Өлкөдө аялдарга жана кыздарга зомбулук кылууга каршы “Күчтү бириктиребиз! Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотуу үчүн активдүүлүк” аттуу 16 күндүк акция башталды. Бул тууралуу 23-ноябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. Акция “Коркпо! Токтот! Жаша!” деген ураандын астында өтөт.
23-ноябрда Министрлер кабинетинин алдындагы Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтүп, анда 16 күндүк акцияны өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы, “Зомбулукка кабылган аялдарга комплекстүү колдоо көрсөтүү боюнча бирдиктүү борбор” пилоттук долбоору үчүн Бишкекте имарат бөлүп берүү жана башка маселелер талкууланганы айтылат маалыматта.
2022-жылдын 10 айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8440 факт катталган. Бул 2021-жылдын 10 айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 938 фактыга же 10 пайызга аз.