Нурсултан Алтыбаев, мекендеш: «МИГРАНТТАРДЫН АКЧАСЫ ТОЙГО ЖАНА 2 КАБАТ ҮЙ КУРУУГА ЭЛЕ КЕТИП ЖАТАТ»

Бул жигиттин бир буту Түштүк Кореяда, бир буту Кыргызстанда. Кореядагы окуйм, иштейм деген жарандарга көмөктөшүп жүрөт. Аталган өлкөдөгү мигранттарга түзүлгөн шарттар, мекендештер тууралуу Нурсултан мырза айтып берди.

– Нурсултан, кандайсыз? Алгач Түштүк Корея менен Кыргызстандын ортосунда көпүрөлүк милдетти аркалап жүргөн жигитти жакындан таанып алсак.

– Саламатсыздарбы? Мен Кара-Кулжа районунун Терек айылынан болом. Учурда 33 жаштамын. Мектепти бүткөн соң Ош мамлекеттик университетинде мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча жогорку билим алгам. Учурда Сеул шаарындагы Ханяң университетинде докторлук диссертациямды жактап жатам, университеттин изилдөөчү борборунда да иштейм.

Алгач 2013-жылы ушул эле университетте 1 жарым жыл корей тилин окуп кеткенмин. 2015-жылы Түштүк Корея өкмөтүнүн гранттык программасын утуп алып, 2016-жылдан 2018-жылга чейин ушул университетте магистратурада окудум. Өкмөттүн программасы болгондуктан окуу, жатакана акысыз, андан сырткары тамак-ашка стипендия берилчү. Магистратураны бүткөндөн кийин Кыргызстанда ишкерлик кылып, коомдук иштер менен алектенип жүрдүм. Окуу борборун ачкам, жарандарга корей, англис тилдерин үйрөтүп, окууга кызыккан жаштарды Түштүк Кореяга жиберебиз. Биздин максат – билим алууга салым кошуу, жаштарга Түштүк Кореяга келип окууга шарт түзүп берүү. Түштүк Корея жана Кыргызстандын университеттеринин ортосунда байланыш түзүп жүрөбүз.

Ошондой эле Түштүк Кореядан жылына жүздөгөн корей саякатчыларын Кыргызстанга алып барабыз, арасында профессорлор, мамлекеттик чоң кызматта иштегендер, депутаттар, губернаторлор, акимдер бар.

– Корей элинен эмнени үйрөнсөк болчудай?

– Үйрөнө турган нерсебиз абдан көп. Мисалы, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Корея экиге бөлүнүп, дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин катарында турчу. 40 жылдын ичинде жакырлардын катарынан суурулуп чыгып, азыр дүйнөдө экономикасы дүркүрөгөн алдынкы он мамлекеттин бири. Демек, биз Түштүк Кореядан жакырчылыктан чыгуу жолун үйрөнсөк болот. Түштүк Кореянын утушу – билимге басым жасаганында. Бизде көпчүлүк ата-энелер “окуп эмнени кыйратмак элең, окугандар жүрбөйбү иш таппай” деген көз карашта. Кореяда ата-энелер балдарын окутуу үчүн болгон аракетин жумшашат. Билим менен гана бийиктей алабыз деген принцип, идеология. Жаштар арасында Түштүк Кореяга келип окуйм дегендер болсо, искусство, архитектура, дизайн, IT тармактарын тандашса, Кореяда көптөгөн артыкчылыктар, Түштүк Кореянын өзүндө иштеп калууга мүмкүнчүлүк бар, бул кесиптерге дүйнө жүзүндө талап жогору. Ошондой эле университеттерде ушул адистиктерге стипендия же арзандатуулар көбүрөөк каралган.

– Изилдөөчү борбордо иштейм дедиңиз, эмнени изилдейсиңер?

– Борбор Азиядагы 5 мамлекет менен Түштүк Кореянын алакаларын анализ кылабыз. Корея Өзбекстан жана Казакстан менен экономикалык жактан тыгыз байланышта. Биз менен аябай деле жакшы эмес. Бирок Тажикстан, Түркмөнстанга салыштырганда жакшы. Изилдөөчү борбордо ушул 5 мамлекетке көбүрөөк артыкчылыктарды берип, келечекте кайсы багытта иштешсе болот деген багытта аналитика жүргүзүп турабыз.

Азыркы учурда Түштүк Корея менен Кыргызстан негизги үч багытта кызматташып жатат. Биринчиси – миграция. Биздин 5 миңден ашуун жаран расмий түрдө Түштүк Кореяда келишимдин негизинде иштеп жатат. Экинчиси – билим берүү, үчүнчүсү – инвестиция тармагы. Билим берүү жана инвестиция тартуу тармагы аксап турат. Учурда Түштүк Кореяда кыргызстандык 400дөн ашуун студент бар деп айтылат, ал эми Өзбекстандан 7000ден ашуун студент бар. Азыр Түштүк Кореянын эң чоң бренди болгон “Корея телеком” компаниясы Бишкекте кеңсесин ачып, иштеп жатат. Бул 30 жылдан берки биринчи чоң инвестиция деп айтсак болот.

Мекендештерибиз келип келишимдик негизде 4 жыл 10 айга чейин расмий иштеп кете алышат. Азыр абдан сонун шарт түзүлүп калды. Бул жерде бардык ички чыгымдар иш берүүчү тарабынан каралып, жылына 500-600гө чейин кыргызстандык мигранттар расмий иштешет. Акыркы жылы 1300 жумушчуга квота берилген, бирок келгендердин саны 500-600дүн тегерегинде эле болуп жатат.

Түштүк Кореянын 50 миллион калкынын 29 миллиону жылына чет өлкөгө эс алууга чыгат экен. Негизинен, Вьетнам, Филиппин, Малайзия, Таиландга барышат, демек, ушул агымды Кыргызстанга бура алсак, 1 миллион корей барса деле биздин туризм үчүн чоң салым болмок.

– Эмне үчүн иштегени Түштүк Кореяга барыш керек?

– Анткени кыргыздар үчүн АКШдан кийин, балким, АКШдан дагы жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Айлык акысы жогору, камсыздандыруу, медициналык камсыздандыруу баары каралган. Ошондой эле бардык ички чыгымдар ишкана тараптан төлөнгөндүктөн, акча чогултууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ошондуктан Европа, Орусияга салыштырмалуу Түштүк Кореяда иштеген жакшыраак.

– Кыргызстанда тышкы миграциянын агымы азайбай жатат. Миллиондон ашык мекендешибиз сыртта, мунун терс жагы барбы?

– Мындан трагедия издебей деле койсок болот, бардык өнүккөн мамлекеттердин жарандары, мисалы, корейлер, булар деле убагында Японияда, Германияда, Араб Эмираттарында азыркы бизге окшоп мигрант болуп жүрүшкөн. Бирок алар жаш муундун билимине көбүрөөк басым жасашкан, бизде мигранттар иштеп тапкан акчасына дүңгүрөтүп той өткөрөт же заңгыраган 2 кабат үй салат. Менимче, көйгөй чет өлкөгө барып иштегенде эмес, иштеген каражатты туура эмес пайдаланганда болуп жатат.

– Түштүк Кореяда кыргыздарга кандай мамиле кылышат?

– Кореяда мыйзам жакшы иштейт. Мен окуган жерде жарандарды чет өлкөлүк же жергиликтүү деп бөлбөйт, баарына бирдей шарт, тартип, мыйзам иштейт, мыйзамды сыйлашат. Ошентсе да булар бир улуттуу калк да, башка улуттар менен көп аралашып көргөн эмес. Чет өлкөлүктөр менен достошуу деген маселеде бир аз рамкага түшүп алышкан.

– Жакында Түштүк Корея президентинин сыйлыгын утуп алдыңыз, ушул тууралуу кеп кылсаңыз.

– Түштүк Кореянын президентинин алдындагы демократия жана тынчтыкта бириктирүү консультативдик кеңеши уюштурган сынакта жеңүүчү аталдым. Бул жылда өтүп туруучу сынак, быйыл биринчи жолу катышып, 1-орунду багындырдым. Негизги тема – Түндүк Корея менен Түштүк Кореяны тынчтык жолу менен бириктирүү болчу. Жалпылап айтканда, өз эмгегимде бул эки мамлекет биригиши керек, биригүүнүн биринчи кадамдары Түштүк Корея тараптан болуш зарыл. Түштүк Кореянын чечилбей жаткан экономикалык, социалдык, коопсуздук маселелерин биригүү аркылуу чечсе болорун, бирок андан кийин шашылыш чыгарылган чечимдер бир канча бөлүнүп-жарылууга алып келиши мүмкүн экенин, андыктан бул маселеге акырындап даярданышы керек деген сыяктуу изилдөө жүргүзгөм. Бул менин биринчи сыйлыгым эмес, бирок буга чейинки сыйлыктардан эң чоңу.

– Сизге эркин микрофон...

– Мамлекет, Кыргызстан бир гана билимдүүлөрдүн арты менен өнүгө алат. Андыктан баарыңыздар билим алыңыздар, билимге умтулуңуздар.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан