Сурма Тургуналы кызы, ырчы: «ЖОЛ ЭРЕЖЕСИН БУЗБАЙ, ОҢОЛО БАШТАДЫМ»

Ырчы, “Таалай элеси” тобунун солисти Сурма Тургуналы кызы “Рулдагы жылдыз” рубрикабызда конокто. Ал жакында жаңы темир тулпарлуу болгон. “Жаңы алган унаама аяр мамиле жасап жатам” деген ырчы унаасы, айдоочулук жөндөмү, айып пулдары тууралуу кеп куруп берди.

Үлгүсү Lexus RX 300

Чыгарылган жылы 2000-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү 3000 сантиметр куб

Жогорку ылдамдыгы саатына 180 чакырым

Баасы8000 доллар

«Жаңы алганым үчүн аяр мамиле жасап жатам»

– Унаам башкалардыкына салыштырмалуу өтө деле шумдук эмес, бирок ушуга дагы шүгүр кылам. Маңдай терим менен тапкан акчама сатып алдым. Жакындарым да бир аз салымын кошушту. Бул менин үчүнчү унаам. Өзүмө ылайыктуу, эң негизгиси, ыңгайлуу. Биринчи унаам Хонда Стрим болчу, андан кийин кичинекей, майды аз ичкен Дайхатсу Сирион үлгүсүндөгү унаа айдап жүрдүм. Формаларым, керек-жарагымды салганга ал унаа тардык кылып, чоңураагын алайын дедим. Бул унааны бир ай мурун алдым, таанышканыбызга аз эле болду, көнүшө элекпиз. Бири-бирибизге өтө сый мамиледебиз (күлүп). Таштак жолдордон жай айдап, аяр мамиле жасап жатам. Мурунку унаамды жолдун жакшы-жаманына деле карабай даңкылдатып айдап жүрө берчүмүн. Анын өңү көк болгондуктан көк жоргом деп эркелетчүмүн. Мунун өңү деле кочкул жашыл болуп жатпайбы, муну деле азырынча көк жорго деп эркелетип турам. Кийинчерээк, балким, башка ат коём.

«30 миң сом айып пулду шыкылдатып санап бердим»

– Негизи рулга отурганда айдоочулар өмүрүбүздү тобокелге салабыз да. Жолго чыгарда “бисмилла, Кудайым жол бер” деп анан рулга отурам. Айдоочу шашпаш керек, бирок ар кандай учур болуп калат да, кээде мен деле шашып айдап эреже бузган учурлар болот. Тойго, съёмкага шашасың дегендей. Ошондуктан МАИ кызматкерлерине көп кармалам. Мурунку унаамды сатып жатканда 30 миң сом айып пул төлөдүм. Ичимди оорутпай эле шыкылдатып санап бердим. Айып кагаздарын карасам, көбү эле токтоочу сызыкты тебелеп турган учурлар экен. МАИ кызматкерлерине көп түшкөндүктөн мени жакшы эле таанып калышты. “Сурма, уят да, сизди тосо бергенден биз деле уялып калдык” деп калышат. Кээде “биздин МАИчилер алтын МАИчилер” деп айып жазбоону суранып калам. Айрымдары түшүнүп, эскертүү берип коё беришет, көпчүлүк учурда мыйзам чегинде айып пул төлөйм. Айдоочулук күбөлүк ала элек кезде рулга отуруп, эки жолу унааны сүзүп алгам. Ошондо “кой, бирөөнүн тагдыры менен ойношпоюн” деп автомектепте окугам. Азыр жол эрежелерин жакшы эле билем. Бир жакка барарда жолго эртерээк чыкканга аракет кылып, оңоло баштадым (күлүп).

«Унааң таза болсо маанайың да жакшы болот»

– Тазалыкты жакшы көрөм. Үйгө кирсең бөлмөлөр, унаага түшсөң салонуң таза болсо маанайың да жакшы болот. Ошондуктан унаамды дайыма таза алып жүрөм. Аял киши болгондон кийин керек-жарагыбыз көп да, унаада жашагыдай элемин, салонго косметика, формаларымды салып жүрөм. Жаңы албадымбы, таза кармайын “жаңы кожоюнум аябай таза киши турбайбы” деп калсын бул деле (күлүп).

«Ошол окуядан кийин унаа айдагандан коркуп калгам»

– Тоодо өскөн чабандын кызымын, кичинемде унаага кызыгуу жок болчу. Кийин эле жашоо шартка, жумушума байланыштуу унаа айдаш керек болуп калды. Алты жылдан бери рулдамын. Алгачкы машинамды ээсинен жаңы эле өзүмө өткөрүп алып айдап бара жатканда башка бир унааны чийип кетиптирмин. Тыгында турганбыз, аны чийип кеткенимди байкаган деле эмесмин. Мени чийип алып качып баратат деп ойлогон окшойт, тигил унаанын ээси жетип келип ызы-чуу салганда нес болуп калгам. Анан ал байкеге жаңы унаа айдап жатканымды түшүндүрүп, акча берип көйгөйдү чечкенбиз. Ошондо унаа айдайм деген дымагым өчүп коркуп калгам. “Болду, унаа айдабай эле коюшум керек экен” деп маанайым түшкөндө таякем (ред.: ырчы Тотомидин Жолдошев) “эч нерсе болбойт, көнүп кетесиң, эң негизгиси, шашпа, оюңду жыйна” деп дем берген. Ал кезде айдоочулук күбөлүктү жаңы эле алгам. Автомектепте окуганым менен, дароо эле унаа айдап кетиш оңой эмес экен. Жол эрежелерин, кайдан кантип бурулуш керек экенин деле толук билбейм да, таякемдин унаасынын артынан ээрчип айдап бара жатам. Ал токтосо токтойм, бурулса бурулам. Негизи, рулда отурган киши коркпошу керек экен. Корксоң шаштың кетип калат.

«Узак жолдо унаа айдаганды жактырбайм»

– Унаамды эч кимден кызганбайм, сураган жакындарыма берип турам. Бирок, албетте, абайлап айда деп айтам. Себеби унаага эле эмес, өзүнө зыян келтирип алышы мүмкүн да. Жакындарымдын жумушу чыгып калса унаамды берем, убактым болсо өзүм деле алып барып келем. Бул деген буюм да, буюм табылат, адамдын көңүлүн табыш кыйын. Ал эми жолдошум менин унаамды көп деле айдабайт, өзүнүн унаасы бар. Экөөбүз чогуу бир жакка барып калганда менин унаам менен барса, ал рулду башкарат. Негизи мен узак жолдо унаа айдаганды жактырбайм. Себеби тойдон кийин чарчап калгандыктан, рулда уктап кеткенден корком.

«Катуу айдайт экенсиз деп тийишкендер болот»

– Жолдо бара жатканда таанып тийишкендер болот. Биздин "Ошко, Ошко" деген ырыбыздын клибинде «байке, аябай катуу айдайт экенсиз» десе, «мен былтыр мындан дагы катуу айдачумун» деген жери бар эмеспи. Ошол жерин айтып көп тийишишет. «Эже, өтө катуу айдайт экенсиз», «Унааны байке экөөңөр дале катуу айдап жүрөсүңөрбү?» деп күлүп калышат. Кээде таанып, сыйлап жол бошоткондор болот. Себеби мен шашып жүргөнүмө байланыштуу бош тилке менен айдап барып бурулушка жеткенде «ортоңку тилкеге киргизип койгулачы» деп көп суранам.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1041, 18-24-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан