Максат Надырбеков, алпаруучу: “БИЗДИН СҮЙҮҮ “ЛАЙКТАН” БАШТАЛДЫ”

Алпаруучу, тамада Максат Надырбеков үйлөндү. Бул жолу жаш жубайлар сүйүү баянын айтып беришти. “Мурдагы мамиледеги айрым жагдайлардан коркуп калганым бар. Андыктан өз талаптарымды койдум. Ал түшүнүү менен кабыл алды” дейт Максат мырза.

– Салам, куш боо бек болсун! Экөөңөр кайдан табыштыңар?

Максат: – Рахмат, Инстаграмдан табыштык. Сүйүү баяныбыз “лайктан” башталды. Алина мага “лайк” баскандан кийин баракчасына кирип карап чыктым да, мен да “лайк” бастым. Анан жазышып баштадык. Ал кезде Алина Түркияда экен, Кыргызстанга келем деп калды. Тосуп алам деп кыйын болдум. Бирок тосуп алган жокмун (күлүп).

– Эмнеге тосуп алган жоксуз?

М.: – Сүйлөшүп жатканда “сиз” деп кайрылып жатсам, “мен силерден кичүүмүн, эмнеге сиз деп жатасыз?” деп катуу тийгендей болду. Урушчаак окшойт деп коркуп калгам. Ошону менен тосуп алам дегеним эстен чыгыптыр. Бул деле анымды олуттуу кабыл албаптыр. Бирок Инстаграмдан тарыхчаларын карап жаттым, “кайда жүрөсүң, ким менен жүрөсүң?” деп калсам, “жездем менен” деп жооп бергени актангандай сезилди. Көңүлү бар окшойт деп калдым.

Алина: – Мен бардык нерсени ачык, түз айткан адаммын. Актанбай эле кандай болсо ошондой айтып жаткам.

М.: – Айтор, мен ошондой ойлодум. Анан тарыхчадан “буйрутма” бере берчү да. Бир күнү “КFC жегим келип жатат” деп чыгарды. “Кел, мен алып берем” деп жаздым. Ошондо КFC`ден тамак алып барып, биринчи жолу көрүштүк. Ошол кезде деле чачы ушундай ак болчу. Чачы агарып кетиптир деп бир саат таң калгам (күлүп). Азыр эл да ошентип жазып жатпайбы.

– Алина, окурмандарга өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз.

– Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылында туулуп өскөм. Үйдө 3 бир туугандын экинчисимин, эжем, иним бар. Таежем көп жылдан бери Түркияда жашайт, атамдын карындаштары да бар ал жакта. Ошолорго жардам берип, эжемдин жанында жүрдүм. Жакында тырмак жасаганды үйрөндүм. Максат экөөбүздүн сулуулук салонун ачуу планыбыз бар.

– Кыялыңыздагы мырза кандай эле?

– Эркектик сапаттары бар мырзага жолуккум келчү. Өзүм эркек мүнөзмүн. Мага жолуккан кээ бир мырзалар чечкинсиз болчу. “Бул кабыл ала албай жаткан чечимди мен кабыл алып жатам, мага мунун эмне кереги бар?” дечүмүн. Мен издеген сапаттар Максатта бар. Чечкиндүү, ак көңүл. Айымдар таарынчаак болобуз го, сөздөн кармап, болор-болбоско таарына бермейим бар. Андайда бат эле жазып алат.

М.: – Мен да тийишип сүйлөйм да. Кайсы бир сөздү айтсам таарынарын билип туруп айтып коём кээде. Анан таарынычын жазам деп жүрөм.

А.: – Романтика аркылуу таарынычымды жазганга аракет кылат.

– Кандай романтикалык учурлар болду эле?

А.: – Эркектин жүрөгүнө жол ашказаны аркылуу өтөт дешет го, бизде тескерисинче, Максат жүрөгүмө ашказаным аркылуу өткөн (күлүп). Арык болгонум менен, тамак жегенди жакшы көрөм. “Жаңы эле тамактансаң деле ачка боло бересиң” деп жини келет. Жакшы көрүп, сыйлап тамак алып берсе, мага ошол деле романтика.

– Ортодо сүйүү канча убакытта пайда болду?

М.: – Урушуп сүйлөшпөй калган маалда ушул адам жүрөгүмдөн орун алып алганын билдим. Сүйлөшпөй коёюн дейм. Бирок жиним тарагандан кийин жүрөгүмдүн ыйлап жатканын сезип кайра үйүнө барам.

А.: – Менин акылым жүрөгүмө баш ийбейт. Жүрөгүм менен Максатка чалгым келип жатса да, акылым менен токтотуп, чалбайм деп чечип коём. Ушул сапатым жакпайт, жүрөктү укканды да үйрөнүш керек экен. Мен да жайында урушуп кетип сүйлөшпөй калган кезде сездим. Максат оюмдан кетпей койду. Ошондо биринчи жолу өзүм кадам жасап, телефондон “көк бет” деп жазгам.

– Максат мырза, үйлөнүү чечимин кабыл алуу оор болдубу? Мурунку турмушуңуздан улам жубай тандоодо бир топ талаптарыңыз бар экенин билем...

М.: – Алина экөөбүз сүйлөшүп баштаганда “сен мындай болбо, антип сүйлөбө” деп өзүм коркуп калган нерселерден улам мындан көптү талап кыла бериптирмин. “Достордун арасында менден озунуп сүйлөбө, эркектин орду бар, намысыбыз бийик турат, “мен билем, ары туруп турчу” деген нерсе болбошу керек” дечүмүн. Көчөдө ичип жүргөн, селсаяк болуп кеткендерди сындырып, ушул абалга алып келген ушундай мамилелер деп ойлойм.

– Алина, сиз бул талаптарды кандай кабыл алдыңыз?

А.: – Биздин үй-бүлөдө тарбия катуу. Биздин үйдө да атамдын орду бийик. Атам дасторконго отура электе нан ооз тийбейбиз. Максат айткан талаптарды жеңил кабыл алганым да ушундан. Баарына макул болуп колдогонго аракет кылам, кээде ичимдеги башка Алина чыгып кетпесе эле (күлүп). Аялдар такыр эле сүйлөбөшү керек дебейм. Менин да оюм бар. Аны жай отуруп, “мен мындай деп ойлоп жатам, балким, ушундай кылып көрөбүз” деп айтам.


– Алина, Максатка турмушка чыгышыңызга ата-энеңиз башында каршы болуптур, эмнеге?

А.: – Мага чейин бир турмушу болгон да, ошол себептүү каршы чыгышты. Андан тышкары менин мүнөзүмдөн улам “шоу чөйрөдө ар кандай болот, чыдайсыңбы?” дешти. Атамды көндүрүү оор болду. Көнбөсө, мен аларга каршы чыкпайт болчумун.

– Үйлөнүү сунушун кантип киргиздиңиз?

М.: – Жакшы эле пландап, сценарий жазганбыз. Бирок убакыт жетпей калды. Калыңга акча топтош үчүн да чуркап иштеш керек болду.

– Канча калың бердиңиз сыр болбосо?

М.: – 200 миң сом деп сүйлөшкөнбүз, ошого аракет кылдык.

– Бири-бириңиздерди кантип эркелетесиздер?

М.: – Алина дайыма жанымда ээрчип жүрөт. Андыктан көлөкөм деп коём. Алюшка, жаным дейм. Алина жаным эле дейт.

– Тамада болуп да иштейсиз, тойлорго ээрчитип барасызбы?

М.: – Ооба. Алина жакшы ырдайт. Сынактарга катышып жүрчү экен. Мага жар-жар жаздырып бер деп жатат. Ырдайм десе каршы эмесмин. Чогуу иштеп, чогуу жүрсөк, бул да сонун нерсе.

– Белгилүү адамдарга турмушка чыккан кыздар социалдык тармактарда катталуучу топтоп, блогер болуп кетишчү эле...

А.: – Андай оюм жок. Мен буга чейин эле чакан аудиторияма баскан-турганымды тартып көрсөтө берчүмүн. Азыр катталуучулар көбөйүп жатат. Мурда миң катталуучум болсо, азыр 3 миңден ашты. Максаттын бир катталуучусу “элге таанылыш үчүн белгилүү адамга тийип алдыңбы?” деп жазыптыр. Таанылыш азыр оор деле эмес. Видео тартып социалдык тармактар аркылуу таанылгандар көп болуп жатпайбы. Кааласам, балким, мен да ошондой бир жолун тапмакмын.

– Бактылуу болгула! Маегиңерге рахмат.



Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан