Кыргыз Республикасынын Эл артисти, композитор, дирижёр, “Бишкегим”, “Таң сыры”, “Бульварым” сыяктуу керемет ырлардын обонун жараткан Сардарбек Жумалиевдин жубайы Гуля Мамбетова маек төрүбүздө. Жубайлар учурда небере ойнотуп, бактылуу карылыктын доорун сүрүп жаткан кези. Анда жубайлар чогуу өткөргөн 50 жылдык өмүргө бир кылчайып көрөлү.
«Мени үнүмдөн жактырып калыптыр»
– Сардарбек экөөбүз 1973-жылы тааныштык. Ал кыргыздын тунгуч ансамблинде иштеп, “Таң сыры”, “Бульварым”, “Сары-Челек”, “Толкундар” жана башка ырлары менен элге таанымал болуп калган кези эле. Анын ырларын радио, телевизордон угуп, көрүп, талантын баалап жүрчүмүн. 24 жашта элем, Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болуп иштечүмүн. Экөөбүз бир кечеден таанышып калдык. Мен да музыкага жакын, ырдачу учурда ырдап койгон жанмын. Үнүм жакшы. Ошол кечеде ырдаган элем, Сардарбек мени үнүмдөн жактырып калыптыр. Мамилелер келишип, сүйлөшүп жүрдүк. Мен Сардарбектен уюп жаткан талантты, мыкты тарбияны, эркектик мыкты сапаттарды көрдүм. Жөнөкөй мүнөзү, адамгерчилиги жакты. Кыскасы, бизди музыка табыштырды.
«Балдарга, үй иштерине жакшы каралашты»
– Баш кошууну чечкенибизден кийин Сардарбек мага арнап “Сен менин жазылбаган ырларымсың” аттуу ырга обон жаратты. Ыр 2 куплет экен, аны жазган акын менен сүйлөшүп 1 куплет коштурдук. Баш кошуу тоюбузда ошол ырды ырдап чыктым, ал ыр биздин үй-бүлөлүк гимн болуп калды.
Жаңы баш кошкон кезде Бишкекте азыркы Эркиндик бульвары тарапта жашачубуз. Балдарыбызды ошол бульварда ээрчитип, сейилдеп жүрүп чоңойттук. Алгач кыздарыбыз Гүлзат, Нурзат, андан кийин уулубуз Данияр төрөлдү. Сардарбек балдарды карашканга да, ишине да жетишип жүрдү. Чыгармачылыгы буркан-шаркан түшүп мурункудан да өркүндөдү. “Жаңы жылды тосолу”, “Жаштыкта”, “Кетпейм сага жолукмайынча”, “Кыздын ыры” жана башка ондогон ырларга обон жаратты.
Мен илимий диссертация жактайм деп жүргөн учурда үй ишине жакшы каралашты. Мен жокто балдарды ойнотуп, сүтүн берчү. Түндө да саат 1-2ге чейин жалаяктарын, кийимдерин үтүктөшчү. Шашып 1 тарабын эле үтүктөп баштаса мен “эки тарабын тең үтүктөш керек” дейм. “Макул” деп 2 жагын тең үтүктөп чыгат. Балдарды, өзгөчө улуу кызыбыз Гүлзатты ошентип “стерильно” бактык.
Кызыма Гүлзат деген ысымды мен койгом. Нурзат төрөлгөндө Сардарбек төрөт үйүнүн алдында туруп алып “кызыбыздын атын Нурзат кой” деп кыйкырып жатат. Ошентип Нурзат койдук. Чет өлкөлөргө иш сапарларга барып калганда балдарга, мага кийим ала келчү. Ал кез кийим-кече тартыш заман. Ошентип балдарыбыз элдин балдары кийбеген кийимдерди кийип чоңоюшту. Бир жолу мага чет өлкөдөн бриллиант көздүү “брошка” алып келип берди. Аябай сүйүнгөм, ал азыр деле бар, кастарлап сактап, кээде тагынып калам.
«Үйгө конок келгенде кабак бүркөбөгөн сапатымды баалайт»
– Сардарбек чыгармачыл адам болгондуктан үйгө Каныкей Эралиева, Атайбек Бөдөшов, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков, Мукан Рыскулбеков, Шамшыбек Өтөбаев, Калыйбек Тагаев жана башкалар көп келишчү. Алар эрте келеби, кеч келеби, тамак жасап берчүмүн. Менин үйгө конок келгенде кабак-кашым дебеген, үтүрөңдөбөгөн, жайыл дасторкон жагымды Сардарбек башынан баалайт.
Турар Кожомбердиев экөө жакын дос эле, экөө 60тан ашык ыр чыгарышты. Турар сөзүн, Сардарбек обонун жазчу.
Бир жолу Ысык-Ата курортуна Акбар Рыскулов, Сардарбек үчөөбүз бардык. Экөө 6 күндө 7 ыр жаратып келишти. “Азаттык ыры”, “Ата Мекен”, “Көл боюнда”, “Кыргыз элим”, “Сары-Өзөн” жана башкалар. Баары патриоттук мыкты ырлар. “Сары-Өзөн” ыры Чүйдүн гимнине айланып кетти. Биз курорттон келсек, “6 күндө 7 ыр жаратуу эмне деген шумдук?! Тарыхта мындай болгон эмес” деп чыгармачыл чөйрө дуу түшүп калды.
«Интеллигент, Европа маданиятын өзүнө сиңирген киши»
– Биздин үйдө 1-орунда Сардарбектин чыгармачылыгы турат. Ал обон жаратып жаткан кезде тексти кандай эле, обону кандай болууда деп экөөбүз кеңешебиз. Сардарбек профессионал музыкант болгондуктан көп учурда классикага ооп кетет. Мен болсо эл лириканы, нукура кыргыз жыттанган ырларды жакшы көрөт, ошол багытта болсо деп калам. Ага идея да берип турам. Жакшы обондун жаралышына ошентип мен да себепкер болом.
Сардарбек музыка менен жашагандыктан көп сүйлөбөйт, бирок укканды жакшы көрөт. Бирөөгө катуу айтпаган, бир маселе чыкса аны эртеден кечке ойлоп баш оорутпаган, ден соолугуна кам көргөн жан. Бирөөгө оңою менен ачууланбайт, сүйүнүчтүү кабар укса да көп толкунданбайт, анан дайыма кыймылда болгонгобу, өз курагынан жаш көрүнөт.
Бир нерсе жакпай калса унчукпай, кабагын бүркөп калмайы бар. Тарыхка кызыгат, белгилүү инсандар тууралуу китептерди көп окуйт.
Экөөбүз дээрлик жарым кылымдан бери үй-бүлө ыйыктыгын сезип, түшүнүшүп, көңүлдөрдү калтырууга жетпей, мамыр-жумур жашап келе жатабыз. Бир да жолу катуу урушкан жокпуз. Достору “Жумалиев түз үйүнө, түз ишине барат. Өмүрү солго баспайт” дешчү. Сардарбек интеллигент адам, анын үстүнө чет элге, айрыкча Европага көп барып, ал жактын маданиятын өзүнө сиңирген киши. Ошого үй-бүлөгө карамдуу болду. Кызганып урушканга ал да, мен да “повод” берген жокпуз. Мени кылымдын обончусуна туш кылган тагдырыма ыраазымын.
«Чыгармачылыктан алагды кылбадык»
– Жолдошум чарба иштерине жок, андай иштерди башынан эле өзүм бүтүрөм. Чыгармачылыктан алаксытпайын деп Сардарбектин колу-жолун бош койгом. Улуттук тамактарды жакшы көрөт. Андыктан үйдө беш бармакты көп жасайбыз.
Мени Гуля деп чакырат, эркелеткени деле ошол болчу. Кийинки кезде гана “Гуля Мамбетова” деп тамашалап чакырчу болду.
Ашканага жок. Бирок айылга барып калсак шишкебек жасап берип калат.
Неберелеримден Айданага чоң атасынын таланты өтүп, учурда ал фортепианодон сабак берет, юрист адистигинде окуйт. Чоң атасына абдан жакын.
Канымжан Усупбекова