МАМЛЕКЕТТИК ИПОТЕКА:ЭЛГЕ ЖЕҢИЛДИК БЕРҮҮ БЮДЖЕТТИН ЭСИН ООДАРДЫ

21-ноябрда Экономика жана коммерция министрлиги “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик турак жай программасы боюнча Министрлер кабинетинин 2021-жылкы токтомун өзгөртүүнү караган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Программаны өзгөртүү мамлекеттик бюджетке оордук келип жатканына байланыштуу дейт министрлик.

Жаңы токтом менен ипотекалык каржылоонун 3 багыты сунушталууда.

«Социалдык турак жай»

Бюджеттик мекемелерде көп жыл иштеген кызматкерлер, көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды камкордукка алгандар, үй-бүлөдө жашы жете элек баланы жалгыз бой тарбиялап жаткандар жана айыл жериндеги жаш адистер ушул категорияда ипотекалык кредит ала алышат. Насыянын жылдык үстөгү 4 пайыз, 25 жылга берилет. Баштапкы төлөм сатып алынуучу турак жайдын баасынын 10 пайызынан кем эмес болушу керек.

«Жеңилдетилген турак жай»

Ипотекалык насыяны бюджеттик мекемелерде иштегендер ала алышат. Үстөгү жылына 6-8 пайыз, 25 жылга берилет. Баштапкы төлөм турак жайдын баасынын 30 пайызынан ашыгы.

«Арзан турак жай»

Ипотекалык насыяны жарандар кайда иштээрине карабай ала алышат. Үстөгү жылына 10-12 пайыз, 25 жылга чейин берилет. Баштапкы төлөм турак жайдын баасынын 30 пайызынан ашыгы (“Ак босого” турак жай сактык кредиттик компаниясы каржыласа) жана 20 пайызынан ашыгы (Мамлекеттик ипотекалык компания каржыласа).

1 жылда канча адам ипотекага үй алды?

Расмий маалыматка таянсак, учурда ипотекалык насыянын орточо суммасы 3 миллион сомду түзөт. “Арзан турак жай 2015-2020” программасына салыштырганда 3 эсе көп. 4 пайыздык үстөгү менен 25 жылга берилген насыядан улам ипотекалык кредитке суроо-талап өсүп кетти дейт министрлик. “Менин үйүм 2021-2026” программасы аркылуу 1 жылда 48 миң жаран катталып, 17 миң арыз жактырылган. Мунун ичинен 2,3 миң жаранга ипотекалык насыя берилип, 7,4 миң жаран банктардан каржылоону күтүп жатышат.

«Аларды каржылаш үчүн 21 миллиард сом керек, бул республикалык бюджетке оордук келтирет»,- деп айтылат маалыматта. Ушундан улам Министрлер кабинети ипотекалык насыяларды берүүгө аманатчылардын (депозитке акча салуучулардын) акчасын макулдашуунун негизинде турак жай салымдарына тартууну көздөп жатат. Бул систем Мамлекеттик ипотекалык компаниянын туунду ишканасы болгон “Ак босого” компаниясы аркылуу ишке ашырылмакчы. Тагыраагы, жарандардын иштетилбей турган каражаттарын ишке тартуу бюджетке оордук келтирүүнү азайтат дейт министрлик.

Бюджеттен бөлүнчү акча 2 эсе азайтылат

Азыркы тапта алынган турак жайдын 90 пайызы мамлекеттик бюджеттен каржыланып, 10 пайызын баштапкы төлөм катары жарандар төлөсө, эми республикалык казынадан бөлүнчү каражат 40 пайызга чейин азайтылат. Ал эми 30 пайызы жарандын “Ак босогого” жеке салымы, калган 30 пайызы компаниянын депозиттик базасынын каражаты болот. 2022-жылы ипотекалык кредит алгандардын 80 пайызы баштапкы төлөмгө орточо 500 миң сомдон беришкен. Ушул каражаттар келечекте “Ак босогонун” депозиттик базасын түзөт.

Айта кетсек, азыркы программага ылайык, каржылоонун 2 багыты бар: “Жеңилдетилген ипотека” (бюджеттик мекемелерде иштегендер үчүн, жылдык үстөгү 4 пайыз) жана “Арзан ипотека” (калган категориялар боюнча, жылдык үстөгү 8 пайыз).

2023-жылга “Менин үйүм 2021-2026” программасын ишке ашырууга 10 миллиард сом бөлүү пландалууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан