Самат Эркинбеков, актёр: «МИЛЛИОНДОН АЗ ГОНОРАРГА МАКУЛ БОЛБОЙМ»

– Салам, Самат! “Здравствуй, папа” тасмасынын бет ачары менен куттуктайбыз! Тасма эмне жөнүндө?

– Саламатсыздарбы? Тасмада мен ойногон баш каарман Касым атасын көрбөй чоңоёт. Атасы Союз тараган оор мезгилде үй-бүлөмдү багам деп Орусияга кетип, келбей калган. Кийин ошол жактан үйлөнүп алат. Тасмада орус менен кыргыздын мамилеси, сүйүү, достук, мигранттардын жашоосу көрсөтүлгөн. Кызыгы, мен сценарий жазгандан баштап Касымдын ролунда жашап алыптырмын. Кинодо бала атасына келип, ыйлап сүйлөгөн эпизод бар. Ошол жерин кандай ойнойм деп коркуп жаткам. Жүрөктөн чыкты, ойноп жатып чын эле ыйладым. Тасма тартылып бүткөндөн кийин Касымдын образынан 3 күн чыга албай жүрдүм. Кийинки ролдордо образга мынчалык кирбейм деп ойлондум. Ролдон чыга албай жинди болуп калышың мүмкүн экен.

Тасманын идеясы меники. Москвага барып калганда мигранттардын турмушун көрүп тасма тартуу идеясы келген. Эрнест Абдыжапаровго айтсам ага да жакты. Сценарийин Эрнест агай экөөбүз жаздык. Негизи актёрду режиссёр тандайт го, бул тасмада, тескерисинче, режиссёр менен продюсерди мен тандадым. Башынан эле эл аралык тасма болсун деп шарт койгонбуз. Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын кинотеатрларында көрсөтүлгөнү жатат. Жалпы бюджет 80 миң долларды чапчыды.

Тартуу иштери Кыргызстанда жана Орусиянын Москва, Иваново шаарларында жүрдү. Орус актёрлорун онлайн кастинг аркылуу тандадык. Иваново театрынан, Москва театрынан артисттерди алдык. Белгилүү актриса Виктория Тарасова тартылды, ага өзүбүз сунуштадык. Орус актёрлору менен иштөө мага чоң тажрыйба болду. Негизи эле бул роль мен үчүн буга чейинки ролдордун баарынан чоң роль болду.

– Сиз мигрант болгон эмессиз да, мигрант жигиттин абалына кирүү кыйын болдубу?

– Ооба, мигрант болгон эмесмин. Бирок Москвага барган сайын мигрант досторумдун үйүндө жатып калчумун. Мага алардын кандай жашаары, кандай жерлерде иштээри кызык болчу. Москвага бир жылда жок дегенде 3 жолу барам. 1-2 күн концерт болсо, 3-4 күн досторумдукунда жүрөм.

– Орусияда жүргөндө мекендештерибиздин жашоосунан эмнелерди байкай алдыңыз?

– Метродо баратсам келип учурашкандар көп болот. Тың, ал жакта отурукташып калган кыргыздар бар, алар конокко чакырып сыйлашат. Жүдөп, кыйналып жүргөндөр бар. Алардын кыйналып жүргөнү көзүнөн эле көрүнүп турат. Москвадан бир жолу Куба (ред.: Кубаныч Курманбеков) экөөбүз тамактанчу жерге кирип калдык. Ал жерде кыргыз кызы пол жууп иштейт экен. Куба экөөбүздү көрүп чуркап келип кучактап калды. Жакшынакай эле сүйлөштүк, ары жакка барып ыйладым. Ошондой жумуш жасап жүргөн кыргыздарды көргөндө жүрөгүм ооруйт. Ушундай көрүнүштөрдөн улам мигранттын абалына сүңгүп кирип, образ жараткым келчү.

– Тартуу учурундагы кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз...

– Орусияда 1 ай болдук. Баарыбыз үй-бүлөбүздү сагындык. Эрнест байкенин кызы экинчи режиссёр, баласы оператор болду да. “Агай, баарыбыз үй-бүлөбүздү сагынып жатабыз. Сизге жыргал, ээ, 2 балаңыз тең жаныңызда” десем, “эмнеге, мен аялымды сагынам да” деп коёт.

Тартуу иштери бүтүп, Кыргызстанга учканы жатканбыз. Бул жакта дасторкон жазып, тосуп алчу унааларды даярдап күтүп жатышкан. Үйгө барам деп үйдөгүлөргө чалып койгом, баламды аябай сагынгам. Аэропорттон техникаларды жүктөө иштери менен чуркап жүрдүм. Техникага жооптуу адамдардын бири болчумун. Акыркы бир техниканын сыртын оротуп келсем эле “сиз өтө албайсыз, 1 мүнөткө кечигип калдыңыз” дешти. Баары учуп кетишип, Бакыт деген бала экөөбүз калып калдык. Эртеси күнү Ысык-Көл аркылуу учуп келдик. Дагы бир кызык жери, башкы ролдо ойногон Алиса Рыжкинага “кээде орусчам түгөнүп калат, туура түшүн” деп айткам. Мен орусча үйрөнбөй эле, ага кыргызча үйрөттүк.

– Өзүңүздү кыйын актёрмун деп эсептейсизби?

– Чынын айтканда, атайын билим алган актёрлордой эле болуп калдык. Кино тармагында жүргөнүмө 10 жылдан ашты. Бул аралыкта 15тей тасмага тартылдым. Алардын ичинен 6-7си башкы роль. Режиссёр да, продюсер да болуп көрдүм. Өзүмдү профессионал актёр деп эсептейм, албетте. Тасманын башкы ролуна гонорарым 1 миллион сом. Мындан азга макул болбойм. Бул Кыргызстанда азыркы учурда эң кымбат гонорар деп ойлойм. Башка актёрлордун мындай гонорар алганын уга элекмин. Мен жөн гана ойноп бербейм, берилип иштеп берем. 24 саат тартуу иштери жүрсө деле иштей берем. Жарнама жасап берем. Жанымда жардамчыларым бар, алар көп нерсени уюштурушат. Грим да өзүбүздүкү.

– Вайн тартасыз, тасмага тартыласыз, теледе алып баруучусуз, тамадалык кыласыз, үй-бүлөңүзгө, өзүңүзгө көңүл бурууга убакыт калабы?

– Үй-бүлөмө көңүл буруп жатам. Уулум 2 жаштан өттү, бала бакчага барат. Келинчегиме кийим саткан чакан дүкөн ачып бергем. Өзү соодага жакын, көңүлүңө жакса иште дедим. Ошол дүкөндүн иши менен алек болуп жүрөт. Иштеп баштагандан бери менден көп көңүл бурууну талап кылбай калды. Тескерисинче, мен “жүрү, бир жакка барып эс алып келели” деп калам. Бирок өзүмө кам көрө албай жатам. Кээде ооруп калам. “Жакшы тамактан” деп келинчегим урушуп калат. Биз көбүнчө фаст-фуд жеп алып эле жүрө беребиз да.

– Телеканалда “Сен мыктысың” долбоорун ачтыңыздар. Максим Галкинди эле туурап коюпсуздар...

– Биз Галкинди туурасак, Галкин Европаны туурады. Европа Американы туурады. Бул дүйнөлүк телеберүү. Галкин же анын командасы ойлоп тапкан эмес. Ал долбоор чыккандан кийин аудиториям дагы да кеңейе түштү. Көчөдөн балдар чуркап келип кучактап калышат.

– Теле жана кино. Жан дүйнөңүзгө кайсынысы көбүрөөк жакын?

– Теле өзүнчө кызык, кино өзүнчө. Теледе жүрүп дикциямды оңдоп, туура сүйлөгөндү үйрөндүм. Тойдо жүрүп импровизация кылганды үйрөндүм. Кино рейтинг алып келет. Кино чыккан сайын популярдуулугуң артат. Мунун тойго, телеге жардамы чоң. Баары жан дүйнөмө жакын.

– Убакытты туура пайдаланасызбы?

– Убакытты туура пайдаланганды үйрөндүм. 2 жардамчым бар. Экөө дайыма кайда барарымды айтып турушат. Планыбыз, иш графигибиз 1 ай мурун түзүлөт.

– Жакшы, дагы да бийиктей бериңиз. Маегиңизге рахмат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан