(Башы өткөн сандарда)
Эртеси таңда апамды, инилеримди ыйлаткан бойдон жолго чыгып кеттим. Өзүм ыйлаган жокмун. Болгону «Апам адашып калсын, ылайым! Үйгө бактылуу кайтып келсем экен, бактылуу кайтып келсем экен» деп кайра-кайра тилендим. Кимдин машинесине отурганым эсимде жок, айылдаш эле агалардын машинеси болчу. Кимдер менен машинеге отурганым да эсимде жок. Айыл ойгоно элек экени эсимде, биз жашаган көчөдөн жан адам көрүнбөгөнү эсимде. Анан машиненин артынан кол булгап ээрчий чуркаган айылдын катар теректери эсимде. Мени чоң жолго теректер узаткан. Айылдан баштап чоң жолго чейин катар тизилген теректер машинени ээрчий чуркап, анан орду-ордунда селейип калып кеткен. Ал кезде мен бактылуу болуш үчүн карандай жылаңач сүйүү аздык кыларын билбейт элем...
ххх
– «Москва көз жашка ишенбейт». Ал мага бүгүн да сирень көтөрүп келди. Сиренди көрбөдүм, кулагын көрдүм. Эжем туура айтыптыр, анын кулагы менен чын эле желпинсең болот экен. Сиренди алдым. Жыттадым. Сирень жакты, жигит жаккан жок. Жигиттин аты «Гүл бергич». Ушинтип атап алганбыз. Акбермет иштен келе элек. Келсе, тамак жасайт эле. Ачкарын сүйүүнүн даамын сезиш кыйын экен. Ал келбесе, мына бу сиренди жешке туура келет» (романдан үзүндү).
– Сага эмне болду?!
– Сактандан таасирлендим.
– Сактанды көрүп, дагы эле ичиң ооруп жатабы, эмне?
– Ичим көнүп калды. Өнөкөт оору болуп калды.
– Дагы романдан үзүндү илдиби?
– Ал эч нерсе эмес. Элдин баары ошол стилге өттү.
– Дагы кимдер? Олдо Кудай ай...
– Каке, Алыке, Таке жана башкалар...
– Өлбөдүбү... Кантип эле өздөрүнүн тантып жатканын байкабайт? Тантыктардын ушунусу жаман. Сага тийишпей, сен жакты тиктебей, өз алдынча пост жазып, өз алдынча «оокат» кылып жатса деле, бул жакта туруп сен өзүңчө эле кор боло бересиң. Жазганын окуп эле корсуң.
– Билбейм, эже... Сактан бир болсо жакшы эле жазат окшойт.
– Сен дагы өзүңдөн шектенип жатасыңбы?
– Мен ойлоп калдым да... Аскатты баары туурады. Анан муну деле туурап жатса... Демек, жакшы эле жазат да...
– Кемпайлар же өтө жакшы стилди туурайт же өтө жаманды... Маселе ушунда. Мен да өзүмдөн шектене баштадым. Сактан жазат, менин өлбөгөн төрт шыйрагым калат. Күндө таң ушинтип башталат.
– Башкалар туурайт, мен туурагычтарды тизмелейм. Ууру аңдып эле отурам Фейсбукта.
– Өлдүк, ээ? Ар ким келип мээбизди зордуктай берип, экөөбүз соо болбой калдык.
– Ошого айтып жатпаймынбы... Андан көрө шарт элдин шары менен биз деле ушундай нерселерди жазып, илип коюшубуз керек. Билинбей калат.
– Азыр аңырайып кемпай экенибиз билинип калдыбы, эмне? Ошондо жинди биз болдукпу? Негизи бир нерсе туура эмес, бирок ошол туура эмес нерсени такыр таба албай жатам. Ушунун баары өзүбүзгө да керек окшойт, эй... Өзүбүз барактарына чуркап барып, өзүбүз алар жазган постторду, ырларды окуп, өзүбүз аларга мээбизди зордуктатып жатабыз.
– Ошо да... Керек үчүн Сактандын барагын кайтарып отурабыз да. Бул жаман арында өзүнчө Шайлообек менен Кубатбек болуп жатат.
– Шайлообек менен Кубатбек болуш үчүн Сактандын апасы Шайлообектин же Кубатбектин атасына тийиш керек. Алардан айланат бекен?!
– Айланбай эле... Бүт кыргыз адабиятын зордуктап жатат. Ичине Кубатбек, Шайлообек, Байдылда баары чогулуп кирип кетиптир.
ххх
– Акберметтин маанайы жок. Анын маанайы жокто баарыбыздын, жадакалса жаман батирибиздин да маанайы чөгүп, үңүрөйүп калат. Ачка калабыз. Бири-бирибизге эрегишкенсип, кезерип жата беребиз. Анткени ал бизди энебиздей эле көндүрүп койгон. Тамагын жасап, сеники-меники дебей баарыбызды дасторкондун четине топтоп «алгыла, жегиле» деп үстүбүзгө үйрүлүп турат. Балким, арабызда жалгыз эне болгону үчүн, эне жүрөк күткөнү үчүн ушундайдыр. Эне болгон оор, мигрант эне болгон андан жүз эсе оор турбайбы. Акберметтин кичүү кызы ооруп калыптыр. Аны уккандан бери байкушта жүрөк деле калбады, жан деле калбады. Чуркап бара калайын десе, жакын жер болбосо... Күндүр-түндүр телефонду тиктеп, кайненеси менен кайнатасына алмак-салмак телефон чалып отурат. Бүтүндөй үмүт-тилеги, ишеничи телефонго байланды да калды. Жанына алып келип алайын десе, эки баланы бөлөк жерде кантип багып, кантип окутат? «Ушинтип кантип энемин деп жүрөм? Кыздарыма же тарбия бере албасам, мээрим бере албасам же ооруганда жанында боло албасам, менин эмнем эне?.. Мен кийин аларга кантип «энемин» деп айта алам? «Мени төрөгөн аялдын тагдырын кайталабайм, кыздарымды жол каратпайм» дечүмүн. Бирок бирме-бир ошол аялдын тагдырын кайталап жатам», – деп ыйлады. «Энемдин» же «апамдын» деген жок, «ошол аялдын» деди. Сооротууга сөз таба албадым. Эмне деп сооротом? Аңгыча телефону шыңгырап калды. Сөз тыңшабайын деп басып кеттим, бирок басып баратып сөз тыңшап жаттым.
– Алло, алдыңызбы? Бүгүндөн калбай барыңыз. Мага жооп берип туруңуз. Доктур менен жакшылап сүйлөшүңүз, – деп кызын кайнатасына же кайненесине дайындап жаткандай болду. Айылга акча жөнөткөн. Кайненеси: «Кызың ооруп жатат, акча сал, ооруканага барышыбыз керек», – дептир... Ушул сөзүн угуп, менин жиним келди. «Кызың» дегени алардын небереси го! «Акча сал» деп күтпөй эле алып бара беришсе эмне болот? Жалгыз эле ушунун колун карап отурган бирөөлөр эмес экен. «Башка балдар-кыздары деле кудайга шүгүр» деп айткан Акбермет. Алар жардам берип койсо эмне болот? Кызыгы, ар дайым «кызың, кыздарың» деп сүйлөйт. Ушинтип айткандарын көп жолу уктум. Кудум Акбермет ал кыздарды башка бирөөдөн төрөп жетелеп келгенсип… Мен неберелерин «менин балам, менин кызым» деп менчиктеп, ата-энесинен талашкан чоң ата, чоң энелерди көргөн экем, бирок мындай чоң ата, чоң энени биринчи жолу көрүп жатам. Же 10 жылдан бери алдына бир барып койбогон баласына жини келип ошентишеби? Анда Акберметте эмне күнөө? Кредит алып, ошону төлөйм деп Москвага келип, ошол бойдон үйүнө кайтып барбай койгон өздөрүнүн баласы го. Кредит алган да ошол, кредитти төлөбөй койгон да ошол, качып, бекинип, курсагы тойгонуна сүйүнүп ар жерде жашап жүргөн да ошол, кыздарын карабай койгон да ошол. Өздөрүнүн баласы. Өздөрү тарбиялаган бала... Акберметте эмне күнөө? Ал Москвага ошол дайынсыз жоголгон күйөөсүн издеп келген, эми өзү жалгыз кыздарына келечек, байлык, бакыт издеп жүрөт...
(Уландысы кийинки санда)