ЭРТЕ ӨЧКӨН ЖЫЛДЫЗ... Ырчы Бекжан Темирханды жакындары эскерет

Кыргыз шоу дүйнөсү дагы бир жарык жылдызын жоготту. 10-ноябрдын түнү ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза таап, талантты сыйлаган көпчүлүктүн ичи эңшерилди. Аз өмүрүндө “Эзилип бүттүм”, “Карындаш”, “Кантем?” деген өңдүү мыкты ырларды жаратып элдин жүрөгүн багындыра алган ырчыны жакындары эскеришти.

Чынтемир Муратбеков, досу: «Февралда концерт берем деп жаткан»

– Бекжан кичи пейил, ак көңүл бала болчу. Бирөөлөр көйгөйүн айтып берсе, берилип укчу. Ошол адамдын абалына өзү кошулуп кирип кетчү. Ар дайым шайыр жүрчү, кайгырып турса да анысын элге көрсөтчү эмес. Көп сырларын мага айтчу. “Акыреттик достордон бололу, досум, бир тууганым” дечү. Бир тууган болуш үчүн сөзсүз эле бир атадан, бир энеден төрөлүш шарт эмес экен. Бекжан, Талгар (ред.: Бекжан кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу) үчөөбүз Турусбек Жумалиев жетектеген “Арт өнөр” театр студиясында чогуу окуганбыз. Талгар экөөбүздүн аталарыбыз бир тууган, кичинебизден жакын өстүк. Бекжан менен ошол жакта чогуу окуп достошконбуз. Дос болуп жүргөнүбүзгө быйыл 8 жыл болуптур.

22-октябрда Бекжан үйлөндү, Жумгалга барып аяшыбызды алып келгенбиз. “14-февраль – Сүйүү күнүнө карата тушоо кесүү концертимди өткөрсөм” деп жаткан. Казакстандык ырчы Рахымжан Жакайымга “Кантем?” ырын берди го, ошол ырчыны чакырам деп жаткан, Өзбекстандан да ырчыларды чакырмакчы эле. Анан үй алып, үй той менен кошо үйлөнүү тоюн өткөрүүнү пландап жүргөн.

Ошол каргашалуу түнү мага Талгар Бекжандын телефону менен чалды. Бакас (ред.: ырчы) экөөбүз үйдө чай ичип отурганбыз. Бекжанды сөз кылып отурган учурда чалды, каткырып телефонду алсам эле энтигип, шашып сүйлөдү. “Жардан учуп кеттик, тез кел” деди. Үнүн тааный алган жокмун. “Кимсиң?” десем, “Мен Талгар” деди. Ызы-чуу түшүп үйдөн чыгып жатсак, кайра чалды да “Бекжандан айрылып калдык” деди. Ары жактагы ызы-чуу угулуп жатты. Көзүбүздөн жаш токтобойт. Үйгө барып атамды алдым, жолдон Талгардын атасын алдык да саат 23:30дарда Токмоктун өлүк сактоочу жайына жетип бардык. Бакасты ал жерге таштап, Талгарды көрөлү деп Кеминдин ооруканасына бардык. Талгардын кийими суу экен, чечип үстүнө милиция кызматкерлеринин кийимин кийгизип коюшуптур. Бүрүшүп, калтырап-титиреп отурат, нес болуп калыптыр. Пневмониясы бар экен, суукта анысы күчөптүр. Бишкекке ооруканага алып барып жаткырабыз десек, тергөөчүлөр “көрсөтмө алып алалы” деп милиция бөлүмүнө алып кетишти. Ал жерде 2 сааттай кармашты. Өзүнө келгенде көрсөтмө алыш керек беле деген ойдо калдык. Башы шишип турган болчу. Кежигеси кызарып, денесинде көк ала тактар бар экен. Көрсөтмө берип чыккандан кийин алып келип Чүй облустук ооруканасына жаткырдык, саат таңкы 5 болуп калган. Врачтар Талгардын баш мээси чайкалганын айтышты.

Бекжан өлөрүн сезгендей, унаада тиги дүйнө жөнүндө сүйлөп бараткан экен. Ата-энесине, бир туугандарына кантип угузабыз деп кайгырып турсак, шоу-бизнестеги ага-эжелер интернетке жарыялап салышты. Ушуга аябай жинибиз келди. Бир маалда ырчы Мукай Мырза чалып калды эле, ага “ырчылар жазбай турушсун, айтып коюңузчу” дедим. Анан Бекжандын Жыргал деген бөлөсүнө кабарлап, ал туугандарына “ушундай окуя болду, Бекжандын абалы оор” деп айтты. Аялы, карындашы, атасынын бир тууганы Бишкекте болчу, дароо келе калышты. Ошол жерден суук кабарды угуп, ата-энесине өздөрү айтышты. Досубуздун жаны жаннаттан болсун! Аны эч качан унутпайбыз.

Мүзүр Мамбетов, ырчы: «Топурак салууга колум барбады»

– Биринчиден, Бекжандын ата-энесине, бир туугандарына, келинчегине сабыр тилейм. Бекжан экөөбүз аябай жакын болчубуз. 2020-жылы бир корпоративден таанышып, жакын болуп кеттик. Чогуу мончого көп барчубуз. Бекжандын эмгекчилдигин баалачумун, өзүмдү Бекжандан көрчүмүн. Жаш кезибизде улам жаңы ыр чыгарып талыкпай иштеген учурумду эске сала берчү бул бала. Ар бир ырын чыгарарда менден кеңеш сурачу, билгенимди айтып кеңеш берчүмүн. Чогуу көп жүрдүк, Бекжанга көнүп калыптырмын.

Ошол күнү кечке маал оң көзүм тарта берди. Көзүм тартканда сөзсүз бир нерсе болорун билчүмүн. Анан эле саат түнкү 11лерде Гүлмира (ред.: жубайы) сүрөтүн жөнөтүп, “чын болду бекен, Бекжан тууралуу ушундай кабар чыгып жатат” деп калды. Социалдык тармакты карасам 3-4 ырчы пост жазыптыр. Бир аздан кийин “комада экен” деген сөздөр да айтылды. Бирок өтүп кеткенин жүрөгүм сезди. Бекжан бир тууган инимдей жакын болуп калыптыр. Бирок айылына барып топурак сала албай койдум, колум барбады. Мен үчүн бул бала тирүү бойдон калсынчы дедим.

Акыркы күндөрү ооруп жатам дегени көбөйгөн. Эки күндүн биринде ооруп калчу. Көз тийип жатабы деп калчу. Мен да көз тийди деп ойлойм. Молдодон дем салдыралы деп жүргөм, жетишпей калдык.

Айгерим Эшим, досу: «Дуэт жаздырганбыз, бүтпөй калды»

– Бекжан шайыр, жаркылдаган, тамашакөй бала эле. Аябай аракетчил, максат койсо ага сөзсүз жетчү. Анан ар кимге өзүнө жараша мамиле кылар эле. Башында бири-бирибизди сырттан гана таанып, учурашып жүрдүк. 2 жыл мурун клипмейкер Баямандын тоюна ырчылар Ошко чогуу барганбыз. Ошондо жакындан таанышып, жакын достордон болуп калдык. “Атам, апам, карындаштарым сенин күйөрмандарың. А мен сени аябай боюн көтөргөн кыз деп жаман көрчүмүн. Көрсө, жакшы адам экенсиң” деген эле ошондо. Экөөбүз дуэт жаздырганбыз, толук бүтпөй калды. Акыркы жолу каза болорунан 2 күн мурун сүйлөшкөнбүз. “Концерт бергени жатам” деп айткан ошондо. Суук кабарды Кызсайкалдан уктум, Саку ыйлап чалды. Чогулуп моргго бардык, аябай жаман болдум. Ойлонбогонго, башка иштер менен алаксыганга аракет кылып жатам. Кечээ эле тамашалашып жүргөн жакын досуңдан айрылып калуу оор экен. Аксыга жаназасына барып келдик. Ата-энесине, бир туугандарына, жакындарына сабыр тилейм.

Бекжан Темирхан “Супер-Инфо” гезитине бир нече жолу кеңири маек берген. Максаты бийик, таланты күчтүү эле. Гезиттин эмгек жамааты Бекжандын ата-энесинин, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1041, 18-24-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан