(Башталышы)
– Айдай жок!
Бир заматта чуру-чуу түшүп, издеп калышты. Ушунчалык жоопкерчиликтүү адам бир заматта эле болгон долбоорлорун, интервьюларын, иштерин таштап жок болуп кетет деп ким ойлойт. Илим болгон жердин баарын кыдырып чыкты. Бир күн өткөндөн кийин “бирөө өлтүрүп кеттиби?” деген ой пайда боло баштады. Ой деген курусун, Айдай өлүп, анын жаназасы болуп жатканы көз алдына тартыла түштү. Башын чулгуй берди. "Жок, ал өлбөйт! Илимди минтип жалгыз таштабайт ал". 10 жылдан бери Айдайга аябай көнгөн экен, ансыз жашамак тургай, дем алууну элестете албай калыптыр. Башын мыкчып алды. Ошол учурда телефонуна билдирүү келди. “Мен айылдамын, кааласаң кел”. Айдай экенин билди. “Айылдамын” деген сыр сөздү да билди. Ысык-Көлдө бир айыл бар. Жолдон обочо, тоого жакын, көп адамдар биле бербейт. Бирок табиятынын кооздугу көз тойгузат. Бир жолу экөөнүн махабаты ашып-ташып, бирок эч кимге билгизбеш керек болгон учурларда ушул айылга келип жашап кетишкен. Керемет жер! Кийин дагы бир жолу баралы дегенинде Айдай ар шылтоону айтып барбай койгон. Түн ортосу экенине карабай дароо жол тандабасына мине жөнөп кетти. Таң агарып калганда жетти. Уйкусуз, көзү кызарган аял аны күтүп отуруптур.
– Уф, аман экенсиң!
– Корктуңбу?
– Сен атайын мени корксун деп ушинтип жок болуп кеттиңби?
– Жок, жаным, келесоо белем. Мен шаарга батпай кеттим. Кыйналып кеттим. Элестет, куду эле туннелдин ичине кирип кеткендей, эч эле жарыкты көрбөй жаткандай думугуп кеттим.
– Эмнеге?
– Өтмүш өтүп кетти дейбиз, Илим. Бирок ал эч качан өтпөйт. Ал көкүрөгүңдүн бир бурчунда жашай берет. Оорулуу немедей болуп жан дүйнөң канай берет. Кээде жашап кетиш үчүн аны көрбөгөнгө аракет кыласың. Же башка нерсе менен байлык, атак-даңк менен канап жаткан жериңди байлаганга аракет кыласың. Кээде унутасың. Бирок бир күнү баары бир ал жериң кайра канай баштайт.
– Эмне эле табышмактатып жатасың? Бирдеме түшүнсөм өлөйүн...
– Сен мени канчалык деңгээлде тааныйсың, Илим?
– Хм, сени көз карашыңдан эле эмне каалап жатканыңды билгенчелик деңгээлде тааныйм.
– Мисалы, мен канчадамын?
– Эми кызык болбодубу, быйыл 40 жашка чыктың.
– Атым ким?
– Дөөрүбөчү...
Аял аны тиктеп турду. Аяп да кетти бир чети. Бул адамдан башка жашоодо чыныгы сүйүүсү да болгон жок, чыныгы досу да болгон жок. Кимге ишенсе ошонун баары сатып кетти. Ал болсо өзү тууралуу эч нерсе билбейт. Илим бул аялга эмне болду дегенсип Айдайдын чекесине алаканын басып, тамырын кармап көрүп убара. “Жин-пин кирип кеттиби? Ушундай да бирдемелер болчу эле жашоодо...”
– Мен Айдай эмесмин!
– Эмне-е?
– Атым башка, затым башка, интервьюдагы ата-энем тууралуу айткандарым жалган, жашым жалган. Кыскасы, сен билген Айдай деген адам жок, ал сцена үчүн жасалган бир ысым.
– Эмне деп жатасың?
– 34 жашка чыктым. Туулган күнүм кечээ болду.
Илим эмне дээрин билбей туруп калды. Айдайды айланта карап оозуна сөз кирбей калды.
– Сен мага айтып берген окуяларыңдын баары жалган беле?
– Сценарийде ошондой жазылган.
– Кызык, эмнеге буга чейин...
– Билбейм, кайсы бир учурда коркчумун. Мени жасап чыгарган адам, бул сценарийди ойлоп тапкан адам каза болду. Эми менин корко турган нерсем калбады. Корко турган нерсем калбады дегенде мага башка бир коркунуч келди.
– Кандай коркунуч?
– Ушунун баарын эч ким билбей, кокус өлүп калсам менин чыныгы атыма атап куран окута турган бир да адам болбой калат деген коркуу...
– Анан мага айтайын деп чечтиң?
– Башка кимге айтам?
– Кызыктай чечим экен,- деп туталана кеткен Илим чылымын издей берди. Айдай ага өз чөнтөгүнөн алып сунду.
Дембе-дем чылым тартып киришти. Илим бир кезде башын көтөрдү.
– Сен кимсиң?
Айдай жылмайып алды.
– Тиги жакта көл көрүнүп турат, басып келелиби?
– Макул.
Үн катпай көл жээктей басып жүрүштү. Бир кезде Айдай отуруп кеп баштады.
– Сага мен чыныгы өтмүшүмдү айтып бергим келет. Мына, ушул айылдан аркы айылда балалыгым өттү. Балалык дей тургандай деле эмес. Мен ойлосом эс тартканы чоң адамдардай эле түйшүк тартып, жумуш жасап чоң адамдай ойлончу элем. Мени бири да кичине экен деп аяган жок. Өз ата-энемди билбейм, чоң атамдын колунда чоңойдум. Мен алтыга чыкканда чоң атама кемпир алып беришти. Кайдан таап келишти билбейм, тозокту мага ошол киши көргөздү, ушунчалык мерез адам эле, беш мүнөт колумду бош койчу эмес. Элдин кыздары куурчак ойноп жүргөндө мен суу ташып, тамак жасап жүрчүмүн. Баламын да, "мен баарын жакшы жасасам чоң апам мени жакшы көрөт, элдикиндей кылып чачымды өрүп берет, мага мээрим төгөт" деп ойлочу элем. Бирок мен канчалык аракет кылбайын, ал ошончолук мени кордогондон ырахат алчу. Жумуш кылганыма кызыгып 1-класска алып барбай койду, чоң атам байкуш “бул кыла турган жумушту мен кылам” деп жалдырап жатып араң уруксат алганы эсимде. Жаным сабакта жүргөндө эс алчу. Өжөрлүк ошондо эле бар окшойт, мектепке кеч барсам да тез эле класстын биринчиси болдум. Жакшы окудум.
Аял ошол жерине келгенде токтоп калды.
– Демек, профессор чоң атаң болгону жалган экен да.
– Ал башка бир окуя...
– Деги канча окуяң бар?
Билесиңби, бир жолу бирөө “Айдай деген аял кандай баткактан келгенин билем” деп жазган. Сен аны окуп күлүп өтүп кеткенсиң. А бирок ошол адам чындыкты жазган. Мен тууралуу чындыкты ошол адам жазган, бирок эч ким ишенген жок. Мен чын эле азыркы жомоктогудай жашоомо баткактан келдим. Ыплас бир жерден келдим. Сен түшүңдө да көрбөгөн бир жерден келдим.
– Менин жашоом эле жыргап кеткен жери жок, мен сага баарын айтып бергем.
– Билем, ошол үчүн сени түшүнөт деп ойлодум.
– Айдай, эмнеге азыр айтайын дедиң...
– Корктум жана айткандай эле, экинчиден, менин чыныгы жүзүмдү билгенден кийин да сүйө алат болду бекен деп ойлодум...
– Демек, мени сынадың?..
– Эң башкысы мен жашоомду өзгөрткүм келди. Мен миң жолу маска кийип жашагандан тажадым. Маскаларым ушунчалык көп, биздин ишти сен билесиң го, эмнегедир тазаргым келди. Мен 34 жаштамын, бирок өзүмдү ушунчалык кары сезем. Анткени мен көрбөгөн нерсе калган жок.
– Анда мен сени укканга даярмын.
– Эч сөзүмдү бөлбөй, суроо бербей тек гана жан дилиң менен ук.
– Мен сага убада берем!..
(Уландысы кийинки санда)