ЖЕТИ АТАНЫН АКЧАГА, БАЙЛЫККА ТИЙЧҮ ТААСИРИ

“Жашообузда жети атанын, тегибиздин таасири күчтүү” дешет адистер. Мисалы, бизнес баштайын деп ниет кылып, бирок түшүнүксүз себептер артка тартып батына албай жатсаңыз, бул ата тегиңиздин таасири болушу мүмкүн. Андан кантип арылууга болот? Жашоону өзгөртүп, бактылуу, ийгиликтүү адамга айланыш үчүн эмне кылуу керек? Ушул жана башка суроолорго кванттык психолог Ызаткан Жусупова жооп берди.

«АР БИР ОКУЯБЫЗ КВАНТТЫК ТАЛААГА САКТАЛАТ»

– Биз 1 жылда 365 күн, 12 ай жашап жатабыз. Ушул жашообузда ата-энебизге, чөйрөбүзгө, ишибизге, балдарыбызга, жан шеригибизге болгон мамилебиз, ооруганыбыз, коркууларыбыз, сүйүнгөнүбүз, арманыбыз, бирөөгө айткан каргышыбыз, кыскасы, ар күнүбүздөгү окуялардын баары ар кимибиздин жеке кванттык талаабызга жазылып сакталып калат. Биздин жашоонун 95 пайызын кванттык талаабыздагы маалыматтар башкарат.

Ал талаада өзүбүздүн гана эмес, 7 ата, 7 эне, 7 таята, 7 таенебиздин да маалыматтары, жашоо образдары бар. 7 текте жалпы 254 адам бар. Алардын да өз жашоолору болгон. Арасында балбаны, устасы, чечени, дастанчысы, көзү ачыгы, табыбы, эл башкарган мыктысы, уруу же кылмышкери болгон дегендей. Алар ким болгонуна карабай биздин текти түзүүчүлөр катары саналат жана биздин тегибиз бойдон кала берет. Ар кимдин кванттык талаасында өзүнүн жана 7 атасынын маалыматтары бар. Салмагы 70 килограмм адамда болжол менен 30 триллион клетка болот, ал клеткаларда ДНК бар. ДНКнын ичинде биздин ата-бабалардан келген программалар бар. Ошентип, адам ата теги менен кванттык талаасы жана клеткаларындагы ДНК аркылуу да байланышып турат.

Ата тектен келген программанын башкы максаты – тукумун өлтүрбөй аман сактоо, урпагын уланттыруу. 30 триллион клетка ден соолугубузга, жашообузга, үй-бүлөбүзгө жана башкаларга да кам көрүп турат.

Эгерде биз тегибиздеги 254 адам тууралуу сураштырып билип алсак, анда ал жактан бизге көп күч-кубат, энергия, талант, касиеттер келип турат. Эгерде сураштырып билгенге мүмкүнчүлүк болбосо, анда ата, баба, буба, жото, жети ата деп кайрылып кете берсек болот.

7 АТАНЫН АКЧАГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

– Жети атанын бири кедей, бири бай болгон болушу мүмкүн. Текти сүрүштүрүүнүн себеби бар, анткени 7 атанын ичинде байлыгын бир жерге көмүп, кийин таппай калып стресс болгондор, акчанын айынан бирөөлөр тоноп же өлтүрүп кеткен учурлар болушу ыктымал. Балким, байлыгынын айынан кулакка тартылган. Ошол маалда алардын кванттык талаасына “акча – азап, кайгы алып келет” деген маалымат жазылып калган. Кедей жашаган тегибиз “байлыгым жок, колумдагы акча түгөнсө, эртең кантип жашайм?” деп коркуп күн кечирген болушу мүмкүн. Орто турмушта жашап, “ушуга шүгүр, ашыкча байлыктын кереги жок” деп өмүр өткөргөндөр дагы болгон. Бул маалыматтардын баары кванттык талаада бар. Жогорудагы маалыматтар бизге берилсе, алдыга жылышыбыз кыйын болот. Көп акча табалы десек эле тигил маалыматтар эскертип артка тартып жатат да. Анын үстүнө лоялдуулук мыйзамы деген бар, ал боюнча тегиң кандай болсо сен да ошондой жашашың керек делет. Муну түйүлдүк кезде эле ата-апабыздын гени аркылуу өзүбүзгө сиңирип, ата тегибизге окшош болуш үчүн ошол берилген маалыматтар боюнча жашап баштайбыз.

Ошон үчүн кээде ата тегибиздеги маалыматтар жана ата-энелерибиз “көп акча тапсаң коркунучта жашайсың, атып, тоноп кетет, бизге сенин амандыгың керек, тынч эле арабызда жүр” дей башташат. Акчабыз бар болсо деле “акчам түгөнүп калса эмне кылам?” деп корко беребиз. Мындай абалды лоялдуулук мыйзамы, кванттык талаа аркылуу өзгөртсөк болот. Кванттык психологдун анализ, териштирүүсү аркылуу сезимдерибиздин программасына кирип, ата тегибизге бизди өмүргө алып келгени, ушул кезге чейин сактап келгендиги үчүн ыраазычылык айтышыбыз керек. Байлыктан коркуу сезимдерин өздөрүнө кайтарып берип, “бул сезимдер сиздердики, меники эмес. Акчаны өзүмдүн жыргал жашоом үчүн жумшайм. Мен бирөөлөрдүн эмес, өзүмө тиешелүү жашоону жашагым келет” деп сезимдерибизди айтып, акчага болгон көз карашыбызды өзгөртүүгө болот.

Ошентип, ата тектен келе жаткан жашоодон бурулуп, жашообузду өзгөртүүгө уруксат ала алабыз.

«БАЛАНЫ ӨЗ АЛДЫНЧАЛЫККА ТАРБИЯЛАШ КЕРЕК»

– Кээде “бизнес ачып банкрот болуп калсам эмне болот, эл эмне дейт?” деп иш баштай электе эле сарсанаа боло беребиз. Ийгиликтүү болбой калуудан корко беребиз. Бул да ата тектен келе жаткан программа. Анткени кичинебизде ата-энебиз биз кызыгып жасагыбыз келген жумушубузду жасатпай тыйып коюшкан. Мисалы, кичине кызы апасына кир жуушкусу келсе, “сенин колуңдан келбейт, ары тур” дейт.
А эмне үчүн өзүнүн байпагы же майкасын тазикке салып берип жууй бер деп койбойбуз? Аны жууп, "менин колумдан келет экен" деп сүйүнүп, өзүнө ишенип калат эле да. Атасы чарба ишине жардамдашайын деген баласына “ары тур, сага бул ишти кылууга али эрте” дейт. Ошентип бала бир нерсени көрүп, үйрөнүп, жасайын деп кызыккан убакта тыя берип жасатпай коёбуз. Бала кезде кызыккан нерсесин үйрөнүп, өз алдынча жасап чоңойгон бала кийин чоң иштерди жасаганга да жөндөмдүү болот. Өз алдынча иш кылып көрбөгөн бала чоңойгондо кантип чоң иш жасап жибере алат? Баладагы талантты ачууга кичинесинде кам көрсөк, кийин бизнесте же башка иштерде да ийгиликтүү болот. Балага өз алдынча иш кылуу программасын 5 жашка чейин киргизбесек, кийин кыйын болот. Андыктан баланы ашкере тыя бербешибиз керек. Жасасын, жаңылсын, ал жаңылыштыкты оңдоо жолун издесин, айтор, бир нерсе жаратууга умтулсун.

Бизнести акча табыш үчүн ачабыз. Иш баштоодо өзүбүзгө болгон сүйүү чоң ролду ойнойт. Биз өзүбүздү сүйсөк гана элге сүйүү, пайда бере алабыз.

Ата-эне баласына кичинесинен эле "бул ишти жасасаң сага пайдасы кандай" дегенди түшүндүрүп барышы зарыл. Мисалы, кызга “тамак жасаганды үйрөнүп алсаң келечегиңе пайдасы тиет. Биздин, өзүңдүң да курсагың ток болот. Биз сага ыраазы болобуз” деп айтуу менен. Мунун ордуна “тамак жасашың керек, бул сенин милдетиң” деп буйрук беребиз, кыйнап жасатабыз. Ушинтип балдарды түртмөлөп, кыйнап иш жасатып көндүрүп алабыз. Балдарыбыз эрксиз болуп калат. Кийин бой жеткенде түртмөлөгөн киши жок, эрки жок, өз алдынча эч нерсе жасагысы келбеген адамга айланат. Бизнес жасаганга да эрки жетпейт.

Эгерде ата-энебиз айлык менен үй-бүлөсүн багып келген болсо, анда бул да лоялдуулук мыйзамы, андай кезде ата-энебизге ыраазычылык айтып, эми мага уруксат бергиле, мен өзүмдүн жашоом менен жашап, көп акча таба баштайын деш керек болот.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан