“ТЫБЫШТАРДЫ ТУУРА ЭМЕС АЙТКАН БАЛА МЕКТЕПТЕ ШЫЛДЫҢГА КАБЫЛАТ”

“Мектеп курагындагы баланын бардык тыбыштарга тили келип, берилген суроолорго түшүнүп жооп берип калуусу керек”,- дейт Сүйлөөнү жана угууну өнүктүрүү борборунун жетекчиси, сурдопедагог, дефектолог, логопед Гүлнара Ногойбаева. Ал тыбыштарды туура эмес айткан, тамгаларды алмаштырып жазган балдар мектепте кандай көйгөйлөргө туш болорун айтып берди.

Дислалия

– 5-6 жашка чейинки балдар бардык тыбыштарды таза айтып, кошуп сүйлөп калышы керек. Акыл-эси ордунда, жакшы угуп, сөздү түшүнгөн айрым кичине балдар дислалиядан жапа чегишет. Дислалия – тыбышты туура эмес айтуу. С, З, Ц, Р, Л, Ш, Ж, Ч тыбыштары эң көп туура айтылбоочу тыбыштарга кирет. Ата-эне аларды 4-5 жашына чейин айттырып үйрөтүүсү керек. Болбосо, кийин мектепте окуп баштаганда мугалим сөздөрдү айтып жаздырганда бала көбүнчө ушул тыбыштардан ката кетире берет. Анын үстүнө мектепте сөз байлык дароо көбөйөт. Ошого окуп калганда балдардын тыбыштарды туура эмес айтканын оңдоо оор болуп калат. Мектепте бала тыбыштарды туура эмес айткан кезде мугалим же классташтары оңдой беришсе, балада корунуу жаралат. Мисалы, Саша дегенди Саса дейт. Тартынып, мектепке баргысы келбей баштайт. Кекечтенип калган балдар да болот. Демек, логопеддин жардамы керек.

Бирок дислалия көп учурда таңдайдын кыскалыгынан, тилдин өлчөмүнүн кичинелигинен, эриндин аз кыймылдуулугунан, тиштердин туура эмес жайгашканынан жана башкалардан болот. Муну дефектолог-логопед аныктайт. Логопеддин жардамы менен акыл-эси ордунда бала кыска мөөнөттүн ичинде тыбыштарды так айтып, сөздөрдү кошуп сүйлөп калат.

Дислексия

– Дислексия – бул балдардын сөздөрдөгү тамгаларды туура эмес окушу, мисалы, “Т” тамгасынын ордуна “М” деп. Айрымдары өздөрү кээ бир тыбыштарды да туура эмес сүйлөп, окуганда да туура эмес окуйт. Айрым балдар канчалык аракет кылганы менен, туура эмес окуй берет. Алардын ата-энелери “балам туура окуй албай жатат” деп күчкө салып тез окуу ыкмасын үйрөнүүгө алып барышат. Бала тез окуганды үйрөнгөнү менен, сөздөрдү аягына чейин жеткирбей чала окуп, тыбыштарды алмаштыра берет. Бул балага кайра тоскоолдуктарды жаратат. Андан көрө, бала кайсы тамгаларды алмаштырат деп иликтөө керек. Анан тил адисине кайрылып, маселени чечүү кажет.

Логопедге дагы качан кайрылуу керек?

•2 жашка чейин атын чакырса карабаса, көп нерселерди түшүнбөсө, сөз байлыгы жок болсо (2 жаш 3 айдан 3 жашка чейин сөз байлыгы 1500 сөз болуп, 1 сүйлөмдө 3-5 сөз болуп, өз ой-пикирин айтып сүйлөп калышы керек).

•Эне кош бойлуу кезинде кандайдыр бир психикалык жактан жабыркап калса, төрөлүп жатканда бала кыйналып калса, кийин тили кеч чыгышы мүмкүн. Мисалы 3-4-5 жашында. Алар өзү теңдүүлөр менен физиологиялык жактан тең болгону менен, писхологиялык (акыл-эсинин өсүшү) жактан аларды кубалап жатүүлөрү керек болот. Алар көп нерсени түшүнбөй эле укканы боюнча сүйлөп коё берет. “Айтып койчу” десе уккан сөздөрдү кайталап айтат, бирок өзү айткан сөзүн түшүнбөйт. Кийин мектепке барганда эмне окуп жатканын түшүнбөйт. Ой-пикирин айта албай калат. Мындай кеч сүйлөгөн балдарды логопедге алып баруу керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1041, 18-24-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан