Жылдыз Деркембаева, Айдана Деканын апасы: «ДОСТОРУ ОЙНОП ЖҮРГӨНДӨ АЙДАНА ИЙРИМГЕ ЖӨНӨЧҮ»

Кыргыз эстрадасында Айдана Дека деген жарык жылдызды ким тааныбайт? Ушундай таланттуу инсанды жарыкка алып келип, тарбиялап-өстүргөн эне – Жылдыз Деркембаева менен маектештик. Тыкылдаган тың, эмгекчил Айдана Дека бала кезинде кандай эле? Ыр, бийге кызыгуусу кантип ойгонгон? Баарын Жылдыз айымдын оозунан угалы.

“АЙДАНА КИЧИНЕСИНДЕ ЭЛЕ ЫР ЖАНДУУ БОЛЧУ”

– Айданам 1996-жылы 5-октябрда төрөлгөн. Эсимде, ишемби күн болчу. УЗИден кыз болорун билгенде абдан кубангам. Колума алгандан кийин таптакыр башка эмоцияларды сездим. Кыз деген эне үчүн аяр, өзгөчө жан да. Төрөлгөндөн тартып менин сүйүүмө бөлөнүп чоңойду. Айдана буту баса элек кезинде эле музыка укса бийлеп баштачу. Бирөөнүн ырдап жатканын угуп калса, тили чыга элек болсо да үн чыгарып кошточу. Кичинесинен ыр жандуу болду. Өзүм да музыкага жакынмын, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүргөм. Кыялымда ырчы болсом дечүмүн. Турмушка эрте чыккандыгыма байланыштуу чыгармачылыкка кирише албадым. Кийин эки баламдын жөндөмүн байкап, алардын чыгармачыл инсан болуусуна болгон күч-аракетимди жумшадым. Айдана 7 жашында атасы менен эки ажырым жолго түштүк. 2000-жылдардагы каатчылыкка карабай Айдананы пантомимага бердим. Андан кийин бий, хор, вокал, фортепиано, айтор, ар кандай ийримдерге барып жүрдү. Кызымдын каалоосу күч болчу. “Бул жакка баргым келет” деп өзү айтчу. 11 жашында теледолбоорго катышты. Бир күнү “апа, бул жакта ушундай сынак болот экен, катышайынчы” деп ошол долбоор жөнүндө өзү билип келиптир. Макул деп даярдап алып бардым. Ал жактан дагы жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, байгелүү орунга ээ болгон. Камера алдында иштегенин көрүп “тим эле үйрөтүп койгондой” деп режиссёрлор баа беришкен.

“БАЛА БАКЧАДА ХОРЕОГРАФ БОЛУП ИШТЕП ЖҮРДҮ”

– Бийге барып жүргөндө сахнада бийлейм деп калды. Ал учурда Канат ырдап жүргөн кез болчу. “Береке” бий ансамблине алып барып киргизди. “Арткы катарда бийлебешим керек” деп жатып, жакшы бийлегенди үйрөнүп, алдынкы катарда бийлеп калды. Анан “концерттик топто бийлейм” деп атактуу ырчылардын концертинде сахнада бийлеп жүрдү. Ушул учурда клиптерге дагы тартыла баштаган. 9-классты бүткөндөн кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырттым. Өзүм үйдүн эркеси болуп чоңоюп, жашоодо көп кыйналдым. Мендей болуп кыйналбасын деп Айдананы өз алдынчалыкка, өз жанына тың болууга, максат коё билгенге тарбияладым. 1-курсту бүткөндө жайкы каникулда иштегенди, адамдар менен тил табышканды үйрөн деп кафеге официант кылып киргиздим. “Сенин акчаңдын кереги жок, эң негизгиси акча кайдан келерин, эл менен иштешкенди үйрөн” дедим. Абдан аракет кылып иштеп, ал жакта да өзүн көрсөтө алды. Тапкан акчасына белек алып келип мени кубандырган. Кичинесинен эле жаркылдап маанайды ачкан күндөй болгон кыз. Эмгекке бышсын дегеним менен, кыз киши конок деп үй оокатын такыр жасаткан жокмун. Убактысын ийримдерге, өзүн өнүктүрүүгө, сабактарга арнады. Кийинчерээк бала бакчада хореограф болуп да иштеп жүрдү. Ал жактан тапкан акчасын чыгармачылыгына жумшай баштады. Бала бакчадан топтогон тажрыйбасы кийин өзүнүн студиясын ачканда чоң жардамын тийгизди.

“ЧОҢ САХНАДА АВАЗ МЕНЕН ДУЭТ ЫРДАП ТУШООСУ КЕСИЛДИ”

– Ырчылык сапары Аваз менен дуэт ырдагандан башталды. Бир жолу “Аваз Акимов деген ырчы дуэт жаздыралы деп жатат” деди. Уксак жакшы ыр экен, жаздырып ырдап көргүлө дегем. Көрсө, Аваз ошондо эле кызыма көз салып жүрүптүр. Экөө дуэт жаздырып ырдашты, ыр жакшы кабыл алынып, ага клип тарттырышты. Ошол учурда Аваз жеке концертин берип, Айдананын чоң сахнада Аваз менен дуэт ырдап тушоосу кесилди. Андан кийин Алина Жетигенова эжекесинен уруксат сурап “Кыздын сыры” ырын жаздырды. Ошентип чыгармачылыгы уланып кетти.

“МЕНИН СӨЗҮМДҮ ЭКИ КЫЛГАН ЖОК”

– Өткөөл куракка келгенде “кызым, дискотека, клуб дегендерге барбайсың, мектептеги кечелерге кечки саат тогузга чейин гана уруксат берем” деп бир эле жолу эскерттим. Кайра мени кайталаткан жок. Кичинесинен эле тил алчаак, эмгекчил. Достору эшикте ойноп жүрсө, бул бийге жөнөчү. Кийин бир маегинде “апамдын айтканы мен үчүн мыйзам болчу” деп айтыптыр. Мага ушундай кыз болуп бергени үчүн кызыма абдан ыраазымын.

Айдана менден эч нерсесин жашырчу эмес. Бир күнү Аваз сөз айтып жатат деп келди. “Азыр чыгармачылыгыңды ойлошуң керек” десем, “ал дагы мага жагат” деп калды. “Анда мени менен жолуктурчу” дедим, жолуктук. Ага “дос катары болуп, бири-бириңерге тирек болгула” деп айттым. Аваз маңдайы жарык, оюнда кири жок жакшы жигит. Ошондон бери кызыма кылган жакшы мамилесин, сый-урматын, бир гана жакшы жактарын көрүп келе жатабыз. Авазды ошол кезде эле өз баламдай жакшы көрчүмүн, гастролго чыгабыз дегенде “коргоп, жакшы кара” деп жоопкерчилигин Авазга тапшырчумун. Экөө 4 жарым жыл сүйлөшүп баш кошушту. Кызды күйөөгө берген чынында кыйын экен. Айдана шаарда жашаса деле турмушка чыккандан кийин жарым жылдай сагынып, куса болуп жүрбөдүмбү. Уктап жатканда бөлмөсүнө кирип бетинен өөп, үстүн жаап койчумун да. Бөлмөсү бош болуп калганына көнбөй жүрдүм. Чыккан кыз чийден тышкары дейт эмеспи. Айдана менен бат-баттан эле жөнү жок жолуга бербейбиз. “Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт деген кепке калба” деп башта эле айткам.

Айданага тамак жасатып, үй оокатын жасаткан эмесмин да. Өзгөнгө келин болуп кетип жатканда кантер экен деп ойлондум. Айданага “чарчадым дебе, эрте тур, колуңдан келген иштин баарын жасай бер, маңдайың жарык болсун” дедим. Кызым мени уят кылган жок, аракет кылып келиндик турмушту дагы жакшы өздөштүрүп кетти. Жаманын жашырып, жакшысын арттырып, мактап-жактап кыз кылып алганы үчүн кудагыйыма абдан ыраазымын. Азыр эки неберемди сонун кылып чоңойтуп жатат. Бири кудагыйыма, бири мага окшош (күлүп).

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tiken
2022-11-29 01:51:00
Айданага эн сонун тарбия бергенсиз! Аваз уйлонгондо ойлогом, шаардык Кыз айылдык баланы жыргатпайт, Аны кылбайм, муну билбейм деп обу жоктонсо керек дегем. Жок, тескерисинче Айдана мыкты жар,ыймандуу, акыл-эстуу Кыз болду. Албетте Буга ата-энесинин татыктуу тарбиясы тиешелуу. Акылдуу энеден акылдуу Кыз тарбияланат!!!
0
№ 1042, 25-ноябрь-1-декабрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан