КЛИМАКС ЭРТЕ ЖЕ КЕЧ КЕЛИШИ ЭМНЕДЕН?

Аял организми туш болуучу табигый процесс – климакс тууралуу маалымат беребиз. Климакстын эрте же кеч келиши, оор же жеңил өтүшү эмнелерден көз каранды? Бул суроолорго врач, гинеколог-эндокринолог Айканыш Кадырбекова жооп берет.

КЛИМАКС ДЕГЕН ЭМНЕ?

– Климакс – байыркы грек сөзү, бизче “тепкич” дегенди билдирет. Аялдарда этек кир ай сайын келген мезгил – болжолдуу түрдө 12-40 жаштын аралыгы деп эсептелет. Анан климакстын этаптары башталат. Перименопауза – этек кир үзүл-кесил келген убакыт (орточо 40-44 жаш), менопауза – акыркы этек кир келип токтогон мезгил (орточо 45-52 жаш).

Дал ушул менопаузаны климакс деп түшүнүү керек. Бул ар бир аял кездешчү синдром. Анткени оору жок, бирок оорунун белгилери бар. Аялдын жашоосунун жаңы этабы башталат. Ага айрымдар эрте, кээ бирлер кеч туш болушат. Ошондуктан мөөнөтүнөн эрте башталган климакс 35-40 жаш, эрте климакс 40-45 жаш, убагында башталган климакс 46-54 жаш, кеч башталган климакс 55 жаш жана андан ары деп бөлүнөт.

Климакс – аялдын жыныстык системинин иштешинин токтошу. Тагыраагы, аялдын эн бездери жыныстык гормондорду: эстроген жана прогестеронду иштеп чыгарууну токтотот. Бул гормондор климакска чейинки убакта аялдын организминде төмөнкүдөй ролду ойнойт:

• Этек кирдин үзгүлтүксүз келишин камсыздайт;

• Май алмашууга жооп берип, сөөктүн тыгыздыгынын сакталышына таасир этет;

• Кан тамырларда шлактардын топтолушунун алдын алат;

• Аялды кош бойлуулукка ай сайын даярдайт;

• Теринин серпилгич, нервдердин бекем болушуна салымын кошот жана башка;

Аталган гормондор бөлүнүп чыкпай калганда аялдын организминде төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр жүрө баштайт:

• Этек кир келбей калат, демек, эне болуу мүмкүнчүлүгү токтойт;

• Сөөктөрдүн тыгыздыгы начарлап, жыныс кыны менен жатынынын өлчөмү кичирейет;

• Аялдын денесинде май топтоло баштайт;

• Булчуңдар бошоң тартып, заара ушатуу көбөйөт. Бул өзгөчө көп төрөгөн жана жатыны ылдый түшкөн аялдарда сезилет.

ЭРТЕ ЖАНА КЕЧ КЛИМАКС

Эрте климакска булар себепкер:

• Көп жолу жасатылган аборт;

• Жыныстык жашоодо такай жашабоо;

• Ашыкча салмак, стресстер;

• Ички бездердин оорулары, аутоиммундук жана өнөкөт оорулар;

• Гинекологиялык патологиялар, эн безине жасалган операциялар;

• Бойго бүтүртпөөчү гормоналдык дарыларды өз алдынча колдонуу;

• Туура эмес тамактануу;

• Такай жетиштүү уктабоо жана эс албоо.

Кеч климакстын себептери:

• Тукум куучулук;

• Шишик оорусу;

• Нур жана химия терапиясы;

• Гинекологиялык оорулар (жатын фибромасы, эн безинин оорулары жана башкалар).

Климакс айрымдарда жеңил, башкаларда орто же оор өтөт. Жогоруда айттык, бул аялдын организминин өзгөчөлүгүнөн, өнөкөт ооруларынын аз же көптүгүнөн, тукум куучулуктан жана башкалардан көз каранды. Орточо 45 жашта башталып, 10-15 жылга чейин созулат. Бул процессти көпчүлүк картаюунун белгиси катары кабыл алып, кайгырышат. Климакс жаш курактык өзгөчөлүк болгондуктан депрессияга түшүүнүн ордуна аны жашоонун жаңы этабы катары кабыл алып, жеңил өтүшүнө кам көрүү зарыл.

КАНДАЙ ЧАРА КӨРҮҮ КЕРЕК?

Гинекологго убак-убагы менен көрүнүп, анализдерди тапшыруу кажет. Кандын курамындагы гемоглобин, темир, канттын өлчөмүн билип туруу абдан маанилүү. Климакс орто же оор өтүп жаткандарга врачтар гормоналдык дарыларды жазып беришет. Бирок миома, эндометриоз сыяктуу оорусу барларга андай дарыларды колдонууга болбойт.

Заарасын кармай албагандарга пластикалык операция сунушталат. Кокус аял жаш, мисалы, 35 жаштын тегерегинде болсо жана анда климакстын белгилери билинсе, аны кечеңдетүүчү дары-дармектерди ичиши керек болот.

Кофе менен чайды азайтуу зарыл. Буларды көп ичкенде организмдеги кальций, магний заара менен чыгып кетип, сөөктөр борпоң тартып калат. Бул остеопороздун жаралышын шарттайт. Семирип кетүүнүн алдын алып, майлуу тамактарды, таттууларды, тузду аз колдонуу керек.

Спорт менен машыгуу, сууда сүзүү, көнүгүүлөрдү жасап туруу керек. Булар булчуңдардын, анын ичинде табарсык менен жатын, жыныс кынынын бошоп кетишинин алдын алат. Семирип кетүү кант диабетинин жана жүрөк-кан тамырдын ооруларынын жаралышына жеткирет.

Жыныс кын кургап кетсе, атайын гелди колдонсо болот. Депрессия, стресстерден качып, хобби таап аны менен алектенүүнүн пайдасы зор.

БЕЛГИЛЕРИ

• Баш ооруйт жана айланат, уйку бузулат;

• Кан башка тээп, аял ысып тердейт, кээде чыйрыгат. Бул 1 күндө 10 же андан көп жолу кайталанышы мүмкүн;

• Сөөктөрдүн тыгыздыгы начарлап, борпоң тартат;

• Кан басым көтөрүлүп, жүрөктүн согушу ылдамдайт. Дегеле жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгуу коркунучу чоң;

• Семирүү, теринин кургашы;

• Маанай бат-бат өзгөрүп, кыжырдануу, чарчоо, тынчсыздануу жаралат. Андыктан айрымдар ыйлаак, арызчыл болуп башташат;

• Жыныстык кындын кургоосу, кычышуусу;

• Заараны кармай албай калуу. Бул өзгөчө көп төрөгөн аялдарда кездешет;

• Басканда тең салмак бузулушу мүмкүн;

• Унутчаактык, депрессия жаралышы ыктымал.

КЛИМАКС КЕЗДЕГИ ПАЙДАЛУУ АЗЫКТАР

Климакс жеңил өтүшү жана остеопороз, семирүү жаралбашы үчүн булар сунушталат:

• Курамында магний, B витамини бар азыктар: күрүч, гречка, сулу, таруу, манна, жүгөрүдөн жасалган тамак-аштар, кара нан;

• Соя азыктары: соя сүтү жана эти, соусу;

• Жашылча-жемиштер. Айрыкча курамында A, C, K витаминдери барлар: алма, алмурут, сабиз, болгар калемпири, алча;

• Майлуу эмес эт;

• Курамында кальций жана D витамини бар азыктар: майлуулугу аз сүт, быштак, сыр жана башка;

• Майлуу балык. Ал адамды D витамини, омега-3 май кычкылы менен камсыздайт;

• Койчу баштык дары чөбүн, шалфейди, долононун мөмөсүн кайнатып ичүү.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1041, 18-24-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан