ЭЛДИН СҮЙҮҮСҮ БАР, БИРОК «ОСКАРЫ» ЖОК АТАКТУУЛАР

Экран аркылуу көрөрманды түрдүү эмоцияларга бөлөгөн кино дүйнөсү... Андагы ар бир актёр-актриса эң жогорку кино сыйлыкка ээ болууну кыялданат. Биз көп жылдан бери жакшы тааныган, кинолорун кууп көргөн Голливуддун актёр-актрисалары бир дагы жолу кино сыйлыктардын эң абройлуусу болуп эсептелген “Оскар” ала электигине таң калдык. Мыктыларды иргеген кино академиянын мүчөлөрүнө жылдан-жылга нааразычылык күчөгөнү айтылат. Макалада сөз кылган атактууларга сиз “Оскар” берет белеңиз?

БРЭДЛИ КУПЕР

Америкалык актёр, режиссёр, продюсер, “Звезда родилась” тасмасынан кийин ырчылык талантын да ачыкка чыгарган Брэдли Купер 47 жашта. Карьерасында көп эле сыйлык алганы менен, «Оскарга» жете элек. Дагы жакшы, жок дегенде «Оскарга» ат салышкандардын тизмесине бир нече жолу илинип калган. «Мой парень – псих», «Афера по Американски», «Снайпер», «Звезда родилась» – дал ушул популярдуу тасмалардагы ролдору менен башкы кино сыйлыкка багыт алган, жыйынтыгында жеңишти башка кесиптештерине алдырып ийди.

САЛЬМА ХАЙЕК

Айрыкча мырзаларга жаккан «ыс-сык» актрисалардын бири Сальма Хайек да «Оскар» статуэткасын алып кубана элек. «Фрида» тасмасындагы ролу үчүн «Оскарга» номинант болуп, бирок жеңишке жеткен эмес. Андан кийин актриса номинант да, жеңүүчү да болгон жок. Ошентсе да 56 жашка чыккан Сальма «Дети шпионов», «Однажды в Мексике», «После заката», «Особо опасны», «Телохранитель киллера», «Вечные», «Дом Gucci» жана башка популярдуу тасмаларга көрк кошуп келет.

РОБЕРТ ДАУНИ (КИЧҮҮСҮ)

Эмнеге Роберт Дауниде «Оскар» жок? Америкалык кино академиянын мүчөлөрүнө ушул суроону бергим келет. Же бул актёр мага эле жагабы, билбейм ай. «Marvel» кино ааламынын темир адамы Тони Старктын миллиондогон күйөрмандары бар, бирок бул каарманды дүйнө элине сүйдүргөн Роберт Даунинин «Оскары» жок. Робертке Шерлок Холмстун да ролунун жарашканычы... Айтор, адилетсиздик, ээ?

МОНИКА БЕЛЛУЧЧИ

Кино дүйнөсүнүн секс-символу, актриса Моника Беллуччи «Дракула», «Малена», «Матрица: Перезагрузка», «Братья Гримм», «007: Спектр» жана башка көптөгөн тасмаларга көрк кошкон. 58 жашка чыккан Моника азыркыга чейин сулуулугу, таланты менен көрөрмандарды суктандырып келет. Бирок негедир кино академиянын мүчөлөрүнө жага албай койду. Бир да жолу номинанттардын да катарына кошулган жок. Мен болгондо Моника Беллуччинин сулуулугу үчүн деле «Оскар» берип коймокмун.

ЖОННИ ДЕПП

Оо, бул актёрду жаш баладан чоңдорго чейин жакшы көрүшөт. Жыл сайын бала бакча, мектептерде пират Жек Воробейдин формасын кийген балдар сөзсүз болот эмеспи. «Пираты Карибского моря», «Волшебная страна» жана «Суинн Тодд, демон-парикмахер с Флит-стрит» аттуу фантастика жанрындагы тасмалардагы образдары «Оскарга» номинант кылган, бирок Жонни статуэтка алган жок. Депп өзү деле «менде бир-эки кино сыйлык бар, ошол жетиштүү» деп «Оскарга» кызыкпаганын айтып келет. Анын үстүнө жеке жашоосундагы маселелерден улам сыйлык күткөнгө чамасы жок сыяктуу.

КЭМЕРОН ДИАС

1990-жылдардын жылдызы Кэмерон Диас «Маска», «Все без ума от Мэри», «Ванильное небо», «Банды Нью-Йорка», «Плохая училка», «Отпуск по обмену» тасмалары менен атагы чыккан. 50 жашка чыкканы бир дагы жолу «Оскарга» ат салышпаган актриса сыйлыктан түңүлүп калганбы же үй-бүлөсүнө көбүрөөк кам көрүп жатабы, айтор, акыркы жылдары кинодон бир аз алыстап кеткендей.

ТОМ КРУЗ

Бул актёрду тааныбаган киши жок. Бирок ошол эле учурда анын «Оскары» да жок. «Магнолия», «Миссия невыполнима», «Топ Ган: Мэверик» сыяктуу популярдуу тасмалардын жылдызы 60 жашка чыккыча жүзгө жакын тасмага тартылды. «Оскарга» 3 жолу номинант болуп, бирок статуэтка башкага жылып кетти. Буюрса, Том Круз 70 жашка чыкканча башкы кино сыйлыктан бир эмес, эки-үчүн текчесине тизип коёт дейли.

КИАНУ РИВЗ

Дагы бир элдин сүймөнчүгүнө ээ, өзгөчө айымдардын көңүл борборундагы актёрлордун бири Киану Ривз да кино сынчылардын «кара тизмесинде». «Матрица», «Джон Уик», «Дракула», «Сладкий ноябрь», «Скорость», «Адвокат дьявола», «Константин: Повелитель тьмы», «47 ронинов»... Бул тасмалардын жок дегенде бир-экөөсүн көргөнсүз да, туурабы? Таланты эле эмес, жөнөкөйлүгү, боорукер-кайрымдуулугу менен «эл адамы» статусун алган Киануну «Оскары» жок деле сыйлап-баалап алчу күйөрмандары көп.

ЛЮСИ ЛЬЮ

Америкадагы тайвандык иммигранттардын үй-бүлөсундө төрөлгөн Люси Лью да Голливуд кинематографиясына эмгеги сиңген актрисалардан. Люси түрдүү жанрда ойной алган, спорттук даярдыгы да жогорку деңгээлдеги актриса. «Убить Билла», «Ангелы Чарли», «Мулан-2» жана башка ондогон тасмаларга көрк кошкон актриса англис тилинен сырткары кытай, япон, испан, итальян тилдеринде суудай сүйлөп, чет элдик режиссёрлор менен да жигердүү иштешип келет. Бирок Люси Льюга дагы деле «Оскар» берише элек.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1041, 18-24-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан