19 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫН ӨЛҮМҮ. Маркумдун жакындары кылмышкерге оор жаза сурашууда

Базар-Коргон районунун 19 жаштагы тургуну Айдана Алмазбек кызы мыкаачылык менен өлтүрүлүп каза тапты. Жакындары укук коргоо органдарынан жана өлкө жетекчилеринен кылмышкерди оор жазага тартууну талап кылышууда. Окуянын чоо-жайын айтып беребиз.

Дамира Карабаева, маркумдун апасы: “ЖАЛГЫЗ КЫЗЫМ ЭЛЕ”

– 7-ноябрь күнү кызым экөөбүз үйдөн чогуу жолго чыккан элек. Ал Жалал-Абад шаарына, мен Базар-Коргондун базарына бармакмын. “Апа, силер ооруганда жок дегенде ийне сайып турганга жарайын” деп атайын медициналык 3 айлык курста окуп жаткан болчу. Мен кетчү автобус эрте келгендиктен мен дароо отуруп кеттим, кызым аялдамада шаарга кетчү унааны күтүп калган эле. Түштөрдө “жакшы жетип алдыңбы?” деп сурайын десем телефону өчүк экен. “Сабагында болсо тоскоол болбоюн, өзү чалып калар” деп кайра чалган жокмун. Саат 2лерде кызыма кайра чалдым, дагы өчүк. Кызым телефонун буга чейин олуттуу себеби жок өчүрчү эмес эле. Дароо эле оюма ар кайсы нерселер келе баштады. Шаардагы балама чалдым, ал “апа, кабатыр болбоңуз, келип калар” деп койду. Чыдабай таксиде келе жатса тосуп чыгайын деп жол боюна чыктым, дагы деле жок. 5-ноябрда Орусиядан байкеси келген эле, ага чалдым. Ал эки машина достору менен келип издеп баштады. Курбулары менен тойго кетип калдыбы деп Жалал-Абаддын кафелерин түрө кыдырдык, айылдарды кыдырып издеп таппай койдук. Айдана кызым бейчеки баспаган, 5 маал намаз окуган, токтоо жан эле. Менин 3 уулум, 1 кызым бар. Айдана 3 эркектин арасында агалап чоңоюп өстү. Кээде ажатканага чыкса да “апа, чалбаңыз, мен үй жакта эле болом” деп тамашалап калчу. Анткени анын жоктугу дароо билинет, кичине жок болсо эле издеп баштайт элем. Ошол күнү кечке туугандар менен издеп таппадык, жакындарым “коё турчу эми, бойго жеткен кыз болсо, балким, алыс жакка ала качып кетишкендир, кабар келип калар” деп да жубатып жатышты. Болбосо мен ошол күнү эле милицияга барып арыз жазмакмын.

“КЫЗЫМДЫН СӨӨГҮН МОРГДОН ТАБАМ ДЕГЕН ОЙ ҮЧ УКТАСАМ ТҮШҮМӨ КИРГЕН ЭМЕС”

– 8-ноябрь күнү райондук милицияга барып арыз жазалы десек эле, таң эрте бир кыздын сөөгү каналдан табылганын айтышты. Балдарым барып караса Айдана экен. Бизди моргго жиберишти, кызымдын сөөгүн моргдон табам деген ой үч уктасам түшүмө кирген эмес эле. Айла жок, бешенесине жазганы ушул белем (ыйлап). Башына эле чаба берген окшойт, бети-башынан тамтык калбаптыр. Оозу жарылган. Чачы да узун эле, чачтары жулунган. Мен бетин эле көрдүм, жанына жакын жолотпой коюшту балдарым. Сөөгүн жууган келиндер “бели шалкылдап калыптыр каналга ыргытканда бели сынган окшойт” дешти. Азыр медэкспертизанын жыйынтыгы толук чыга элек, зордукталганбы, билбейбиз. Денени жууган келиндер белинен ылдый жакта көк ала тактары жок экен дешти. Өлтүргөн мыкаачы, айбан 7-ноябрь күнү дүкөнгө кирип таттууларды алыптыр, бала бакчага, мектепке да барган ал байкоочу камерага түшүп калган. Менимче, ал ошол күнү өзүнүн курмандыгын издеп жүрүп аялдамада жалгыз турган менин кызымды көргөн окшойт. Кызым деле “атамдай киши экен, эч нерсе кылбаса керек” деп унаасына отурган да. Кылмышкер менен менин күйөөм мурун 3-4 ай чогуу иштеген экен. Трактор айдачу экен. Буга чейин оор кылмыштары үчүн 3-4 жолу соттолуп отуруп чыкканын билдик. Кечээ жакында тууган-урук менен ал жашаган үйгө барсак, үй-бүлөсү көчүп кетиптир. Барып үйүн таш бараңга алсак деле болмок, бирок мыйзамды бузбай эле аксакалдарды ортого салып сүйлөшөлү дегенбиз. 19 жаштагы он гүлүнүн бири ачыла элек кызымдан айрылып отурам. Айбанга суроолорум көп, “эмне үчүн, кызымдын кайсы күнөөсү үчүн өлтүрдүң?” дейин дегем. Өзүнүн да 3 уул, 1 кызы бар экен. Эч бир эне мендей болуп сыздабасын, каргыш тийсин канкорго.

Укук коргоо органдарынан, өлкө жетекчиси Садыр Жапаровдон, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден суранып кетет элем, ушундай мыкаачыларды биз эмнеге 3 маал тамак берип багышыбыз керек? Атууга өкүм чыгарып беришсин же биздин колго салып берсин, эл өзү жазалайт.

Жалал-Абад ОИИБи: “ШЕКТҮҮ КАТАРЫ 58 ЖАШТАГЫ ТУРГУН КАМАККА АЛЫНДЫ”

– 2022-жылдын 8-ноябрь күнү саат 9:30дар чамасында Ноокен районунун аймагынан агып өткөн сайдын ичинен 19 жаштагы кыздын киши колдуу болуп каза болгон жансыз денеси табылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында окуяга шектүү катары буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгон, акыркы жолу 2021-жылы баңгизатына байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Сузак районунун тургуну, 1964-жылы туулган О.А. аныкталып абакка киргизилген.

Тергөө учурунда шектүү жасаган оор кылмышы боюнча, кызды Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагындагы аялдамада турган жеринен унаасына салып, Сузак районунун аймагында өлтүрүп, жансыз денени Ноокен районунун аймагындагы каналга ыргытып жибергендигин айтып берген. Окуя болгон жерди, жагдайларды жеринде көрсөтүп, ал көрсөтмөлөрү видеожазуу менен бекитилген.

Мындан сырткары кылмыш иши боюнча шектүүнүн Тойота Королла үлгүсүндөгү автоунаасы далил зат катары алынып, автоунаага кароо жүргүзүү учурунда автоунаанын арткы орундугунун оң жак тарабынан кара-кочкул түстөгү канга окшогон зат аныкталган. Ошондой эле автоунаанын алдыңкы орундугунун астынан кара-күрөң түстөгү болжолдуу салмагы 2-3 граммды түзгөн баңгизат табылган.

2022-жылдын 12-ноябрь күнү шектүү О.А. Ноокен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча толук кандуу тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1041, 18-24-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан