СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Балбандар АКШдан алты медаль менен кайтышты

Кыргыз балбандары 18-19-ноябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн Билл Фарреллди эскерүү боюнча эл аралык мелдеште алты медаль менен кайтышты.

Грек-рим күрөшү боюнча Атабек Азисбеков алтын, Тынар Шаршенбеков, Мелис Айтбеков күмүш, Калидин Асыкеев коло медалга ээ болду.

Ал эми эркин күрөш боюнча Тайырбек Жумашбек уулу, Орозобек Токтомамбетов алтын медаль тагынды. Белгилей кетсек, Тайырбек Жумашбек уулу турнирдин мыкты балбаны аталды.

Тай боксчулар дүйнө чемпиондугуна катышты

Тай боксу боюнча кыргыз курама командасы 15-22-ноябрь күндөрү Таиландда өткөн Дүйнө чемпиондугуна катышып, жалпы 14 медаль жеңди. Алардын алтоо алтын, бешөө күмүш, үчөө коло.

Кыз-келиндер арасында Фарида Абдуева, Виктория Меликова жана эркектер арасында Никита Цой, Александр Кононенко, кадеттер арасында Тимур Кутанов, Алихан Эргешов Дүйнө чемпиону аталышты. Ошондой эле чоңдор арасында Жаныбек Бейшебек уулу, Александр Вавилов, кадеттер арасында Айдар Каныбеков, Данияр Өмүрбеков жана кыз-келиндер арасында Анжелика Акылбек кызы күмүш медалдын ээси болсо, Дмитрий Макаров, Альберт Бактыбеков, Ильяс Абдулин коло медаль тагынды.

Спортчулар башкы машыктыруучу Сыргак Айталиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан