Чынар Капарова, журналист: «БАЛАЛЫК АРУУ СЕЗИМДИ ТУРМУШ БУЛГАЙТ ЭКЕН»

Балалык баёо сезимдери, айылдын көчөлөрүндө чаң сапырып ойногон мезгили, тентектиктери, ийгиликтери, атаандаштыктары тууралуу журналист Чынар Капарова айтып берди. “Студент кезде айыл чарба жумуштарына барганда тартылган видео тарап кетип, 2-3 күндөн бери жылдыз болуп жатабыз” деген каарманым менен балалык доорго саякатка чыктык.

«7-классымда эле макала жазып гонорар алгам»

– Мен Теңир-Тоонун кызымын, балалыгым Нарындын тоолорунда, Ат-Башы айылында өттү. Балалык кезим, классташтарым, агай-эжелерим азыр да кадимкидей көз алдыма тартылып турат. Баарын сагынам, өзгөчө чаң сапырып ойноп жүргөн көчөлөрдү, тентектик кылып кээде тил угуп, кээде алкыш уккан мектебимди сагынам. Мектепте тың окуучу болдум. Классташтарымдын арасында окууга да, коомдук иштерге да көп көңүл бурган окуучулардын сап башында турчумун. Классымда отличник балдар бар эле, ошолорго атаандашып окудум. Алар активдүү болуп баратса, активдүүлүктү талашчумун. Ар кандай сынактарга катышып, жеңгенге абдан аракет кылчумун. Классым жеңилип калса, көз жашымды көл кылып ыйлаган учурларым болгон. Мектептеги иш-чараларды алып барчумун.

Ыр жазчумун, кийин токтотуп койдум. Акыркы кезде ыр жазууну жандантсам деп жүрөм. Чоң апам жамакчы, жомокчу болчу. Ал айтып берген жомокторду кагазга түшүрүп, райондук гезиттерге жөнөтчүмүн. Бир жылдары Нарын өрөөнү Ысык-Көл облусуна карап калдык. 6-7-класстарымда Ысык-Көл облустук гезитине макаламды жөнөтсөм, үйгө 2 рубль гонорар келген. Гонорарды көргөндө талантың ташкындай баштайт экен.

«Ата-энеме мектепке чогулушка баруу сыймык болчу»

– Үйдө 5 бир туугандын экинчисимин. Эжем, 3 иним бар. Эжем назик, жоош эле, ага баш бербей үйдө жумуш кылбай койчумун. Бирок иш кылсам майын чыгара кылчумун. Анан “Капарова отличник болсо, кыйын болсо, инилери жүдөп жүрөт” деп айтпасын деп инилеримдин галстуктарын күнүгө үтүктөп, шымдарынын кырын чыгарып берчүмүн. Ата-энебизге мектепке жыйналышка баруу сыймык болчу. Баарыбыз жакшы окудук, тарбиялуу болдук.

Үйдө шырдак шырып, кийиз боёчубуз. Телевизор көрүп жатканда да апам жөн отургузчу эмес, шырдак шырып жатып телевизор көрчүбүз. Ушинтип эмгекчил кылып чоңойтту.

«Сулуулар сынагын жеңип алгам»

– Окуучу кезде мен үчүн чоң бир окуя болгон. Мектептеги сулуулар сынагын жеңип чыгып, райондук сулуулар сынагына катышып, ал жактан да утуп алгам. Анда сулуулар сынагында бикини кийип, фигурабызды көрсөтчү эмеспиз. Талантыбыз, чыгармачылыгыбыз, акыл-көрөңгөбүз, билимибиз, дүйнө таанымыбызды көрсөтө турган сынак болчу. Райондук сынакка 16 жаштан 25 жашка чейинки кыз-келиндер катышкан. Катуу даярдандым, ата-энем, чоң энем да жардам берди. Бирок жеңем деп ойлогон эмесмин. Анткени келиндер катышса, алар тың, жашоону көрүп калышкан деп ойлодум. Бирок гран-прини мен утуп кеттим. Акыркы суроого жооп бергеним салмак кошту окшойт. Мен ошондо эле жаңылыктарды көрүп, саясатка да кызыкчумун. Акыркы суроо “Чолпон Баекова ким болот?” деген суроо болчу. Ага менден башка эч ким жооп бере алган эмес. “Конституциялык соттун төрайымы” деп мен жооп берип, утуп кеткем. Түстүү телевизор, 15 миң сом акчалай сыйлык, облустук сулуулар сынагына жолдомо алдым. Ошондо ата-энем маңдайына отургузуп алып “сен 11-классты бүтүп жатасың. Сынактарга даярдан, студент бол. Облустук сынакты жөн эле кой” деп кеңеш беришти. Ал кеңешти туура кабыл алдым.

«Тиктокто популярдуу болуп жатабыз»

– Мындан 10 жыл мурда КТРКнын 50 жылдыгына деп бала кезибиздеги видеону жарыялаганбыз. Анда социалдык тармактар активдүү эмес учурда көп көрүлбөй калган. 5 жылдан кийин Youtube’га жүктөттүрдүк. Youtube’дан миллиондон ашык көрүү топтоду. 2 күндөн бери Тиктокто аябай популярдуу болуп жатабыз (күлүп). Ошол видеонун тартылып калганы мен үчүн абдан кубанычтуу. Жаштардын жандуу жашоосу, мүнөзү, ошол кездеги экономикалык шарттары чагылдырылган видеонун тартылып калганы чоң тарыхый окуя да. Андан бери дүйнө тездик менен өзгөрүп кетти. “Кара тору эле кыз экенсиз, кантип сулуулар сынагын жеңип алдыңыз, кантип диктор болдуңуз?” деп жазгандар бар. Ал видеодо күнгө күйүп талаада иштеп жүргөн учур болчу да. Айыл чарба жумушуна 1 айга айдачу. Биз айыл чарба жумуштарына барган акыркы студенттер болуп калдык. Студенттик мезгилдин эсте калар мезгили жатаканада жашоо жана айыл чарба жумушу болчу. Жатаканада жашабай калдым. Өзүбүздүн батир бар эле, ата-энем менен жашадым. Айыл чарба жумушунда тайпадагы студенттер менен жакындан тааныштык, ата-энеден алыс жашаган кандай экенин билдим.

Видеого жазылган комментарийлердин арасынан бир комментарийге көзүм илинди. “Эже, куник турбайсызбы” дейт. Куник деген сөздү билчү эмесмин. Диалект сөздөрдүн арасынан издесем, кебетеңиз суук турбайбы деген сөз экен. Зерикпей ага жооп бердим, “иним, ошол кезде өңүбүз куник болгону менен, жүрөгүбүз таза болчу. Азыр өңүбүз оңолгону менен, жүрөгүбүз кирдеп баратат” деп. Балалыкта баарыбыз таза болот экенбиз. Элге белгилүү болгондо ар кандай сөздөр айтылып, көрө албастык, бут тосуулар болуп, ушундай нерселердин баары балалыктагы аруу сезимдерди булгайт экен...

«Эл 4 чака көтөрүп помидор терсе, Эрнис Кыязов 8 чакага терчү»

– Азыркы УТРКнын директору Кайрат Иманалиев, белгилүү журналисттер Эрнис Кыязов, Шайырбек Абдрахманов, радиодо белгилүү журналисттердин бири Назира Молдокулова, коомдук ишмер Элнура Кулуева жана башкалар чогуу окудук. Бул тайпалаштарым менен айыл чарба жумуштарына барганда жакындан таанышканбыз. Ким көп помидор терсе сыйлык берилет деп койсо, 2ден эмес, 4төн чака көтөрүп алып терген студенттер болду. Алардын сап башында Эрнис Кыязов болчу. Эл 4төн чака көтөрүп терсе, ал 8 чака көтөрүп алып помидор терчү, ушундай эмгекчил бала болчу. Кайрат Иманалиев чыгармачыл бала эле. Студент кезде эле драмаларды жазып, бизди ролго коюп, ойното берчү. Ар бирибиз талантыбызга жараша кесипке ээ болдук. Бизди окуткан агай камера алып келип ошол видеону эстеликке тартып калган. Бул видео кайра жаңы көз караш менен ошол кезге баа бергенге мүмкүнчүлүк жаратып жатат. Видео биринчи кезекте жаштарга мотивация берет. Мен ЖОЖдо мугалимдик кесипти аркалап жүрөм. Студенттерге “баарыңар сулуусуңар, баарыңар алпаруучу, кабарчы болгонго татыктуусуңар. Биздин мезгилдеги видеону көрдүңөрбү, мына, эми салыштырып көргүлө. Мени көргөн киши диктор болот, теленин атактуу адамы болот деп ойлобойт да. Силерде сулуулук, талант бар, эми билим алып, дүйнө таанымыңарды кеңейтсеңер, эмгекчил, өжөр болсоңор максатыңарга жетесиңер” дейм. Азыр кыздардын жасанып өзүн карап жүргөнү мага жагат. Биздин кезде салонго барчу эмеспиз. Сулуулук каражаттары кымбат болчу. Биз чачыбызды Айчүрөк Иманалиеваныкына окшоштурабыз деп шекерди сууга кошуп көкүлүбүздү көтөрчүбүз. Сарымсактын сабын күйгүзүп, ошону менен кашыбызды боёчубуз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан