектепке 1951-жылы бара баштадым, Төмөнкү Чүй айылында 10-классты бүттүм. Орус мектепте окуган дегеним эле болбосо, орус тилин жакшы билчү эмесмин. Мугалимдер жетишсиз. Мугалим эле эмес, азык-түлүк, кийим тартыш заман эле да. Жашоодон көп эле кыйналдык. Энем байкуш мени канатына калкалап багып, “ушул балам келечекте адам болсо экен, бир кесиптин ээси болсо экен” деп жүрдү. Намаз окуган сайын ушуларды айтып тиленчү. Апамдын тилегин актап, тырышып бардык сабактардан жакшы окудум, бирок орус тилинен жалаң “2”, “3” деген баа алчумун. Менин окууга болгон далалатымды түшүнгөн, орус тилинен кыйналганымды билген Васильева Анна Каиревна аттуу мугалим мага 3 айдын ичинде орус тилин үйрөттү да койду. Атактуу жазуучу Лев Толстойдун “Анна Каренина” чыгармасын кол менен толук көчүртүп жаздырып чыкты. 98 дептер болду. Ошентип, китепти көчүрүп жазууда орусчаны жатка үйрөндүм. Андан кийин орус тилинен кыйналган жокмун. Көрсө, китептен көчүрүп жазууда бир эле учурда жазып, көрүп, окуп эстеп калуу функциялары иштейт тура. Тигил эжей көрөгөчтүк кылган экен. Ошондо аракет кылсаң, каалооң күч болсо самаган нерсеңе жетсең болот дегенди жон терим менен сездим. Кийин илимге киришип кетишиме да ушул себеп болду окшойт. Классташ балдар “Анна Каренинаны” ким жазган билесиңерби? Аны Борис Кубаев жазган” деп тамашалап калышчу.

Мектепти бүткөн соң жогорку окуу жайдын чет тилдер факультетинде окууну самадым. Бирок энем менин оюма кошулбады. Макул деп энем айткан Политехникалык институтка тапшырып, окуп калдым. Анан тирегим болгон энемдин көзү өтүп кетти. Мени тыйган эч ким жок, окуудан чыгып, Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетине тапшырдым. Чет тилди билсең көп нерсеге колуң жетерин, келечегиң ачыларын ички туюм менен сезип, билчүмүн.

Жогорку окуу жайды бүткөндө мени кетирбей жумушка алып калышты. Ал жерде окутуучу, ага окутуучу, кафедра башчысы, чет тилдер факультетинин деканы болуп жалпы 15 жыл иштедим. Комсомолдун борбордук комитетинде, билим берүү министринин орун басары (3 жыл 4 ай) болуп да эмгектендим. Экономика институтун да аяктадым. Ошол институттун экономика факультетинин деканы, кийин проректору болуп 7 жыл иштедим.

Эмгек жолумда Япония, Таиланд, Германия, АКШда элчи болуп да иштегем. Экономика жаатында докторлук дессертациямды коргодум, көптөгөн монографияларды, окуу колдонмо эмгектерин, илимий макалаларды жарыкка чыгарууга жетиштим.

Негизи, адамды ийгиликтерге иштен талбагандык, изденүүчүлүк жеткирет экен. Тилектерим энемдин Кудайдан сурануусу, Кудайымдын колдоосу аркылуу ишке ашты. Баарына шүгүр кылам.

Урматтуу Борис Хамитович, буюрса, Оксфорд академиялык союзуна мүчө болушуңуз менен куттуктайбыз! Мындан ары да албан ийгиликтерди жаратып, заманбап кадрларды даярдап чыгарууга салым кошо бериңиз. Биз СИЗ менен сыймыктанабыз! Анткени аталган союзга Кыргызстандан болгону
2 адам гана мүчө боло алса, анын бири СИЗ болуп отурасыз!

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1041, 18-24-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан