ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 28-ноябрдан 4-декабрга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Аптанын биринчи жарымында чыгармачылыкка жана өзүңүздү өнүктүрүүгө көбүрөөк убакыт бөлүү сунушталат. Бул мезгилде абдан изденип, билимге, дүйнө таанымды кеңейтүүгө муктаждык күчөйт. Карама-каршы жыныстагы адамдардын көңүл борборунда болосуз, кызматтагы роман мамилеси да тутанып кетиши мүмкүн. Апта сиз үчүн динамикалуу өнүгүп, жашооңуз сюрприздерге бай болот.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Каржы көйгөйүнө байланыштуу стрессттик кырдаалга кабыласыз. Тез арада акча табуу керек болуп, бул сизди абдан тынчсыздандырат. Капа болбоңуз, маселеңиз тез жана ишенимдүү чечилет. Үлпөт тойдун датасын белгилөө, сүйүктүүңүздүн колун суроо же аны ата-энеңиз менен тааныштыруу сыяктуу иштериңиз ийгиликтүү болот. Үй-бүлөлүк мамиледе гармония орун алып, түгөйүңүз менен бирге алыска конокко барууну пландаштырасыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Үй-бүлөлүү эгиздер биримдикти, ынтымакты жанданта алышат. Келечекке план түзүү үчүн жакшы учур. Дарылануу жана оорулардын алдын алуу үчүн да ылайыктуу убакыт. Жылдыздар ден соолугуңузга көбүрөөк көңүл бурууга кеңеш беришет. Айымдар каражатын үнөмдүү колдонбосо көп чыгашага кириптер болуп калышы мүмкүн. Арыктоону каалап, идеалдуу келбетке ээ болгусу келгендер туура багытта иш алып барса аракети натыйжалуу болот.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Үйгө тиричилик буюмдарын алып, өзүңүзгө мыкты шарт түзүүгө бел байлаңыз. Бул нерсе сиздин жумушуңузду бир топ жеңилдетет. Үй-бүлөлүк мамилелер гүлдөп, түгөйүңүздүн буга чейин сиз билбеген тараптарын ача аласыз. Көптөн бери кыз-жигит болуп жүргөндөр мамилесин расмий бекемдешет. Аптада сизге үйлөнүү, кыз-жигит болуп жүрүү сунушу түшсө баш тартпаңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча иштөөгө ылайыктуу апта. Үйүңүздү оңдоп-түзөө же жалпы тазалоо иштерин жүргүзүү ийгиликтүү өтөт. Туристтик сапарлар үчүн да ылайыктуу, жаңы таанышуулар орун алып, сиздин идеяларыңызды колдой турган адам жолугат. Үй-бүлөдөгү жакын туугандар менен көйгөй болсо дароо чечиңиз, болбосо ортодогу таарынычтар узакка созулуп кетиши мүмкүн. Бойдоктор убактылуу мамиле куруудан оолак болгону туура.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Апта башында ипотекага батир алуу кыялыңыз ишке ашат. Бул сизди кубандырып, ошол эле учурда моюнуңузга чоң жоопкерчилик илингенин сездирет. Сүйүктүүңүз айткан сындарды кулак сыртынан кетирбей эске алганыңыз туура. Бала тарбиялоодо алардын жүрүм-турумун өзгөртүп жаткан жагдайларды иликтеп көрүңүз, көйгөй болсо сүйлөшүү жолу менен чечиңиз. Алыска сапарга чыгууну пландап жатсаңыз убактылуу токтото туруңуз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада “үйгө канча бут кирсе, ошончо кут кирет” деген сөзгө мыкты үлгү болосуз. Анткени үйүңүздөн конок үзүлбөй, шаан-шөкөткө толгон иш-чаралар болот. Жаңы таанышуулардын артынан буга чейин топтолгон көптөгөн көйгөйлөрүңүздү чече аласыз. Жакын туугандардын материалдык жардамдары да четте калбайт. Чет өлкөдөн билимин тереңдетүүнү каалагандар жакшы жыйынтыкка жетишет.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Көңүл ачуучу оюндарды токтотуп, материалдык маселелериңизди чечүүгө убакыт келди. Ар бир ишке чыгармачыл мамиле керек, фантазияңызды иштетсеңиз сиз ойлогондон да масштабдуу нерсе жаралышы толук мүмкүн. Кийинүү стилиңизди же чач жасалгаңызды өзгөртүү үчүн эксперимент жасасаңыз ийгиликтүү болот. Жан дүйнө ырахатын тартуулаган жакын адамдарды табасыз, бул достук мамиле түбөлүккө созулушу мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Чыгармачыл иш-аракеттериңиз колдоого алынып, бул тармакта өзүңүздү толук табасыз. Бекерчи болсоңуз да сүйүктүү хоббиңизди табышыңыз керек, бул сиздин калыптанууңузда жан дүйнөңүздөгү кайсы бир боштукту толтурууга жардам берет. Башкалар суктанып, таң калган персонага айланасыз. Апта аягында физикалык жактан чарчап, тынч уйкуга муктаждык күчөйт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жалгыз жашаган текечерлер аптаны эч ким тынчын албаган бейпилдикте, жылуу үйдө өткөрүүнү каалашат. Бул ички руханий гармонияны табууга жакшы убакыт. Аптанын экинчи жарымында жаңы тажрыйбага муктаж болуп, бул учурда сизден кеп-кеңешин аябаган адамдар жардамга келишет. Кесиптештер арасында аброюңуз жогорулап, жетекчиңиз жаңы кызмат орунга дайындашы мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жамаатта сизди дайыма колдоп жана түшүнө ала турган команданы түптөй аласыз. Коомдук иштер менен алектенген суу куярлар туура багытта иш алып барса колдоочуларынын саны өсөт. Үй-бүлө мүчөлөрүнө жетиштүү көңүл бөлбөй жаткандайсыз, бул боштукту толтуруу үчүн сизде дем алыш күндөрү кенен убакыт болот. Бойдоктор сүйүктүүсүнө калп айтып кармалып калышы мүмкүн.


БАЛЫК (20.02-20.03

Атактуу болууну эңсеп жүргөндөрдүн иши оңунан чыгат, чогулуш-форумдарда, айланаңыздагы адамдар сизге көбүрөөк көңүл буруп баштайт. Аптада олуттуу чечим кабыл аласыз. Виртуалдык дүйнөдө достук мамиледе баарлашып жүргөн адамга сезимдер ойгонуп, мамилени башка этапка өткөрүү сунушун кабыл аласыз. Чочулабаңыз, жашоодо мындай жол менен сүйүүсүн тапкандар көп.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан