Азизхан Мусабек уулу, балбан: «АЛЫШ – ЧЫНЫГЫ БАЛБАНДАРДЫН КҮРӨШҮ»

Алыш, бел боо, кыргыз күрөшүнүн жылдызы, эл аралык деңгээлдеги спорт чебери Азизхан Мусабек уулу маек төрүбүздө. “Эгер мамлекет тараптан улуттук спортко колдоо, көңүл буруу болсо көптөгөн мыкты спортчулар чыкмак” деген балбан менен спорттогу жолу, ийгиликтери, кыйынчылыктары тууралуу сүйлөштүк.

Каарман тууралуу

Туулган жылы – 1994-жыл, 8-апрель

Туулган жери – Ысык-Көл району, Кара-Ой айылы

Бою – 180 сантиметр

Салмагы – 80 килограмм

Билими – Кыргыз экономикалык университетинин финансы бөлүмүн бүтүргөн

Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы

Жетишкендиктери – Кыргыз Республикасынын 2 жолку чемпиону, Азия, Дүйнө чемпиондуктарынын, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын күмүш медалчысы, Эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү

– Салам, Азизхан! Жакында Казань шаарында өткөн Дүйнө кубогуна барып келдиң, алгач кепти ошол турнирден баштасак.

– Түркияда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш күрөшү боюнча катышып, экинчи орунду ээледим. Андан келгенден кийин бел боо күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна даярдык көрө баштаганбыз. Бул мелдеште салмак таштай албай калгандыктан, 90 килограммда күрөштүм. Финалга чыгуу алдында бир эскертүү менен жөн жерден утулуп, 3-орунду ээлеп калдым. Турнирге өлкөдөн 12 спортчу барып, 1 алтын, 2 күмүш, 3 коло медаль менен кайттык.

– Алыш, бел боо. Күрөштүн бул эки түрүнөн тең бир учурда мелдештерге катыша бересиңби?

– Азыр мен кыргыз күрөшү, бел боо жана алыш күрөшү боюнча катышып келем. Үчөөнүн эрежелери, федерациялары үч башка. Бири-бири менен аралашпайт. Албетте, окшоштук жактары да бар. Ал эми алыш күрөшүнүн эл аралык деңгээлде даражасы бийик. Алыш – бул чыныгы балбандардын күрөшү десе болот. Качып убакыт өткөрмөй жок. Курдан кармап атаандашты жыгышың керек. Кимдин күчтүү, кимдин шамдагай экени даана билинет.

– Спортко кантип келип калдың эле?

– Таякем той-топурларда күрөшүп калчу. Ошону көрүп менде күрөшкө болгон кызыгуу ойгонгон. Негизи, кичинекей кезимден уруш өнөрлөрү чагылдырылган тасмаларды көп көрчүмүн. Тасмадан көргөнүмдү туурап үйдө өз алдымча машыкчумун. Кийин эркин күрөш, дзюдо боюнча залга барып жүрчүмүн. Анан да таятам Жүкө деген балбан киши болгон. Апам “сен таятаңдай балбан болушуң керек” деп көп айтчу. Бул дагы мага түрткү берди десем болот. Ал эми улуттук күрөшкө кызыкканымдын бирден-бир себеби – балбан Нурбек Кожобеков. Анын күрөшүү ыкмаларын абдан жактырып, улуттук күрөшкө кызыккам. Кийин Нурбек Кожобеков менен абсолюттук салмак ченинде килем үстүнө чыгып калгам. Абдан ыңгайсыз болуп, толкундангам. Ошондогу Нурбек агайдан жыгылганым азыр дагы эсимде. Кийин үйлөнгөндө Нурбек агайды өкүл ата койгом.

– Жалгыз спорт менен жан багууга болобу? Спорттон тышкары эмне иш менен алектенесиң?

– Иштебей, жалгыз спортту карап отура берүү чынында оор. Бирок жакшы ийгилик жаратуу үчүн машыгууну үзгүлтүккө учуратпаш керек. Бул нерсе ар бир спортчу үчүн негизги маселе. Жыйынтык көрсөтөм десең эки маал, туруктуу машыгып, убагында тамактанып, убагында уктап, бардык режимди сакташ керек. Мамлекет улуттук күрөш, дегеле улуттук спортту жакшы каржылабасы баарыбызга эле белгилүү да. Андыктан демөөрчү издөөгө туура келет. Демөөрчү табуу да оор, жакшы күрөшүп, жыйынтык көрсөтүшүң керек. Айтор, оңой эмес. Үйдүн кичүүсүмүн, менден улуу үч эжем бар. Эжелерим “күрөш, ийгиликтерди жарат” деп мага бардык жактан жардам көрсөтүп келишет. Негизи эле туугандарым ар тараптан колдошот.

– Мамлекет тараптан жетишерлик көңүл бурулбайт деп калдың, олимпиадалык спорт түрүнө өтүп кетсем деген ойлор болгонбу?

– Албетте, болгон. Андай ойлор баарында эле болот го дейм. Олимпиадалык спорт түрүнө катышып, чемпион болуу менин кыялым болчу. Бирок улуттук күрөштү тандадым. Алыш күрөшүн олимпиадалык спорт түрлөрүнүн катарына киргизүүгө аракеттер көрүлүп келет, бирок кирип кетиши кыйын го. Ал үчүн көптөгөн убакыт, иш-аракеттер талап кылынат да.

Алгачкы ирет Абсамат Масалиевдин элесине арналган эл аралык турнирге катышып, экинчи орунду ээлегем. Атаандаштарымдын баары мыкты балбандар экенин кийинчерээк билдим да, анан бул жаатта ийгиликтүү күрөш алып бара аларыма ишеним пайда болуп, машыгууга кириштим. Андан кийин Торгой атанын 300 жылдыгына арналган мелдеште автоунаа утуп алдым. Өтө кубангам. Улуттук күрөштө көпчүлүк учурда мелдештер тойлордун алкагында болот да, автоунаа бизде негизги байгелердин бири болуп саналат.

– Буга чейин канча автоунаа уттуң?

– Эки жыл аралыгы 5 автоунаа уттум.

– Улуттук күрөштө атаандаштык кандай?

– Атаандаштык жогору. Менин салмагымда алтымыштай балбан бар. Жайында Түгөлбай Сыдыкбековдун, Советбек Жумадыловдун элесине арналган турнирден Hyundai үлгүсүндөгү автоунаанын ээси болдум. Ошондо бир салмакта 62 балбан күч сынашты. Эгер мамлекет тараптан улуттук спортко колдоо, көңүл буруу болсо көптөгөн мыкты спортчулар чыкмак.

– Атаандаштык жогору деп калдың, өлкө ичинде чемпион болуу деле оңой эмес экен да?

– Ооба, өлкө ичиндеги чемпиондуктарга катышып, башында 3-2-орундарды алып кыйналып жүрдүм. Бирок талыкпай аракет кылсаң болот экен. Өлкө чемпиону болуп Азия, Дүйнө чемпиондуктарында күрөшө турган күнгө да жеттим. Алгачкы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль алгам. Менин негизги максатым – алыш күрөшү боюнча бир эле эмес, бир нече жолу Азиянын, Дүйнөнүн чемпиону болуу.

– Мелдештерде жеңишке бир кадам калганда утулуп калган учурлар адамдын дымагын сындырып коёбу?

– Андай учурлар көп эле болот. Кээде утуп келе жатып, бир кадам калганда бир эле катачылыктан улам утулуп каласың. Быйыл Ош шаарында өткөн Азия чемпиондугунда жарым финалда казак балбаны менен күрөшүп тиземден жаракат алып калдым. Ошол жаракаттан улам финалда 100 пайыз күчүмдү жумшап күрөшө албай калдым. Буйрук экен, 2-орунду ээледим. Жаракатым эки жарым ай дегенде калыбына келди. Мээнет кылып жүрүп, анан мелдеш учурунда жаракат алып калганың өтө жаман. Бирок жаракат алып калган учурда деле машыгуу уланат. Буттан жаракат алсаң, колго, дененин башка бөлүгүнө машыгуу кыла беребиз.

– Үй-бүлөң тууралуу да айта кетсең, жубайың спортко кандай көз карашта?

– Үй-бүлөлүүмүн, бир уулум бар. Учурда 3 жашка чыгып калды. Жубайым колдоп, мени туура түшүнөт.

– Маегиңе рахмат! Ийгиликтерди каалайбыз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан