"ЖОЛДОШУМДУ СҮЙӨ АЛБАДЫМ”

– Апа, атамды эмнеге уруша бересиз? Сиз негизи атамды сүйүп турмушка чыктыңыз беле?

– Жок, кызым, мен өмүр бою ушул кишини жаман көрүп, көргүм келбей жашадым.

Кызымдын суроосуна ойлонбостон ушинтип жооп узаттым. Жек көрүүгө көнүп деле калыптырмын. Кызымдын суроосу дагы бир ирет бул сезимдеримди эстетти. Жолдошум менен чогуу жашаганыбызга 33 жыл болду. Бул аралыкта бул кишини сүйө алган жокмун. Жан дүйнөмдө азыр деле ажырашып кетүүгө даярмын. Бирок кайдан, келин алып, кыз берип, небере күтүп калганда, картайып жашыбыз мынчага келип калганда ажырашып кайда барабыз.

1987-жылы турмушка чыккам. Ал кезде көпчүлүк мырзалар кызды ала качып үйлөнүшчү. Мени да сырттан көрүп жүрүп эле бир күнү ала качып кеткен. Жолдошум катуу адам болду. Бирөөгө жакшы сөз айтканды, жылуу мамиле кылганды билбейт. Бир заматта эле ачууланып үйдүн чаңын сапырып салат. Мен азыр деле кабыл ала албаган бир сапаты – элдин көзүнчө мени шылдыңга алганы, уруша бергени. “Биздин катын эмнени кыйратчу эле, ушул аял ойлоно алмак беле, Гуля жасаган иш оңунан чыкмак беле” дей берет. “Койчу эми, тынч отурчу” деп акырын жылмаям анын токтоп калышын каалап. Ал токтобойт. Кандай болсо дагы балдарымдын атасы деп сыйлап жашадым, балдарыма да аны сыйлаганды үйрөттүм. Бирок кээде чыдабай уруша кетем. Урушмайым кармап калса ар бир кылган ишине жиним келип кыйкыра берем.

– Иним үйлөнөт экен, атамдар той бергени жатышат,- дедим бир күнү.

– Биз барбайбыз,- деди так кесе.

– Ошондой болмок беле, койсоңчу...

– Болот. Мен барбайм сенин туугандарыңа. Барсаң өзүң бара бер.

Ал менин туугандарыма чынында эле барбайт. Ызама чыдабай кыйкырып ыйлап алып дагы таяк жедим. Тойго өзүм жалгыз, 10 жолу урушуп жатып алган бир аз кошумчам, бетимдеги көк алам менен бардым. Мындай учурлар жүрөктөн жуулуп кетпейт экен. Улам биринин үстүнө бири кошула берип, жек көрүүмдү күчөтүп койду. Эл арасында айла жоктон сый мамиле кылганым менен, ага болгон сыйым биринчи кызымды төрөгөндө эле өчкөн. Баш кошконубуздан бир жылдан кийин кыш мезгили бүтүп баратканда биринчи кызыбыз төрөлдү. Кызымдын атасы кубанат, кызын келип көрөт, бизди төрөтканадан чыгарып кетет деп ойлоп алыптырмын. Келген жок. Ал кезде уюлдук телефон жок болчу. Кайда жүргөнүн биле алган жокмун. Кызымды, баштыктарымды көтөрүп күндүн суугунда өзүм чыгып келдим үйгө. Үйдө жолдошум достору менен кыздуу болгонун жууп майрамдап отурушуптур. Үйдө баланы жаткырганга эмес, басканга жер калбаптыр, баары чачык, үй толо мас эркектер... Андагы менин абалымды айтпасам да сездиңер болуш керек. Кыйналып турган жаным алардын артынан үйдү жыйнап, жарык өчүп калган экен муздак суу менен үйдү тазалап, идиш жуудум. Мындай учурлардын айынан канча оорудум айтпай эле коёюн. Жолдошум эртеси ойгонду да, эч нерсе болбогондой жумушуна кетип калды.

Кыскасы, мен бул кишиден сый, сүйүү көргөн жокмун. Кетип калсам эл эмне дейт, күйөөмдү бирөөгө жамандасам, аны сыйлабай койсом эл эмне дейт деп жашадым...

Бир күнү кызуу абалында досу менен сүйлөшүп жатканын угуп калдым.

– Досум, мен Гуляны жакшы көрдүм. Ал көп нерсеге чыдап мени менен жашады. Бирок мунун баарын мен өзүмдүн кыздарым турмушка чыкканда түшүндүм. Мурдагы кылгандарымды артка кайтара алсам кана. Анын мени күн сайын жек көрүү менен караган көздөрү мага тынчтык бербей жатат,- деп жатты. Бир чети анын кыйналганын угуп кубанып калдым. Азыр баарына кеч. Менин муздаган жүрөгүмдү эч нерсе жылыта албаса керек...

Гуля

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2022-12-02 18:41:00
Буйруса бейиштен уй аласын.
0
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан