Күтүү, үмүт, ишеним – адамды жашоого түртөт, жашатат. А эгер булардын бири эле талкалана турган болсо, аларды өзүндө жашатып жүргөн адам дагы пух... Бырчаланып жок болот... Мындай сезимдерди мен бир эмес, бир нече ирет жашагам. Балдар үйүндө өстүм. Мына-мына апалуу, аталуу болом, менин да башкалардай үй-бүлөм болот деген үмүт жанып, ишенип, мени багып алабыз деп бирөөлөрдүн келип колумдан жетелеп кетишин күтүп калганда баары талкаланып калчу... Дегеним, бала багып алмак болгон адамдар баш тартып коюшат же башка баланы тандап кетишет.
Балдар үйүнө кантип, канча жашымда барганымды деле билбейм, эс тартканы мени бирөө багып алат деген үмүт менен жашадым. Ал үмүтүм талкаланган сайын кайрадан өлүп тирилгендей болчумун. Бул дүйнөдөгү мен каалаган бакыт – үй-бүлө эле. Бирок абдан бийик, кол жеткис... Жетсем эле жомоктогудай жашоо башталчудай сезилчү. Чоңойгон сайын үмүт да азаят. Анткени бала багып алууну каалагандар адатта эсине кире элек кичинекей балдарды тандашат.
Бир күнү 50 жаштан ашып калган жубайлар келишти. Балдар үйүнүн директору ээрчитип келип мени аларга тааныштырды. 8 жашка чыгып калгам. Ошентип мени багып алышты. Биринчи жолу жаңы ата-энемдин үйүнө бардым. Эки бөлмөлүү чакан үйдө жашашат экен, мага ал хан сарайдай сезилди. Кубанычымда чек жок, баарына даяр болчумун, жаңы ата-энеме жагыныш үчүн өзүмдү жакшы кыз кылып көрсөткөнгө алымдын жетишинче аракет кылып жаттым. Эмне туура, эмне туура эмес экенине деле акылым толук жетпейт, бирок жаңылбаганга, ката кетирип албоого тырыштым. Жаңы үй-бүлөм, жаңы жашоом баары сонун башталды. Бул учурдагы сезимдеримди сөз менен түшүндүрүп бере албайм. Ошол учурда дүйнөдөгү эң бактылуу кыз элем. Бирок... Бул бактым узакка созулган жок, бир ай өтпөй жаңы ата-энем авариядан каза болуп калды. Алардын үйүнө кырсыкты мен алып баргандай өзүмдү күнөөлүү сездим. Кайрадан балдар үйүнө келдим. Ушундан кийин эч качан ата-энелүү болбойм деп чечтим. Мени багып алабыз дегендер чыкты, аларды көңүлүн иренжитчү жоруктарды кылып атайын качырдым. Жылдар өтө берди, а мен эркек балдардан ашкан тентек кыз болуп чыга келдим.
Күндөрдүн биринде балдар үйүнө жаңы тарбиячы эже келди. Анын айласын кетирдим, ашканада кийимине тамак төгүп жиберем, пол жууп жатса чакасын ыргыта тебем... Эмне кылсам да ал мени жазалаган жок. Жылмайып гана кутулчу. Таң калдым, мынча сабырдуулукту кайдан алган билбейм, бирок акыры ага багынып бердим. Экөөбүз сырдаш, жакын болуп кеттик. Ал аял мени жаман адаттардан арылтты, өзүмдү сүйүүгө, өзүмө болгон ишенимди бекемдөөгө себепчи болду. Анын үй-бүлөсү менен да таанышмын. Учурда 2-курста окуйм, жатаканада жашайм, дем алыш күндөрү алардыкына барып турам. Окуумду бүтүп, балдарды сүйө алган кесипкөй мугалим болгум келет. Анан да түшүнүктүү жигитке турмушка чыгып, бала күндөн эңсеген үй-бүлө деген бакытка жетип, алымдын жетишинче балдар үйүндөгү балдарга каралашып турсам деген тилегим бар.
Үмүт