МЕНИНГИТ АДАМДЫ КЕРЕҢДИККЕ ЖЕТКИРЕТ

Менингит – адамды өлүмгө чейин жеткирүүчү оор дарт. Дүйнөдө убак-убагы менен менингит эпидемиясы чыгып турат, өзгөчө Африкада. Убагында дарыланбаса бул илдет адамды кереңдикке, талмага жеткирет. Кыргыз медициналык академиясынын балдардын инфекциялык оорулары кафедрасынын башчысы Дамирахан Чыныева менингиттин жаралышы, коркунучу, дарылоо ыкмалары боюнча маалымат берди.

Дартты бактерия, вирус, грибок сымалдар жаратат

– Менингит бул – мээнин, жүлүндүн чел кабыктарынын сезгениши. Ооруну козгогучтар болуп бактерия, вирус, грибок сымалдар, мителер эсептелет. Дарт оорулуунун шилекейи, чүчкүрүгү, ал колдонгон буюмдар, тамак-аш, кир кол, өбүшүү аркылуу жугат. Эпидемиялык мезгил – көбүнчө февраль-апрель аралыгы. Анткени бул аралыкта аба ырайы бирде жылуу, бирде суук болуп, оорунун жайылышына шарт түзүлөт. Анын үстүндө нымдуу аба ырайы бактериялардын көбөйүп таралышына ыңгайлуу. Узак убакыт желдетилбеген имаратта болуу, мончодон чыгып башты кургатпай көчөгө чыгып кетүү да ооруга жол ачат. Ооруну убагында дарылабаса кереңдикке, талмага алып келет.

Бактериалдык менингит. Бул түрүн микробдор жаратат, стафилококк, стрептококк, өзгөчө менингококк себепкер болот. Менингококк козгогон түрүн айтсак, аталган бактерия аба аркылуу жугат. Организмге кирген соң канга өтүп, кан менен жылып баш мээнин чел кабыгын сезгентет. Өлүп баштаган бактериялардан уулар бөлүнүп чыгып, ал уулар эң керектүү органдарды, мисалы, мээ, бөйрөк, боор жана башкаларды ууландырат. Жүрөккө да терс таасирин тийгизип, иштөөсүн бузат.

Кайталанма ириңдүү менингит. Оору өтө оор өтөт, мээнин кабыкчаларында ириң жаралат. Бул түрүнүн жаралышына стафилококк, пневмококк, менингококк бактериялары, ичеги таякчалары себепкер болот. Көбүнчө баш мээнин жаракатына кабылгандар, башына же моюнуна операция жасалгандар оорунун бул түрүнө көп чалдыгышат. Анткени жараат алган жерден бактерия кирип, менингитти жаратат. Ошондой эле кулактан дайым ириң акса же гайморит оорусу барлар врачка кайрылбай өз алдынча дарыланып жүрө берсе, ал оорулардын козгогучтары мээге өтүп, менингит жаратышы мүмкүн.

Илешме, уюма суюктук түрүндөгү менингит. Муну вирустар жаратат. Оорулуунун чүчкүрүгү, шилекейи, вирус түшкөн буюмдар аркылуу жугат. Чоңдор азыраак, балдар көбүрөөк оорушат. Жайкысын эл көп түшкөн көлмөлөрдө киринип, булганган суу менен кошо оору козгогучту жутуп алганда жугуп калуу коркунучу бар. Ошондой эле суу чечек, кызамык, тепме, сасык тумоо менен ооруган кезде вирустар баштын чел кабыгына өтүп кетип, оору жаратышы ыктымал.

Кургак учуктуу менингит. Кургак учук менен оорубаган адам деле кургак учуктуу менингитке чалдыгышы толук ыктымал. Кургак учуктун оору козгогучтары оорулуунун буюмдары аркылуу жугат. Алар кан менен жылып барып баш мээнин кабыкчаларын сезгентет.

Оорунун белгилери

Оорунун билинбей өнүгүү мезгили 2-4 суткага, кээде 18 суткага чейин созулушу мүмкүн. Анан гана белгилери билинип баштайт. Оорунун белгилерине төмөнкүлөр кирет:

• Баштын сынып кетчүдөй болуп катуу оорушу

• Дене табынын көтөрүлүшү (39-42 градус)

• Кара тер басып, чыйрыгуу

• Баштын, кежигенин артка тартылып оорушу, адам ээгин төшүнө жеткире албай калат

• Тамакка табиттин жоголушу, көңүл айлануу

• Ымыркайлардын эмгегинин көтөрүлүп калышы

• Колу-буттун тырышып, карышуусу

• Дем алуу оорлоп, көрүүнүн начарлашы

• Жарыктан качуу жана добуштан коркуу

• Денеге канталаган кызыл бүдүрчөлөрдүн чыгышы. Бүдүрчөлөрдү басып көргөндө өңү өчпөйт жана томпойгонсуп сезилет

• Алсыздык, уйкусуроо

• Баш сөөк алдындагы басымдын жогорулашы

• Жүлүн суюктугунун курамы сезгенүүдөн улам өзгөрүшү

• Оору өтүшүп баштаганда көзгө ар нерсенин көрүнүшү, дөөрүп калуу

• Адамдын эсин жоготуп коюшу (кома)

Диагноз

Диагноз үчүн кандын анализи, электроэнцефалография, компьютердик томография, пункция керектелет. Пункция – жүлүн суюктугун шприц аркылуу сордуруп алып текшерүү. Жүлүн суюктугунда оору козгогучтардын бар же жогу, бар болсо эмне козгогону аныкталат. Айрым адамдар кокус майып болуп калбаймынбы деп пункция жасатуудан коркушат, бирок коркпош керек. Анткени пункциядан диагноз так аныкталып, дарылануу да эрте башталып, оору өтүшүп кетпейт. Оору белгилери билинер замат ооруканага кайрылбаса адамдын 1-2 күн ичинде каза болуп калуу коркунучу бар.

Дарылоо

Дартты эмне козгогонуна жараша дары-дармектер жазылып берилет. Алардын ичинде сезгенүүгө, вирус же бактерияга каршы дарылар менен кошо витаминдер топтому, дене табын түшүрүүчү каражат болот. Оорулуунун тамак-ашында белокко бай азыктар, малдын, канаттуунун эти жана балыктын болушу шарт. Андан тышкары быштак, сүт, жумуртка, витаминдерге бай жемиштер, мисалы, карагат, лимон, өрүк берилет. Суюктукту көп берсе денедеги уулардын чыгып кетишин шарттайт. Суусундукка компот, морс, минералдык суулар, ит мурун кайнатмасы да жарайт. Кургатылган нан, ботколор да жакшы сиңет.

Үйдө бир адам ооруп калган болсо, анда калган үй-бүлө мүчөлөрү толук текшерилүүдөн өтүшү зарыл. Бул оорунун жайылып кетишинин алдын алат.

Менингитке чалдыгуу коркунучу жогорулар кимдер?

• Иммунитети начарлар

• Инфекциялык оорулар менен ооруп айыккандар. Мисалы, пневмония, сасык тумоо, фарингит, ангина, отит.

• Кургак учук, цирроз менен ооругандар

• Стресске көп кабыла бергендер

• Диетаны көп кармагандар, суукта көп иштегендер

• Суукта, өзгөчө кышта жылаң баш жүргөндөр

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан