– Азыр эки депутатка карата иш бар, алдын ала айтып коёюн, кийин дагы айтып чыкпагыла. Айрымдары өтө оор кылмыштар боюнча шектелүүдө, экспертизалар чыгып жатат. Жакында Башкы прокуратура кылмыш ишин козгосо айтып чыкпагыла. Араңыздарда отургандарда өтө оор кылмышка шектелип жаткандар бар. Жарандардан арыздар түштү, түшкөн арызды кароо биздин милдетибиз,- деди Ташиев.
Кайсы депутаттар кылмыш ишинин фигуранты экени азырынча белгисиз.
Айта кетсек, 17-ноябрда Камчыбек Ташиев менен депутат Өмүрбек Бакиров парламент жыйынында кайым айтыша кеткен. Ошондо Ташиев “сиздин кантип шайланганыңызды билебиз, жакында көрөсүз” деген эле.