Уулжан Даулетбекова, мекендеш: «ЯКУТИЯДА БИР ТҮНДӨ ЖЫЛДЫЗГА АЙЛАНДЫМ»

Каарманыбыз Уулжан Даулетбекова 21 жашында Якутияга иштегени кеткен. “Якутияда климат суук болгону менен, элинин жылуу мамилеси өзүнө тартып турат. Кыргыздын жөнөкөй мигрант кызынын талантын ойгото алды” дейт ал. Чет жерде ийгилик жараткан мекендешибиздин таржымалы төмөнкү макалада.

«Мени Якутиянын чиркейлери чыдамсыздык менен күтүп туруптур»

– 21 жашымда жогорку окуу жайды бүтүп эле эжеме кошулуп Якутияга иштегени кеткем. Ал кезде жашмын, курчмун, эч нерседен коркпой каалаган жагыңа кете берчү курактамын. Ата-энеме рахмат, башында “окууңду бүтүрүп анан кетесиң” деп болбой коюшкан, болбосо окууну таштап деле кетип калууга даяр элем. Ал кезде менде “кандай болсо да Бишкектен деңгээли бир аз жогору жакка баратам” деген ой болгон. Алыстамайынча өз мекениңдин баркын билбейт экенсиң да. Орусия десе эле Кызыл аянтты элестете берчүмүн. Ошентип дегдеп, көксөп жүрүп Якутияга кеттим. Чет жерге барсам эле кыялдарым орундалчудай сезилчү. Апам болсо “жакпай калса кайра учуп келе бер” деп колума ашыкча акча карматкан.

Якутияда мени чыдамсыздык менен күтүп алган чиркейлери болду (күлүп). Ал жактын чиркейлери биздикиндей назик, үлбүрөгөн эмес экен. Абдан агрессивдүү, чачыңдан кирип башыңды, жынсы шымыңдын үстүнөн деле чагып алышат. Чиркейге аябай таландым. Аэропорту абдан кичинекей, көчөлөрүндө биздикиндей маршруттук таксилер эмес, эски, Совет мезгилиндеги автобустар жүрчү, менде советтик кино көрүп жаткандай эле сезим болуп жатты. Ошондо “учакка отуруп көрдүм, сейилдеп бүттүм окшойт, кетем үйүмө” деп ойлодум. Бирок мени Кыргызстандагы тууган-урук аябай ырым-жырымын кылып көптөп узатышкан да. Кайра баруудан намыстанып, “кой, жок дегенде 1 жыл чыдап иштеп кетейин” дедим.

«Суусуна көнө албай кыйналдым»

– "Кыргыздын жери бейиштей" дешсе анча этибарга албайбыз. Чынында, бейиштей жерде жашаарыбызды чет өлкөдө жүргөндө билдим. Бизде арыктагы сууну деле иче берет эмеспизби. Якутияда крандагы сууну иче албай абдан кыйналдым, дат жыттанат. Ал жакта баары сууну дүкөндөн сатып алып ичишет. Тазаланган, табигый минералдары жок өлүк суу да, такыр даамы жок десеңиз. Ошондо Кыргыздын тунук суусу көздөн учту. Жайында “ак түн” деген көрүнүшү бар экен, түндө деле күндүзгүдөй жапжарык болуп турат. Уктай албайсың, терезелерди караңгылатып анан уктачумун. Албарсты басат дегенди ошол жактан биринчи сездим. Айтор, адаптация болуу кыйынга турду.

«Миграциядагы кыздарды күнөөлөшкөндө чыдай албадым»

– Быйыл Якутияда жашап жатканыма 8 жыл болду. Ал жердин климаты катаал, –50 градус суук дешет. Суук болгону менен, элинин жылуу мамилеси өзүнө тартып турат. Меймандос, ак көңүл, пейили кенен, ичинде арам ою, көрө албастыгы жок эл. Ошон үчүн мендей жөнөкөй, карапайым кыргыз кызын колдоп көтөрмөлөп алышты окшойт. Учурда мени Якутиянын 90 пайызы тааныйт. Кантип таанылганымды айтып берейин.

2015-2016-жылдар... Миграцияда жүргөн кыздарды талкуулаган, алардын жүрүм-турумун сындаган видеолор Ютубда абдан көбөйүп кетти. Аларды көрсөң баары ыйык, чет өлкөдө иштеген кыздар гана ээн-эркин жүрүп бузулуп жатыптыр. Айтор, аялы деле, эркеги деле сындап жатышты. Ошондо ачууланып, ичимдеги буркан-шаркан түшкөн эмоциямды кагазга түшүрө баштадым. Күндө жумуштан келгенде күндөлүк жазам, жеке ойлор, жумуштан уккан окуялар баары бар. Кагаз толуп кетти, бир күнү “бул эмгек текке кетпеши керек го, балким, бирөөлөр окуса сабак болор” деген ой келди.

«Өз каражатыма кино тарттым»

– Якутияда официант болуп, дүкөндө кассада да иштечүмүн. Бир күнү жазгандарымды көтөрүп алып Якутиядагы Жазуучулар союзуна бардым. Ал жакта Борис Иванович деген редактор бар экен, ал мага журналист, типографияда иштеген тааныштарынын номерин берди. Амбициям ашып-ташып турган убак экен, зерикпей бардык номерлерге чалып кол жазмаларымды сунуштадым. Анан “Полярная звезда” деген журналга чыктым. Мен ошол жактагы 10 миңдей Кыргыз мигрантына кызык болот го дегем. Мигранттын жашоосу тууралуу баян якуттарга да кызык болду, “биз менен чогуу эле иштеп жүрүшөт, бирок алардын көшөгө артындагы жашоосун билбейт экенбиз” дешти көптөр. Жазгандарым боюнча “Мигранттын күндөлүгү” деген китеп чыгардым. Китебимди якут ырчысы Максима баракчасына чыгарыптыр, бир түндө жылдыз болуп кеттим. “Кыргыз мигранты китеп жазды” деп дүңгүрөп кетти. Эртеси телефонума чалуулар тынбайт. 3-4 режиссёрдон чыгарманын негизинде кино тартуу боюнча сунуш түштү. Якутияда “Кинотавр” сыйлыгын алган Дмитрий Давыдов деген мыкты режиссёр бар, ошол киши “Мосфильмге кино тартып жатам, мага ассистент болуп иштеп бер” деп сунуштады. Ага жардамдашып жүрүп өз чыгармамды кино кылып тартуу идеясы келди. Максатым – кино тартып акча табуу эмес, элге мигранттардын чыныгы жашоосун, тагдырын көрсөтүү. Өз каражатыма жана айрым мигранттардын колдоосу менен кинону тарттык. Жакында Кыргызстандын кинотеатрларынан да көрүп каласыңар, буюрса.

«Якут жигитине турмушка чыккам»

– Жазуучулук – менин кесибим эмес. Кандайдыр бир миссиябы деп ойлойм. Мигранттын башынан өткөргөн түрдүү тагдырды китептен окуп, экрандан көрүп кыргыз элинин 10 пайызы эле сабак алса милдетимди аткарган болом. Якутияда жазуучулук менен алектенсем ачка калат болушум керек. 2021-жылы якут жигитине турмушка чыккам. Ал дагы Кыргызстанды аябай жакшы көрөт. Үйлөнгөндө кыргыз каадасын кылып калың берип, ата-энемдин алдынан өтүп алып кетти. Эмерек чыгарчу чакан цех ачканбыз, ошону иштетебиз.

«Акчанын артынан кууп, көп нерсени жоготуп жатабыз»

– 8 жыл ичинде көптөгөн окуяларды көрдүм. Бир тамактануучу жайда идиш жуугуч болуп иштеген эже бар. Резина өтүк кийип, кечке колу суудан чыкпай иштейт. Ошол эже “5 жыл иштеп ушул үйдү салдым” деп телефонунан эки кабат тамдын сүрөтүн көрсөтүп мактанат. Анын кандай кыйынчылык менен акча таап жатканын Кыргыз жериндеги туугандары билет болду бекен? Дагы бир мисал, Якутияда көп жыл иштеген бир эже баласын Кыргызстандан алдыртты, каалаганын алып берет, оюндагысын кылат, бирок бала энесине мээрим төкпөйт. Ата-эне мээримин көрбөй өскөн баланын ичинде ызасы, таарынычы кала берет экен, аны акча менен жоё албайбыз. Акчанын артынан кууп жүрүп көп нерсени жоготуп жаткандайбыз. Ата-эне кызын мектепти бүтөрү менен миграцияга жөнөтпөшү керек. Негизи эле 25 жашка чейинки кыздардын миграцияга кетишине каршымын. Кыздардын акча тапканы эмес, окуп билим алганы маанилүү.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1041, 18-24-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан