Исхак Разакулов, 83 жашта: «КӨП ТАРМАКТУУЛУГУ ҮЧҮН «СУПЕР-ИНФОНУ» БААЛАЙМ»

“Супер окурман” рубрикабыздын алкагында алыскы Ак-Талаа аймагынан келген окурманыбыз Исхак Разакуловду кепке тарттык. “Гезитти алып келген күнү эртеңкиге калтырбай бүтүрөйүн деп шашылып окуйм” деген каарманым учурда 83 жашта.

«ИЙ, КУРГУР, МИНТКЕН ТУРБАЙБЫ ДЕП ОКУЯГА КИРИП КЕТЕСИҢ»

– Мен Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын тургунумун. Эмгектин ардагеримин. Буюрса, бир айдан кийин 84 жашка чыгам. Иштеген кеңсеңерди, журналисттерди жеринен көрөйүн деп келдим. Мен өзүм “Супер-Инфону” чыккан жылдан бери карай окуп келе жатам десем болот. Бул гезит Кыргызстандын бардык аймагына жетет эмеспи. Башында өзүм барып алчумун. Азыр Мугалим кызыма почтага “Супер-Инфого” жазылып кой деп айтам. Ал алып келип берет.

Алганда эле саясий жаңылыктар жазылган бетти окуйм. Баланча кызматка дайындалды, түкүнчө кызматтан алынды, соттолду, айтор, көп малыматты ушул беттен окуп алам. Кыздарым “чоң телефон алып берели, ошондон жаңылыктарды карап турсаң болот” дешет. Мен ага кызыкпайм дагы, анын үстүнө ага алымсынбайм да. Мага жыйынтыктуу эле жаңылыктарды кагаз бетинен окуган жагат. Макалаларды ар тараптуу кылып, курч жазганыңарды жактырам. Турмуштун жакшы да, жаман да жактарын бир эле учурда камтып жатпайсыңарбы. Мисалы, “Жүрөк сыры” дегенди эле айтайын, бирөөнүн кыйналган турмушун кадимкидей чагылдырганыңарга таң калып, таасирленесиң. Ал жакка ар кандай таасирдүү окуялар жазылып келе жатпайбы. “Ий, кургур, минткен турбайбы” деп окуяга сүңгүп кирип кетесиң.

«ҮЙДӨГҮЛӨРГӨ ГЕЗИТТЕРИМЕ КОЛ ТИЙГИЗБЕГИЛЕ ДЕЙМ»

– Гезиттин ар бир санын чогултуп келе жатам. Чогулткан жакшы да, керек учурда алып чыга коёсуң. Кээде түн ортосунда деле алып чыгып гезит карайм. Болгон эрмегим ушул. Үйдөгүлөргө алып келген гезиттеримди тытмак турсун, кол тийгизбегиле деп айтам. Бишкекте жүргөндө окуган сандарды чогултуп, Ак-Талаага кетип жатканда ала кетем. Көтөрүп жүрүү, албетте, оор. Бирок алып барбай койсом, чогултуп жаткан гезиттин сандары үзүлүп калат да. Айылга өзүнчө көтөрүп барсам “бул эмне?” деп сурашат балдар. “Бул гезит, тийбегиле” десем, “убара болуп эмне көтөрүп келдиңиз, ошол жакка эле коюп койбойсузбу, кайра барат элеңиз да” деп калышат. Балдар “үйдүн баарын “Супер-Инфо” басып кетти” дешсе, “ай, бизди жашатып жаткан “Супер” да” деп күлүп калам.

«ЭРТЕҢКИГЕ КАЛТЫРБАЙЫН ДЕП ШАШЫЛЫП ОКУЙМ»

– Эс-тутумум күчтүү, кайсы санында кандай макала жазылганын билем. Мисалы, быйыл жазында огородго жашылча тигиш керек болуп калганда “Супер-Инфонун” ошол жаатта кеңеш жазылган санын таап чыгып пайдаландым. Чарбачылыкка байланыштуу кеңештерди турмушта колдоном. Ырчылардын ар кандай таржымалы, жаңылыктары дагы кызык. “Аа, бул минткен турбайбы” деп кызыгып окуп кете бересиң. Ушундай көп тармактуулугу үчүн “Супер-Инфону” баалайм. Гезитти алып келген күнү эртеңкиге калтырбай бүтүрөйүн деп шашылып окуйм. Ал эми сериалдарды гезиттин бир нече санын чогултуп туруп анан окуйм.

Гезит жакшы чыгып жатат. Тилегим, гезит ушундай бойдон үзгүлтүккө учурабай чыгып турса дейт элем. Азыр интернет деп эле жатышпайбы, анткен күндө деле өлкөдө жок дегенде бир көзгө басар гезит болушу шарт. Силердин ишиңерге ийгилик каалайм. Окурмандарыңарды жакшы макалаларыңар менен кубанта бергиле.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан