КАТАР-2022: Фавориттер кимдер?

Футболдун фанаттары үчүн чыныгы майрам башталды. 20-ноябрда Катар өлкөсүндө футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды. 1 айга созула турган талаа таймашынын фавориттери кимдер? Месси менен Роналдунун тирешине ушул чемпиондук чекит коёбу? Ушул сыяктуу суроолорго эксперттердин пикирине таянып жооп издейли.

ТАРЫХТАГЫ ЭҢ КЫМБАТ ЧЕМПИОНДУК

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 18-декабрга чейин уланат. Аталган иш-чара тарыхтагы эң кымбат чемпиондуктардын бири болуп калары талашсыз. Уюштуруучулардын айтымында, бул чемпиондукту өткөрүүгө Катар бийлиги
200 миллиард доллардан ашуун акча жумшады. Муну кыргызда “акчаны самандай эле чачты” деп коёт. Араб мамлекетинде өтүп жаткан биринчи чемпиондук экенин эске алсак, катарлыктар аталган мааракени эсте каларлык кылып өткөргүсү келди өңдөнөт. Стадиондорду курууда жана жаңылоодо да акча аяшкан жок. Финалдык беттештер Катардын Доха, Ар-Раян, Лусаил, Аль-Хор жана Аль-Вакрада шаарларында өтүп, андагы бардык ареналар жаңы курулуп 2021-жылы пайдаланууга берилген. Катардагы мээ кайнаткан ысыкты билсеңиз керек, өлкөнүн дал ушул климаттык өзгөчөлүгүнөн улам оюндар ноябрь, декабрь айларына жылдырылган. ФИФА менен УЕФАнын жетекчилиги жайында Катарда 50 градуска жеткен ысык болот, андай ысыкта беттештерди өткөрүү мүмкүн эмес деп табышканын эсиңизге сала кетели. Катарда эң суук деп декабрь, январь айлары эсептелинет, ошондо да аба ырайы 20 градус жылуу болот. Катарлыктар бардык стадиондорду чатыры ачыла тургандай куруп, заманбап кондиционерлер менен жабдышкан.

ШАКИРА БОЛБОСО “BTS” БАР…

Ошентип күткөн күн келди. Дүйнөлүк чемпиондуктун старттык ышкырыгы жаңырды. Ачылыш аземдеги чакан салтанатта футбол уюмунун расмий өкүлдөрү сөз сүйлөп, концерттик программага да орун беришкен. Футбол майрамынын ачылышында Шакира ырдайт деген божомолдор бар эле, салтанатка 4 күн калганда ырчы ага катышуудан баш тартканы белгилүү болду. Шакира баш тартуусун жеке себептерге байланыштырды. Ошондой эле британиялык ырчылар Дуа Липа менен Род Стюарт да аталган иш-чарага катышуудан баш тартып, ага Катардагы адам укуктарынын жакшы корголбой жатканы себеп деген жүйөсүн келтиришкен. “Күмүш эшик жабылса, алтын эшик ачылат” деген кеп бар эмеспи, уюштуруучулар көпкө баш оорутпай дүйнөлүк масштабдагы дагы бир популярдуу ырчы, түштүк кореялык “BTS” тобунун мүчөсү Чон Жонгукту чемпиондуктун гимнин ырдоого чакырышкан. Ал “Dreamers” чыгармасын катарлык ырчы Фахад Аль-Кубаиси менен чогуу аткарып стадиондогу 60 миңден ашуун көрүүчүнүн купулуна толо алды.

РОНАЛДУ МЕНЕН МЕССИНИН ТИРЕШИНЕ ЧЕКИТ КОЮЛАБЫ?

Месси менен Роналду 15 жылдан бери көк майсаңда атаандашып, “кимиси кыйын?” деген суроонун тегерегинде миллиондогон күйөрмандары талашып-тартышып келишет. Аталган чемпиондук футбол жылдыздарынын карьерасында акыркы оюну болуп калышы да мүмкүн. Алсак, Роналду акыркы берген чуулгандуу маегинде 40 жашка жакын спорттук карьерасын жыйынтыктай турганын айтты. Ал жакында 38ге чыгат. Месси да, Роналду да улуттук командалардын деңгээлинде баш байгени жеңе элек. Экөө тең Дүйнөлүк чемпиондуктагы дебютун 2006-жылы Германиядан башташкан. Андан берки 15 жыл бул эки жылдыздын атаандашуусу менен коштолот деп анда эч ким ойлобосо керек эле. Андыктан Португалия менен Аргентинага күйөрмандык кылган футбол сүйүүчүлөрү финалда так ушул эки өлкөнүн курамасынын кез келишин чыдамсыздык менен күтүп жатышкан чагы. Айрым эксперттер бул чемпиондук эки футболчунун тирешине чекит коёт деп боолголойт. Роналду англиялык журналист Пирс Морганга берген маегинде Месси тууралуу: “Лионель экөөбүздүн мамилебиз жакшы. Биз дос эмеспиз, бирок аны мен тууралуу айткандары үчүн сыйлайм. Ал футбол үчүн чоң иштерди жасады”,- деп айтканы бар. Эки футбол жылдызы жакында эле “Louis Vuitton” брэндинин жарнамалык фотосессиясына чогуу тартылып, экөө тең баракчаларына “Жеңиш – бул жан дүйнөнүн абалы” деген пост чыгарышкан. Бул чемпиондукта кимисине ийгилик жылмаят, убакыт көрсөтөт...

КАТАРЛЫКТАР КАТАРДАГЫ ОЮН КӨРСӨТҮШТҮ

Чемпиондук баштала электе “катарлык бизнесмендер биринчи оюнда катарлыктарга атайын утулуп берүү үчүн атаандашы – эквадорлук 8 оюнчуну 7,4 миллион долларга сатып алышты” деген маалымат тараган. Айгай салгандардын шектенүүсү оюн башталганда суу кечпей калды. Эквадорлуктар катарлыктардан алда канча ишенимдүү жана таамай чабуулдарды жасап үй ээлеринин шайын оодарды. Стадиондо отурган айрым катарлык күйөрмандар оюн бүтө электе ордуларынан туруп кетип жатышты. Катардыкындай каржылык колдоо болсо биздин “Ак шумкарлар” эквадорлуктардын эбин таап, жок дегенде 1 гол киргизмек беле деген ой келет. Чынында, катарлыктар катардагы оюн көрсөтүштү. А тайпасындагы Англия менен Ирандын оюну да көпчүлүктүн көңүлүнө толду. Иран футболчулары эркиндиги үчүн жан үрөп жаткан элине тилектештик билдирип мамлекеттик гимнди аткаруудан баш тартышты. Тажрыйбалуу англиялыктар 6:2 эсебинде утуп, алдыга ишенимдүү жылышты. Бирок ирандыктар азамат, элинин намысы үчүн аягына чейин күрөштү.

ФАВОРИТТЕР КИМДЕР?

Эл аралык эксперттер менен букмекерлердин пикиринде, Бразилия, Аргентина, Франция, Англия, Испания бул жолку Дүйнө чемпиондугунун башкы фавориттери деп эсептелүүдө. Эл аралык алдын ала божомол жүргүзгөн уюмдардын иликтөөсүндө, Бразилия менен Аргентина финалда ойношу мүмкүн. Алсак, Бразилия 1930-жылдан бери бир да Дүйнөлүк чемпиондукту калтырбай катышкан жалгыз команда. Утуп алган кубоктордун саны боюнча да рекорд ээси. Бразилиялыктар 5 жолу Дүйнөлүк чемпиондукту жеңишкен.

ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНДУК ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • Стадиондордо спирт ичимдигин сатууга тыюу салынган, бирок футбол күйөрмандары үчүн атайын эс алуучу зоналарда спирт ичимдигин ичүүгө уруксат.
  • Бул Дүйнөлүк чемпиондук 32 команда катышкан акыркы беттеш. Кийинки турнирлерде 48 команда чыгат.
  • Чемпиондуктун бою эң кыска футболчусу Марокко курамасынын оюнчусу Ильяс Шаир (158 сантиметр), ал эми эң узун оюнчусу голландиялык дарбазачы
    Андрис Нопперт (203 сантиметр).
  • Тарыхта биринчи жолу айымдар Дүйнөлүк чемпиондукта башкы калыс болушат. Алар: Стефани Фраппарт (Франция), Салима Мукансанга (Руанда) жана Ёсими Ямашита (Япония).
  • Эң кымбат курам Англия курамасы, жалпысынан 1,26 миллиард еврону түзөт. Эң арзаны Катар курамасы, анын курамасы 14,9 миллион еврого бааланууда.
  • Эң жаш курама команда Катардыкы, ал биринчи жолу Дүйнөлүк чемпиондукка катышып жатат.
  • Эң жаш оюнчу немис чабуулчусу Юсуф
    Мукоко (18 жашта), ал эми эң улуу оюнчу Мексиканын дарбазачысы Альфредо Талавера (40 жашта).
  • Дүйнөлүк чемпиондукка келгендер арасында тарыхта мыкты бомбардир германиялык Томас Мюллер (10 гол). Ал эми рекордчу анын жердеши Мирослав Клозе болгон (16 гол).
  • 2026-жылдагы Дүйнөлүк чемпиондук АКШ, Канада жана Мексика өлкөлөрүндө өтөт.
  • Орусия футбол курама командасы Украинадагы кырдаалга байланыштуу Дүйнөлүк чемпиондуктан четтетилген. Орустар бул тарыхтагы эң саясатташкан дүйнөлүк чемпиондук деп эсептешет. Ал эми орусиялыктардын тайпадагы атаандаштары Польша, Чехия, Швеция "чемпиондукка катышпай калсак да мейли, орустар менен ойноодон баары бир баш тартмакпыз" дешкен.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан