Түркиялык актриса Афра Сарачоглу

“Афра Сарачоглунун кинодогу келечеги кең болот” дешет кино сынчылар. Чынында Афранын чыгармачылыкка аралашып, өз ордун тапканына бир топ эле болуп калды. Бирок быйыл кайрадан Түркиянын эң популярдуу актрисаларынын катарынан орун алды. Себеп: учурда рейтинги жогоруда турган “Зимородок” сериалында баш каарман Сейрандын образын жаратып жатат. Алдыда Сейрандын, ой, Афранын чыгармачылык
чыйырына көз салалы.

Туулган жери: Түркия, Эдремит

Туулган жылы: 1997-жыл, 2-декабрь

Жылдыз белгиси: жаачы

Бою: 170 сантиметр

Кесиби: актриса, модель

Тартылган белгилүү сериалдары: “Фазилет айым жана анын кыздары”, “Йешилчам”, “Мугалим”, “Зимородок” жана башка

Атанын, аганын ордун баскан таята

Келечектен капарсыз балалык... Кичинекей Афра кино көргөндү эле жакшы көрбөстөн, өзү да кино жаратканга аракет кылчу. Өзү сценарий жазып, үйдөгүлөргө ролдорду бөлүштүрүп берет эле. Албетте, баш каармандын ролунда өзү. Кызынын көңүлүн кыйбаган апасы Лүтфие базардан кездеме алып келип берет, Афра болсо кездемени кескилеп, кино каарманына керектүү көйнөктөрдү тигип алат. Күндө кечинде үйдө ызы-чуу, каткырык-күлкү. Анткени Афранын сценкалары башталат да. Ушундай капарсыз жашоодо жашаган кыз ата-энесинин мамилесинде жарака кеткенин байкабай калган. 9 жаштагы кыз эмнени байкамак?! Экөөнүн ажырашабыз дегенин катуу кабыл алган кыз атасына таарынып, ошол бойдон мамилесин үзүп салган. Атасы деле кызым деп аркасынан чуркаган жок. Ошентип, Афранын жашоосундагы жаңы барак башталды. Ал баракта эми таята-таенеси жана апасынын аты көп жазылат.

- Үй-бүлөгө, өзгөчө балага атанын да, эненин да ролу чоң эмеспи. Атам таштап кеткенде боштук эле калды жан дүйнөмдө. Биздин үйдө мен үчүн атанын, аганын да ордун таятам аткарды. Мектепке кечигесиң деп ойготкон, кээде чачымды тарап, өрүп берген, тамак жылытып даярдап турган таятам эле. Мектептен келгенден кийин менин быдылдап сүйлөгөнүмдү тажабай угуп, колдоосун, кеңешин да айткан адам болчу. Ал каза болгондо өзүмдү дароо он жылга чоңоюп кеткендей сездим. Аны менен кошо балалыгым да кетти...

Эрте келген түйшүк

Мектеп жашоосу, андагы кызыктар, жаңылыктар тууралуу ар апта сайын окуучулардын редколлегиясы тарабынан гезит басылып чыгат эле. Анын бир санында Афра апта каарманы болгон. Башкаларды өзүндөй кылып туураган, куудул, шайыр, чыгармачыл, активдүү кыз деп сүрөттөлгөн каарманыбыздын таланты ошондо эле айланасындагыларга билине баштаган. Бирок “актриса болом” деген таттуу кыялды жыйыштыра туруш керек болду. Анткени зирек кыз апасынын кыйналганын айттырбай эле түшүнгөн.

- Апам бир да жолу “акча жок, мунуңдү алып бере албайм” деп айткан жок. Мага караганда апамдын жашоосу көбүрөөк астын-үстүн болду да. Ошентсе да мени карап жылмайып турганын гана көрдүм. Бирок анын кыйналганын сезгенге акылым жетип калган эле. Андыктан мага ылайыктуу жумуш издеп баштадым. 13-14 жашта элем, апама айтып моделдик агенттик менен 5 жылга келишим түздүк.

Афранын келбети, камера алдында өзүн эркин алып жүрүүсү менен моделдик карьерасы ийгиликтүү өнүгүп, бара-бара Түркиядагы белгилүү компаниялардын жүзү болуп, мода журналдарынын башкы бетинен түшпөй калган.

Ишке ашкан кыял

Кызынын көптөн берки кыялын апасы билет да. Андыктан социалдык тармактардын биринен актёр, режиссёр Өзжан Дениздин киного кастинг жүрүп жатканы тууралуу билдирүүсүн окуп калат. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек эле.

- Ошол күн дале эсимде. Апам экөөбүз таңкы саат 5те Стамбулга келгенбиз. Анан 6 саат күтүп, түш ченде гана кастингге кирип, 10 мүнөттөн кийин кайра үйүбүзгө жол тарттык. 2-3 күндөн кийин гана “Чоң мүмкүнчүлүк” аттуу тасмадан роль сунушташты. Мен тим эле баш каарман болом го деп ойлоп алгам. Кайдан, жаш курагым туура келбейт экен. Анан да биринчи жолу тасмага тартылганы жатсам баш каармандын ролун ким коюптур. Экинчи пландагы каарман болсом да сүйүнүчүмдө чек жок болчу.

2016-жылы актрисалык дебюту болгон Афрага көп узабай эле башка тасмаларга тартылууга чакырыктар түшө баштаган. Аны көпчүлүккө тааныткан “Фазилет айым жана анын кыздары” сериалы болду. Убакыт өттү, түрдүү тасмалар, түрдүү образдар жаралды. 2022-жылдын сентябрь айында экранга “Зимородок” сериалы чыгышы менен кайрадан Афра Сарачоглунун ысымы оозго алынды. Азыркы атаандаштык, техниканын заманында көрөрмандын жүрөгүнөн түнөк таап, көрүүлөр боюнча жогорку рейтингди багынткан тасма жаратуу оор болуп калбадыбы. Бирок “Зимородок” алгачкы сериясынан баштап көпчүлүктүн көңүлүнө толду, аягына чейин кызыгуу жараткан сериал болобу, али белгисиз. Ошентсе да биз чоңоюп, тажрыйба топтоп, баралына келип калган Афраны көрдүк.

Сүйүү – бул бүт аалам”

Баралына келди демекчи, Афранын карьерасы эле эмес, жеке жашоосу да көпчүлүккө кызык. Сулуу бийкечти тасмаларда чогуу ойногон өнөктөштөрү менен сүйүү мамилесин ачыктаганга аракет кылгандар көп болду. Кайсы бир убакта “махабатка малынганга убактым жок, карьерамды гана өнүктүрөм” деген актриса бир убакта “сүйүү – бул бүт аалам” деп калды. Көп өтпөй Афранын “Жакшы оюн” сериалында чогуу тартылган актёр Мерт Языджыоглу менен жетелишип калганын байкадык. 4 жылдык мамиленин түбөлүгү түз болсун.

Эмнени жактырат?

- Тамак жасаганды

- Пианинодо ойногонду

- PlayStation ойногонду

- Волейбол ойногонду

Эмнеден коркот?

- Жөргөмүштөн

- Жыландан

- Колунан келбес ишти баштагандан

Өзүн кандай мүнөз дөйт?

- Эмоционалдуу

- Амбициялуу

- Чечкиндүү

- Күчтүү

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан