БИЗНЕСТИ ТЕКШЕРҮҮДӨ 1 ЖЫЛГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

Өлкөдө 2023-жылы ишкерлерди текшерүүгө тыюу салынды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 21-ноябрда маалымдалды. Максат – жеке ишкерликти өнүктүрүүгө шарт түзүү, колдоо көрсөтүү. Текшерүүчү органдардын тынымсыз текшерүүлөрү жана өз ыйгарым укуктарынан аша чаап кетиши ишкердикти артка тарткан негизги көйгөй бойдон калып жатканы айтылды. Негизсиз, бирин-бири кайталоочу, мыйзамсыз текшерүүлөр, акча жыйноо фактылары боюнча ишкерлерден даттануулар көп түшүп жатканы айтылат маалыматта.

2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин чакан, орто жана ири бизнести, коммерциялык банктарды текшерүүгө убактылуу мораторий киргизилет. Эгер текшерүүгө укугу бар органдардын өкүлдөрү текшерүүлөрдү негизсиз дайындаса, жеке кызыкчылыктары үчүн текшерүү жүргүзсө, аларды ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза каралары эскертилди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан