АРЫКТООДОГУ КООПТУУ КАТАЧЫЛЫКТАР

1. Дары-дармек, крем, туздар. "Арыктоо үчүн үй шартында, эч кандай күч-аракет жумшалбастан" деп азгырган дары-дармектерди өз алдынча колдонуу, бат арыктатуучу диеталар, курсакты бат киргизет делген тагынчактар, крем, туздар, укалоочу аппараттар. Бул сыяктуу “кереметтер” тууралуу пикир калтыргандар социалдык тармактарда, сайттарда толтура. Окуп, угуп эле ишенип аларды ичип, жасап көргөндөр көп. Мындай ыкма диетолог сыяктуу адис менен иштөөгө караганда оңой, тезирээк, бирок натыйжада кымча белдин ордуна көптөгөн көйгөйлөрдү жаратасыз. Ашказан-ичеги жаралары, невроз, теридеги көйгөйлөр, депрессия, анорексия сыяктуу кесепеттерди жаратат. Бул бир эле чети.

2. Белок, май, углеводду алып салуу. Арыктоодо организмдеги процесстердин жүрүшүндө маанилүү болгон белок, май же углеводду рациондон алып таштайбыз. Дарыгердин сунуштамасы жок мындай практика оң натыйжа бербейт. Булардын баланстан аз болушу жүрөк-кан тамыр, нерв системине, тамак сиңирүү жана дем алуу системине терс таасирин тийгизет. Белоктун жетишсиздиги – булчуңдун жана ички органдардын тканынын алсыз болушуна алып келет. Ал эми май жетишсиз болсо, организмге минералдык заттар менен витаминдердин сиңүүсү начарлайт. Ал эми углеводдон толук баш тартуу алсыздыкка, гормоналдык бузулууларга жана сөөктүн бузулушуна алып келет. Жогорудагы заттардын биринен такай баш тартуу – боор, ашказан, эндокриндик системдеги көйгөйлөрдү жаратат.

3. Калорияны азайтуу же такыр эле сууга өтүп кетүү. Күнүгө адам канчалык энергия коротот, ошого жараша тамак-аштын калориясын диетолог адис менен аныктоо керек. Аз калориялуу диетанын кооптуу кесепеттери: анорексия, булимия, ички органдардын иштешинин бузулушу. Мындай диетадан кийин калыпка келүү оор.

Организмге кантип зыян келтирбей арыктайбыз?

Баары жөнөкөй – коопсуз арыктоо же керектүү салмакты сактоо адистердин көзөмөлүндө гана мүмкүн. Диетаны адистин текшерүүсүнөн өткөндөн кийин жекече түзүшүңүз керек. Бирок диета менен эле денени идеалдуу кылууга болбойт, шалбыраган булчуңдарга жана териге фитнес-тренер жардамга келет. Физикалык активдүүлүк менен майдын массасын жоготуу процесси тезирээк жана ишенимдүү болот. Эгер ашыкча салмактын айынан депрессияга түшүп кетсеңиз, психотерапевт да жардамга келгени жакшы. Адистер менен иштешүүнүн ордуна, өзүңүз билип диетага отуруп организмиңизди сынап көрбөңүз, ал сыноону көтөрө албай калышы да мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан