Орусияда иштеген кыргыз кызы: “ЖАМАН ЖОЛГО ТҮШҮП АЛГАНЫМДЫ КЕЧ ТҮШҮНДҮМ”

Каарманыбыз Айтолкун (аты өзгөртүлдү) 19 жашында Орусияга иштегени кеткен, 8 жылдан бери Якутияда жашайт. Учурда 4 айлык баласынын оорусу менен күрөшүүдө. “Баламдын атасы кош бойлуу экенимди айтканда эле бизди таштап кеткен. Көп сыноолорду баштан өткөрдүм. Азыр мен үчүн баламдын ден соолугунан башка маанилүү нерсе жок” дейт ал.

"Барба, кызым, жашсың” деген атамды укпай Орусияга кеттим”

– Учурда 29 жаштамын, Нарын облусунда төрөлүп өскөм. Ата-энем мен мектепте окуп жүргөндө ажырашып кетишти. Апамдын өзүнүн үй-бүлөсү, бала-чакасы бар. Мен 9-классты бүтүп эле иштеп акча таба баштадым. Ошондо иштейм дебей, 11-классты бүтүрүп, жок дегенде кесиптик лицейде билим алып алсам болмок экен. Ал кезде мага туура жол көрсөткөн киши болбоптур. 19 жашымда иштейм деп Орусияга келе бердим. Атам “барба, кызым, жашсың, иштегенге жетишесиң” десе болбодум. Өзүм кичинемден өз алдымча болуп, каржылык жактан бирөөгө көз каранды болбогонго аракет кылар элем. Мектеп курагында эле Бишкекте иштеп жүрүп тапканымды атама да, апама да берчүмүн. Ошентип Якутияга келдим, көп жумушта иштедим. Официант, барист, идиш жуугуч, пол жуугуч... Кыскасы, мен иштеп көрбөгөн жумуш калбады. Коёндой окшош күндөр өтүп жатты, жумуш-үй, жумуш-үй... Бир күнү жумуштан кийин өзүм теңдүү кыздар менен кафеге бармай болдук. Бардык, бийледик, көңүл ачтык, жигиттер менен тааныштык. Окшош күндөрдөн тажаганда ага окшобогон күндөр жакшыдай сезиле берет тура. Ошол учурдагы жашоом өзүмө жакчу, чыныгы жашоо ушул экен дедим. Туура эмес чөйрөгө кошулуп, көп жаман жолдорду басып алганымды кеч түшүндүм.

"Ишенчээктигим мени далай жолу жардан түрттү”

– Абдан ачык, шайыр, ишенчээкмин. Ичиме сыр ката албайм, баарына айта берем. Бул сапатымдын айынан көп жолу сындым. Жумушумдагы кыздарга сырымды айтсам аны элдин баары угуп калат. Эртеси сөз болуп атым далайга кетет. Ишенчээктигимдин айынан көп жигитке алдандым. Кичинемде толук кандуу сүйүлбөй өскөнгө жылуу, жакшы сөзгө арбалып калат окшойм. Жакшы көрөм, сүйөм, сага үйлөнөм десе эле ишенип алам. Бул сапатымдан пайдаланып биринчи жигитим менден карызга акча алып, бербей качып кеткен. Экөөбүз үйлөнөбүз дегенинен ишенип, Кыргызстанга барып тойго камданып алганымчы. Көрсө, жөн эле алдап жүрүптүр. Ал мени таштап кеткенде депрессия болуп, ооруканага да жатып чыктым. Көпкө өзүмө келе албай жүрдүм. Тирүү жан болгондон кийин жашоо уланат да, бирөөгө ишенбей жашоо мен үчүн абдан оор. Бирок ишенчээктигим мени далай жолу жардан түрттү. Дагы деле бул сапаттан арыла элекмин. Анткени жакшы адамдар бар экенине ишенгим келет, сүйүү бар экенине, бактылуу болорума ишенем.

"Апам баарына өзүң күнөөлүүсүң деди”

– Якутияда жүргөндө бир кыргыз жигити менен таанышкам. Анын да сүйөм, үйлөнөбүз, бактылуу болобуз деген сөзүнө ишендим. Экөөбүз чогуу жашап жүрдүк, кош бойлуу экенимди айтканымдан кийин изин таптырбай кетти. Аны азыр Орусияда эле жүрөт деп угам. Бир тууган эжеси Якутияда жашайт, мени тааныйт, баламдын төрөлгөнүн да уккан. Бирок билсе да билмексен, көрсө да көрмөксөн. Төрөгөнгө чейин түрдүү жумуштарда иштедим, анткени бала төрөлсө үйдө отуруп калам деп акча чогултуп жаттым. Азыр балам 4 айлык. Жараткан мага чыныгы сүйүү бербесе да, чыныгы энелик бакыттын даамын таттырды. Бала жыты сонун тура, бытыкый колдору менен кармаласа элжиреп кетем. Бирок балам оорулуу төрөлдү, дарыгерлер төрөлгөндө эле заң чыкчу жоон ичегиси бүтөлүү төрөлдү дешти. Азыр түтүк аркылуу курсагы менен заңдап, заара ушатат. 4 айдан бери көрбөгөн күнүм калган жок. Түнү-күнү ыйлайт, эртеден-кечке балам менен алекмин. Төрөгүчө иштеп тапкан акчам да түгөнүп баратат. Учурда Якутияда батирде балам экөөбүз эле турабыз. Кыргызстандагы жакындарым менин минтип кыйналып жүргөнүмдү билишпейт. Апама айтсам “баарына өзүң күнөөлүүсүң” деп урушуп койду (ыйлап). Биздикилер “эл эмне дейт, уят, менталитетибиз башка” деп өздөрүн бир рамкага салып отуруп, адамдын көңүлүн ойлошпойт деле. Ооба, баарына өзүм күнөөлүүмүн. Бирок турмушумду жакшы нукка өзгөртүүгө өзүмдү күнөөлөп отуруп алганым жардам бербейт экен. Мен эмне кылышым керек? Уяттын аягы кайсы жерден бүтөт же өмүр бою жер карап жашашым керекпи?

"Балам айыкса Кыргызстанга кетем”

– Балам ооруп жатканда жардам болор деп бир якут жигити менен келишип, формалдуу түрдө баламдын атасы катары көрсөтүп, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алгам. Бул бекер медициналык кызмат алганга жардам берет. Бирок кымбат дарыларды өзүм сатып алышым керек. Башында 100 миң рубль сураган ал жигит, сүйлөшүп 50 миң рублга түшүрдүм. Ага дагы 30 миң рубль карызмын. Бирөөгө бир нерсе айтсаң “жашап алды” деп ойлойт, оюмда эч нерсе жок эле айтып алам да кайра өкүнүп калам. Айла жок ушул жолго бардым. Бул жактагы кыргыз жигиттеринен жардам сурасаң дароо эле секс сунушташат, же “мага тий” дешет. Албетте, үй-бүлөсүн, бала-чакасын багып иштеген, жоопкерчиликтүү кыргыз мырзалары деле бар. Төрөгөндөн кийин шартымдын оор экенин билген айрым мекендештер жардам беришти, кайырымдуулук уюму 1-2 жолу келип азык-түлүк таштап кетти. Буюрса, балама 25-ноябрда операция жасалат, толук кандуу айыкса Кыргызстанга кетем.

"Жигиттер, кыздарды алдабагыла”

– Мурун жигиттер жылуу сөз айтып, сезимин билдирсе эле сүйүү деп ойлой берчү экенмин. Бир катаны кайра-кайра кайталадым. Мындан 10 жыл мурун атамдын сөзүн укпай, иштейм деп кетип калганыма өкүнөм. Бул жакка келбесем, балким, баары башкача болмок. Айылда карапайым жигитке турмушка чыгып бактылуу жашайт белем, ким билет. Жаштыгымды, сулуулугумду, ишенчээктигимди пайдаланып колдонуп кеткен жигиттерге деле таарынбайм. Мен үчүн бул оор турмуштук сабак болду. Жигиттер, чыныгы сезимиңерди ойготкон кыздарга гана сөз айтып, сезимиңерди билдиргиле, эч качан алдабагыла. Айрыкча чет элде, бөлөк шаарда жакыны жок жалгыз жүргөндө кыздарга силердин колдооңор гана керек. Жаман жолдо жүрсө анын тарпын чыгарып кайра үстөккө-босток кылбай, акырын туура жолго салгыла, жол көрсөткүлө, багыт бергиле. Алдап, максатына жеткен соң таштап кетүү жигитчилик эмес. Кыздар, эч качан мендей ишенчээк болбогула.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Baktyluu_bolgum_kelet
2022-11-28 09:38:00
Бирок кайра кайра эле алдана бергени чатак экен.Энелик сезим сонун да,аны да бергенге берет Кудай.Ден-соолук каалайм.
0
kulgutai
2022-11-28 15:01:00
Карта сын скрап чыгарып койбопсунарда супер жардам берём дегендер чыгат эле Аллах шыпаасын берсин
0
akmanai
2022-11-29 17:42:00
Ыйладым. Авторду бир туруп боорума бекем кучактап кыскым келсе, бир туруп бакырып-бакырып урушкум келди. Алтын менен да ченелгис кайталангыс жаштыгындын, бурдоп, гулдой турган сонун жылдарын эмнеге болушунча кордоп, тебелеп-тепсеп, балчыка ыргытып салдын жарыгым. Жашоону башынан баштай албайсын бирок жакшы нукка буруп, озгортсон болот. Сага, уулуна ден-соолук каалайм. Эстуу бол эми.
0
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан